Difference between revisions of "АКВАРЕЛЬ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

12:49, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

(итал. acguerella – суудагы боёк, лат. aqua – суу) – сууга эзилүүчү, оңой жуула турган боёк, о. эле аны м‑н тартылган живопись 
c. Чокморов. Аксакалдардын отурушу.

(адатта желим кошулат). Аны кадимки эле кагазда боёкторду сууда эзип алып, тегерек баштуу же­билге м‑н тартышат. Өтө жука боёлгон катмар­дын жумшактыгы ж‑а тунуктугу А. живописи­нин эң маанилүү, өзгөчө касиети болуп эсепте­лет. Ак боёк ашыкча коюу боёк катары бул жерде колдонулбайт (аны бүт живопись аркы­луу көрүнүп турган кагаздын ак түсү алмашты­рып турат). Мындай сүрөт тартуу техникасы­нын мүмкүнчүлүктөрү абдан кенен, ошону м‑н бирге кыйынчылыктары да бар. Кээ бир жетиш­пей калган жерлерин кайрадан түптамырынан бери оңдоп чыгуу көп учурда бул жерде мүмкүн болбойт. Кээде А. тунук эмес, салыштырмалуу коюу ак боёктор м‑н тартылат, мындай учурда бул материалдын негизги касиети кескин өзгөрөт ж‑а ал гуаштын өзгөчөлүктөрүнө жакындайт. Таза А. 15‑к‑дын башында кеңири пайдаланы­ла баштаган. А. боёгу тунук ж‑а сүрөттүн өңүнүн тазалыгы м‑н айырмаланат. 19‑к‑да көптөгөн өлкөлөрдүн ж‑а атайын сүрөт окуу жайлары­нын сүрөтчүлөрү (Э. Делакруа, О. Домье, П. Гав­рни, А. Менцель, И. Е. Репин, В. И. Суриков, М. А. Врубель) көбүнчө А. жанрына кайры­лышкан. Азыркы мезгилде Россияда А. м‑н С. Н. Андрияна, М. П. Митруч‑Хлебников, А. Д. Шмаринов ж. б. иштешет. Санкт‑Петер­бургда В. Г. Старовдун акварелисттер мектеби, 1998‑ж. акварелисттер коому уюшулуп, жыл сайын эл аралык көргөзмөлөр өткөрүлөт. Кырг­ндын сүрөт иск‑восунда А. жанрына М. Өмүрку­лов («Студенттердин Москвадагы Бүткүл дүй­нөлүк 6‑фестивалынын делегаты»), А. Н. Ми­халев («Тянь‑Шань боюнча» акварель циклде­ри), С. Чокморов («Аксакалдардын отурушу», «Миндаль»), Р. Нудель («Кыргызстан бакчала­ры»), А. Турумбеков («Пейзаж», «Кечки Ленин­град»), о. эле А. Биймурзаев, О. Апсатаров, У. Аку­нов ж. б. кайрылышкан.
Ад.: Акварель. Альбом произведений художников Киргизии. Ф., 1975. М. Карыбекова.