Difference between revisions of "АК-БУУРА"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
180-227>KadyrM |
(Айырма жок)
|
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
– Кара‑Суу ж‑а Ноокат р‑нун аймактары аркылуу аккан суу, Кара‑Дарыянын сол куймасы. Уз. 136 км, алабынын аянты 2540 км2. Алай кырка тоосунун түн. капталынан башталып, Ак‑Буура капчыгайы аркылуу агат. Жогорку агымы Кичи Алай, ортонкусу Турук деп аталат. А.-Б. Ош ш. аркылуу агып өтөт. Куймалары: Челкилдек, Кырк‑Кечүү, Талды‑Булак, Кош‑Мойнок (оң), Жиптик‑Суу, Чугам, ТалдыБулак (сол). Апрелде кирип, сентябрда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 21,4 м3/сек; байкалган эң көп чыгымы – 331 м3/сек (03. 06. 53), эң азы – 6,25 м3/сек. Негизинен сугатка пайдаланылат. Ош ш‑н суу м‑н камсыз кылат. Боюнда Төлөйкөн, Турук, Папан ж. б. кыштактар бар.