Difference between revisions of "АБУ БЕКР КЕЛЕВИ"
Jump to navigation
Jump to search
9-71>KadyrM |
|||
| (7 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АБУ БЕКР КЕЛЕВИ''' (т. ж. белгисиз – 1366) – 1365–66-жылдары Самаркандда болгон сарбадарлардын монголдорго каршы көтөрүлүшүнүн жетекчилеринин бири. Самарканддык кол өнөрчү Могол ханы Ильяс кожонун 1365-жылы ''Мавераннахрга ''жасаган жортуулунда Самарканд эмиринин аскерлери жеңилип, шаардан качып кеткен. Ошондо Самарканддын Абу Бекр Келеви башчылык кылган сарбадарлар (фарсча – дарга баш тоскондор) монголдорго каршы көтөрүлүп, аларды чегинүүгө аргасыз кылган. Самаркандда бийлик сарбедарлардын колуна өтөт. Бирок качып кеткен эмир Хусаин сарбадарларды алдап, көтөрүлүш жетекчилерин, алар <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> бирге Абу Бекр Келевини да даргага асып өлтүртөт да, Самаркандда өз бийлигин кайра калыбына келтирген.<br> | |||
[[Категория:1-Том]] | |||
17:29, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку версиясы
АБУ БЕКР КЕЛЕВИ (т. ж. белгисиз – 1366) – 1365–66-жылдары Самаркандда болгон сарбадарлардын монголдорго каршы көтөрүлүшүнүн жетекчилеринин бири. Самарканддык кол өнөрчү Могол ханы Ильяс кожонун 1365-жылы Мавераннахрга жасаган жортуулунда Самарканд эмиринин аскерлери жеңилип, шаардан качып кеткен. Ошондо Самарканддын Абу Бекр Келеви башчылык кылган сарбадарлар (фарсча – дарга баш тоскондор) монголдорго каршы көтөрүлүп, аларды чегинүүгө аргасыз кылган. Самаркандда бийлик сарбедарлардын колуна өтөт. Бирок качып кеткен эмир Хусаин сарбадарларды алдап, көтөрүлүш жетекчилерин, алар менен бирге Абу Бекр Келевини да даргага асып өлтүртөт да, Самаркандда өз бийлигин кайра калыбына келтирген.