Difference between revisions of "АКМАТАЛИЕВ Абдылдажан Амантурович"
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
12:49, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
Абдылдажан (15. 1. 1956‑ж. т., Нарын ш.) – адабиятчы, сынчы, филология илимд. доктору (1990), проф. (1991). КРдин илимине эмг. сиң. ишмер (1999), КР УИАнын корр. мүчөсү (2000), КРдин илим ж‑а техника б‑ча мамл. сыйл. эки жолку лауреаты (2000, 2004).
1977‑ж. КМУнун филология ф‑тин бүтүргөн. 1977‑78‑ж. Ош педин‑тунда, 1978‑79‑ж. КМУда окутуучу, 1979‑жылдан КР УИАнын Тил ж‑а ад‑т ин‑тунда кенже, 1983‑жылдан улук, жылдан жетектөөчү ил. кызматкер, 1992 94‑ж. Адабият жана искусство ин‑тунун, 1995жылдан Манас таануу жана көркөм маданияттын улуттук борборунун директору. А‑дин эмгектери манас таанууга, кыргыз фольклористикасына, айрыкча Ч. Айтматовдун чыг‑лыгына арналган. Анын эмгектери адабият таануу илиминде өздөштүрүлө элек жаңы те матикаларды ж‑а проблемаларды изилдеген. Эмгектери орус, казак, англис, француз, кытай, немец, испан, түрк тилдеринде жарыяланган. А‑дин жетектөөсү м‑н кыргыздын бай фольклордук мурастарын камтыган «Эл адабияты» сериясынын 30 томдугу ж‑а «Манас» эпосунун акад. басылышынын (С. Орозбаков ж‑а С. Каралаевдин варианттары б‑ча) 9 томдугу биринчи жолу жарык көрдү. А. түзгөн «Улуу инсандар», «Залкар акындар» сериясында Асан Кайгы, Кетбука, Токтогул ырчы, Калыгул, Арстанбек, Калмурза, Эсенаман, Үмөтаалы, Жеңижок, Солтобай сыяктуу элдик таланттардын чыгармалары бар. «Комуз күүлөрү» аттуу 125тен ашык муз. мурастарды жаздырууга катышкан. А‑дин жетекчилиги м‑н даярдалган «Кыргыз адабиятынын тарыхы» (7 томдук) КРдин К. Тыныстанов атн. мамл. сыйл. (2004) татыган.
Эмг.: Ч. Айтматов жана кыргыз‑казак адабий байланышы. Ф., 1981; Эгиз элдин обону. Ф., 1989; Чыңгыз Айтматов и взаимосвязи литератур. Ф., 1991; Байыркы орток түрк адабиятынын очерки. Б., 2001; Кыргыз фольклору жана тарыхый каармандар. Б., 2002.
А Кадырмамбетова.