Difference between revisions of "АК КАРАГАЙ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
12:49, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
(Abies) – кызыл карагайлар тукумундагы дарак өсүмдүгү. Бийикт. 30‑65 м, сөңгөгүнүн диаметри 2 жге чейин. Кабыгы агыш боз, жыл макай, 300‑350 ж. өсөт. Ийне жалбырактарынын уз. 2‑3 см, жоондугу 0,2‑0,3 см, бир үйлүү өсүмдүк, айрым жыныстуу. Мөмө берүүчү жаш тобурчагы – жашыл, бышканы – күрөң, уз. 10‑16 см. Уругу чоң, уз. 1 сжге чейин. Тобурчагы эрте күздө бышып, уруктары күбүлүп түшөт. Тамыры терең; сөңгөктүү ж‑а бир нече күчтүү өөрчүгөн каптал тамырлары болот. Борб. Европа тоолорунда жапайы түрдө таралган. Кырг‑нда Семенов А. к. Батыш Теңир‑Тоонун реликт ж‑а эндем түрү. Кырг‑ндын Кызыл китебине катталган.