Difference between revisions of "АВСТРАЛИЯ ЗООГЕОГРАФИЯЛЫК ОБЛУСУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 revision imported)
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

11:36, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

 Австралия ж-а ага чектеш аралдарды камтыйт. Ал 5 кичи облустан: Австралия (Австралиянын көпчүлүк бөлүгү, Тасман а.), Папуас (Жаӊы Гвинея ж-а батыш тараптагы аралдар), Жаӊы Зеландия (Жаӊы Зеландия ж-а Окленд, Макзори, Чатем а.), Полинезия (Полинезия, Микронезия ж-а Меланезия а.) ж-а Гавайиден (Гавайи а.) турат. А. з. о-тун эзелтен берки геогр. обочолонуусу, анын аймактарында байыркы ж-а өтө сейрек учуроочу эндемик, өзгөчө жаныбарлар дүйнөсүнүн калыптанышына алып келген. Бул жерде жөнөкөй сүт эмүүчүлөр, а. и. биртешиктүү жумуртка туучулар (өрдөктумшуктар, чүткөрлөр) ж-а баштыкчандар (160ка жакын түрү) басымдуулук кылат. Австралияда бөрсө (кенгуру), баштыкчан кумурскачылар, баштыкчан суусарлар, баштыкчан кашкулактар, баштыкчан жарганаттар, баштыкчан көрчычкандар, вомбаттар, баштыкчан аюу (коала), баштыкчан ибилис ж. б-лар жашайт. Кемирүүчүлөр ж-а жарганаттардан башка чөптүү плаценталуу сүт эмүүчүлөр А. з. о-на адам алып келип, кийин жапайы түргө айланып кеткен (жапайы ко¸н, чочко, түлкү, ит ж. б.). Баштыкчандар Австралияда адатта башка континенттерде чөптүү (плаценттүү) сүт эмүүчүлөр жашагандай жерлерди ээлейт, ошондуктан булардын тиричилик мүнөзү окшош калыптанган. Бул облустагы 700гө жакын куштардын 450дөйү (казуарлар, бейиш кушу, балчылар, кооз куйруктуулар көп, тотукуштар, таажычан көгүчкөндөр, чабакчылар ж. б.) эндемиктер. Сойлоочулардын ‒ жалдуу крокодил, гаттерия, геккондор, жакалуу кескелдирик, тикендүү кескелдириктер, сцинктер кезигет. Жыландардын көбү уулуу, негизинен аспид уруусуна кирет. Тузсуз сууда жашоочулар дын мүнөздүү өкүлү ‒ эки түрдүү демалуучу мүйүзтиш балыгы. Түн. А. з. о-нун (Папуас кичи обл.) жаныбарлар дүйнөсү Инди-Малайя зоогеогр. обл-нун фаунасына окшош.

Ад.: Рептнер В. Г. Общая зоогеография. М., Л., 1936; Бобринский Н. А., Гладков Н. А. География животных, 2-изд. М., 1961, Воронов А. Г. Биогеогра фия. М., 1963.