Difference between revisions of "АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУК САЯСАТЫ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
117-179>KadyrM |
(Айырма жок)
|
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
– калкты азык‑түлүктүн бардык түрү м‑н туруктуу камсыз кылууга багытталган экон.-уюштуруучулук, технол. ж‑а социал. иш‑чараларды камтыган мамл. башкы маселелердин бири. 1996‑ж. 17‑ноябрда кабыл алынган Рим декларациясына ылайык Кырг‑н дүйнөлүк коомдоштуктун мүчөсү катары өзүнө «жакырчылыкты, теңсиздикти жоюуга, бардык мезгилде жетишерлик диеталык толук баалуу азык‑түлүккө физ. ж‑а экон. жактан ээ болуу ж‑а аны пайдалана алууну камсыз кылууга багытталган саясат жүргүзүү» милдеттенмесин алган. А.-т. к. с. рынокто тамак‑аш азыктарынын болушун, тамак‑аш азыктары м‑н туруктуу камсыздоону, алардын коопсуз ж‑а алгылыктуу сапатын, калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу өлкөнүн ар бир тургунунун тамак‑аш азыктары м‑н камсыз болушун көздөйт.