Difference between revisions of "АДРИАНОПОЛЬ ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ"
Jump to navigation
Jump to search
1 -сап: | 1 -сап: | ||
(1829) Россия м‑н Осмон империясынын ортосундагы согуштун (1828–29) жыйынтыгы м‑н түзүлгөн келишим. 1829‑ж. 2 (14)-сентябрда | (1829) Россия м‑н Осмон империясынын ортосундагы согуштун (1828–29) жыйынтыгы м‑н түзүлгөн келишим. 1829‑ж. 2 (14)-сентябрда Адрианополь (Түркиянын Эдирне ш.) ш‑да 25 жылдык мөөнөт м‑н кол коюлган. Келишим бча Дунайдын Чаты а. м‑н Кара деңиздин бүт Кавказ жак жээги, Кубань д‑нын чатынан Ажариянын түн. чегине чейин, о. эле Ахалкалаки ж‑а Ахалцик чептери чет жакасы м‑н Россияга өткөн; Грузиянын, Имеретиянын, Мегрелиянын ж‑а Эриван, Нахичевань хандыктарынын Россияга кошулушу ырасталган, орустардын ж‑а чет өлкөлөрдүн соода кемелери Босфор м‑н Дарданелл кысыктары аркылуу эркин өтүшүнө Түркия макулдук берген. Дунай княздыктары (Молдавия ж‑а Валахия) автономияга ээ болушкан. А. т. к‑н түзүү м‑н орус дипломатиясы ири жеңишке жетишкен. Ал Кара деңиз боюнда сооданын өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзүп, Закавказьенин негизги аймактарын Россияга кошуп бүткөн; Молдавия, Грекия, Валахия ж‑а Сербия элдери Осмон империясынын эзүүсүнөн бошонгонго объективдүү өбөлгө түзгөн.<br> |
22:37, 12 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
(1829) Россия м‑н Осмон империясынын ортосундагы согуштун (1828–29) жыйынтыгы м‑н түзүлгөн келишим. 1829‑ж. 2 (14)-сентябрда Адрианополь (Түркиянын Эдирне ш.) ш‑да 25 жылдык мөөнөт м‑н кол коюлган. Келишим бча Дунайдын Чаты а. м‑н Кара деңиздин бүт Кавказ жак жээги, Кубань д‑нын чатынан Ажариянын түн. чегине чейин, о. эле Ахалкалаки ж‑а Ахалцик чептери чет жакасы м‑н Россияга өткөн; Грузиянын, Имеретиянын, Мегрелиянын ж‑а Эриван, Нахичевань хандыктарынын Россияга кошулушу ырасталган, орустардын ж‑а чет өлкөлөрдүн соода кемелери Босфор м‑н Дарданелл кысыктары аркылуу эркин өтүшүнө Түркия макулдук берген. Дунай княздыктары (Молдавия ж‑а Валахия) автономияга ээ болушкан. А. т. к‑н түзүү м‑н орус дипломатиясы ири жеңишке жетишкен. Ал Кара деңиз боюнда сооданын өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзүп, Закавказьенин негизги аймактарын Россияга кошуп бүткөн; Молдавия, Грекия, Валахия ж‑а Сербия элдери Осмон империясынын эзүүсүнөн бошонгонго объективдүү өбөлгө түзгөн.