Difference between revisions of "АККУЛЬТУРАЦИЯ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
12:49, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
(англ. acculturation, лат. cultura – билим, өнүгүү) – адатта, калктардын маданияттарынын бири‑бирине өз ара таасир этүү процесси; бир элдин маданиятын башка бир элдин бүтүндөй же жарым‑жартылай кабыл алышы. А‑нын төмөндөгүдөй түрлөрү кездешет: 1) жеке адамдардын же топтордун башка маданий чөйрөгө ыкташы; 2) коңшу жашаган түрдүү маданий чөйрөлөрдүн бири‑бирине тийгизген таасири; 3) калкынын саны басымдуу, маданий салттары күчтүү элдин майда элдерге тийгизген таасиринен ал элдин мад‑тынын өзгөрүүсү. А‑нын натыйжасында жаңы улуттар, маданий системалар пайда болгон. Бул процесс байыркы доордон бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жатат. А. айрыкча, улуу геогр. ачылыштардан кийин ургалдуу жүргөн. Мис., Америка континентинин элинин басымдуу бөлүгү А‑нын натыйжасы. «А» термини бара‑бара колдонулбай, анын ордуна «маданий гибриддешүү», «поликультурализм», «маргинализация» ж. б. м‑налмашылууда.
А. Көчкүнов.