Difference between revisions of "АК-ӨЛӨҢ СИЕНИТ КЕНИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
180-227>KadyrM
180-227>KadyrM
(Айырма жок)

15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

Ысык‑Көл обл‑нун Тоң р‑нунда, Балыкчы ш‑нан 18 км түштүктө, Ак‑Өлөң кыш‑нан 4 км түш.-батыш тарапта, Оттук тоосунун түш. этегинде, деңиз деңг. 1720– 1860 м бийиктикте жайгашкан. 1974‑75‑ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы таш көмүр мезгилинин аягы‑пермь мезгилинде пайда болгон сиенит тоо тектеринен түзүлгөн. Кен ири кристаллдуу сиенит штогунан турат. Штоктун уз. 230 м, туурасы 100–130 м. Ири кристаллдуу сиенит боз, көгүлтүр ж‑а бозомук кызгылт түстө болуп, анортоклаз, биотит, роговой обманка ж. б. минералдардан түзүлгөн. Алардын эң коо­зу ж‑а кубулжуп көрүнгөнү – анортоклаз. Ал башка кристаллдарга караганда бир нече эсе чо­ңураак келип, сиениттин порфир сымал негиз­ги структурасын түзөт. Мында ири кристалл­дар 15‑60%. Алардын уз. 30 см, туурасы 8 смге жетип, жылмаланган таштын бетин караганда күнгө кубулжуп, кооздугу м‑н асылдуулугун арт­тырат. Блоктордун чыгышы 64,7% ти түзөт. Ка­лыңдыгы 40 мм болгон даяр такталардын чы­гышы 9,9 мг3. Уз. 1–2 мге жеткен бышык ж‑а жакшы жылмаланган такталар алынат. Кендин запасы А категориясы б‑ча 356,6 миң м3, В – 595,1 миң м3, Cj- 390,9 миң м3. Алар м­н имараттардын ички ж‑а сырткы дубал бетте­рин каптап кооздосо болот. Ал эми кубулуп турма кооз кристаллдар майда асем буюмдарды жасоого жарактуу.