Difference between revisions of "АКАДЕМИЯЛЫК ЭРКИНДИК"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
180-227>KadyrM
(Айырма жок)

15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

– жогорку окуу жайларындагы профессорлордун жетекчилигин­де өзүн өзү башкаруу, жүргүзүлгөн окутуу про­граммаларын аныктоо ж‑а ички тартиптер б‑ча укуктар; билим берүү ж‑а ил.-из. жагында инсанга берилген өзгөчө укуктардын ж‑а эркин­диктердин топтому. Профессорлорду ж‑а ректор­лорду шайлоо көз карандысыз, сырткы адм. бий­ликтин кийлигишүүсүз жүрөт. ЖОЖдордун про­фессор‑окутуучулар курамына, ил. кызматкер­лерге ж‑а студенттерге төмөндөгүдөй эркиндик­тер берилет: предметтик окуу пландарды өзүнүн тажрыйбасы, көз карашы б‑ча түзүү; ил.-из. темаларын тандоо; аларды өзүнүн ыкмалары­нын негизинде жүргүзүү; студенттин өзүнүн жөн­дөмдүүлүгүнө ж‑а муктаждыгына ылайык би­лим алуусу.