Difference between revisions of "АБДРАЕВ Мукаш"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
9-71>KadyrM
м (→‎top: clean up)

(9 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
Мукаш (5. 5. 1920, Чүй обл., Сокулук р-ну, Чоң-Жар айылы – 1978, Фрунзе ) -
'''АБДРАЕВ''' Мукаш (5. 5. 1920-жыл, Чүй облусу, Сокулук району, Чоң-Жар айылы – 1979-жыл, Фрунзе шаары) композитор, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз ССРинин эл артисти (1974), Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1974).
[[File:АБДРАЕВ18.png | thumb | none]]
[[Файл:М. Абдраев.jpg|left|thumb]]
композитор, Кыргыз ССРинин иск-вого эмг. сиң. ишмери, Кыргыз ССРинин эл арт. (1974), Кыргыз ССРинин Токтогул атн. мамл. сыйл. лауреаты (1974), Кыргыз муз. драма театрындагы студиянын скрипка классында (1933), Москвадагы Ипполитов-Иванов атн. муз. окуу жайында (1935–40) окуган. П. Чайковский атн. Москва консерваториясынын теориялык-композитордук бөлүмүн бүтүргөн (1950). А. жылдан Кырг-н композиторлор союзунун Башкармасынын председатели, 1950-58-ж. М. Күрөңкөев атн. муз. окуу жайында педагог, Кыргыз кыз-келиндер пед. ин-тунун кафедра башчысы (1962-67), Б. Бейшеналиева атн. Кыргыз мамл. иск-во ин-тунун компози

Кыргыз музыкалык драма театрындагы студиянын скрипка классында (1933), Москва шаарындагы Ипполитов-Иванов атындагы музыкалык окуу жайында (1935–1940) окуган. П. Чайковский атындагы Москва консерваториясынын теориялык-композитордук бөлүмүн бүтүргөн (1950). М. Абдраев 1967-жылдан Кыргызстан композиторлор союзу башкармалыгынын төрагасы, 1950–1958-жылдары М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында педагог, Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун кафедра башчысы (1962–1967), Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун композиция кафедрасынын башчысы (1975), профессор (1973). М. Абдраевдин чыгармачылык иши 1940-жылы башталган. Ал өзүнүн талантын бардык музыкалык жанрларда көрсөтө алган. Хор жанрын өнүктүрүүгө да көп көңүл бурган. Хорлору көбүнчө мекен, эмгек, достук, жаштык темаларына арналган («Кыргызстан жөнүндө ыр», «Кыргызстан жаштары» жана башкалар). 200гө жакын лирикалык ырларды («Азгырба, мени алдаба», «Студенткага») чыгарган. Кыргыз музыкасында романс жанрынын өсүшүнө да өз салымын кошкон. Анын «Жалыныңа күйгөмүн», «Сүйгөнүм» жана башкалар кыргыз романстарынын мыкты үлгүлөрүнөн болуп калды. Композитордун балдар үчүн да ырлары («Бешик ыры», «Ой, балапан», «Тынчтыкты мен да сүйөмүн») бар. Анын чыгармачылыгында кантата, оратория, вокалдык-симфониялык поэмалар жана симфониялык музыка негизги орунду ээлейт. «Жаш жүрөктөр» (1953), «Токтогул» (1956), «Олжобай менен Кишимжан» (1963) опералары кыргыз опера өнөрүнүн кенчине айланган. ''А. Малдыбаев, А. Тулеев, А. Аманбаев'' менен бирге «Ким кантти?» комедиясына (1943), А.Түлеев менен бирге «Жапалак Жатпасов», «Курманбек» драмаларына (1944) музыка жазган. Ондогон аспаптык чыгармалары да бар. «Токтогул композитор» (Б. Алагушов менен бирге), «Октябрдын нуру менен» аттуу монографиялык эмгектердин, 6-7-8-класстар үчүн «Ырдоо», «Музыка» аттуу окуу китептеринин автору. Композитордун «Ырлар» (1958), «Менин мекеним» (1968), «Тандалган хорлор» (1970) жана башка обондуу ыр жыйнактары жарык көргөн. М. Абдраев Кыргыз ССР Жогорку Советинин 7-8-шайланышынын депутаты болгон. Эмгек Кызыл Туу жана «Ардак белгиси» ордендери менен сыйланган. Ысымы Бишкек шаарындагы республикалык адистештирилген музыкалык мектеп-интернатка берилген.

''Б. Алагушов.''
ция кафедрасынын башчысы (1975), проф. (1973). А-дин чыг-лык иши 1940-ж. башталган. Ал өзүнүн талантын бардык муз. жанрларда көрсөтө алган. Хор жанрын өнүктүрүүгө да көп көңүл бурган. Хорлору көбүнчө мекен, эмгек, достук, жаштык темаларына арналган (мис., «Кыргызстан жөнүндө ыр», «Кыргызстан жаштары» ж. б.). 200гө жакын лирикалык ырларды («Азгырба, мени алдаба», «Студенткага» ж. б.) чыгарган. А. кыргыз музыкасында романс жанрынын өсүшүнө да өз салымын кошту. Анын «Жалыныңа күйгөмүн», «Сүйгөнүм» ж. б. кыргыз романстарынын мыкты үлгүлөрүнөн болуп калды. Композитордун балдар үчүн да ырлары («Бешик ыры», «Ой, балапан», «Тынчтыкты мен да сүйөмүн» ж. б.) бар. А-дин чыг-лыгында кантата, оратория, вокалдык-симф. поэмалар ж-а симф. музыка негизги орунду ээлейт. Анын «Жаш жүрөктөр» (1953), «Токтогул» (1956), «Олжобай менен Кишимжан» (1963) опералары кыргыз опера өнөрүнүн кенчине айланды. ''А. Малдыбаев, А. Тулеев, А. Аманбаев'' м-н бирге «Ким кантти?» комедиясына (1943), А. Түлеев м-н бирге «Жапалак Жатпасов», «Курманбек» драмаларына (1944) музыка жазган. Ондогон аспаптык чыгармалары да бар. А. «Токтогул композитор» (Б. Алагушов м-н бирге), «Октябрдын нуру менен» аттуу монографиялык эмгектердин, 6-, 7-8-класстар үчүн «Ырдоо», «Музыка» ат туу окуу китептеринин автору. Композитордун «Ырлар» (1958), «Менин мекеним» (1968), «Тандалган хорлор» (1970) ж. б. обондуу ыр жыйнактары жарык көрдү. А. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 7-8-шайланышынын депутаты болгон. Эмгек Кызыл Туу ж-а «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган. А-дин ысымы Биш кек ш-ндагы Респ-калык адистештирилген муз. мектеп-интернатка берилген.

[[Категория:1-Том]]
Ад.: Кыргыз композиторлору. Ф., 1964.

''Б. Алагушов.''

16:28, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АБДРАЕВ Мукаш (5. 5. 1920-жыл, Чүй облусу, Сокулук району, Чоң-Жар айылы – 1979-жыл, Фрунзе шаары) – композитор, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз ССРинин эл артисти (1974), Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1974).

М. Абдраев.jpg

Кыргыз музыкалык драма театрындагы студиянын скрипка классында (1933), Москва шаарындагы Ипполитов-Иванов атындагы музыкалык окуу жайында (1935–1940) окуган. П. Чайковский атындагы Москва консерваториясынын теориялык-композитордук бөлүмүн бүтүргөн (1950). М. Абдраев 1967-жылдан Кыргызстан композиторлор союзу башкармалыгынын төрагасы, 1950–1958-жылдары М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында педагог, Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун кафедра башчысы (1962–1967), Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун композиция кафедрасынын башчысы (1975), профессор (1973). М. Абдраевдин чыгармачылык иши 1940-жылы башталган. Ал өзүнүн талантын бардык музыкалык жанрларда көрсөтө алган. Хор жанрын өнүктүрүүгө да көп көңүл бурган. Хорлору көбүнчө мекен, эмгек, достук, жаштык темаларына арналган («Кыргызстан жөнүндө ыр», «Кыргызстан жаштары» жана башкалар). 200гө жакын лирикалык ырларды («Азгырба, мени алдаба», «Студенткага») чыгарган. Кыргыз музыкасында романс жанрынын өсүшүнө да өз салымын кошкон. Анын «Жалыныңа күйгөмүн», «Сүйгөнүм» жана башкалар кыргыз романстарынын мыкты үлгүлөрүнөн болуп калды. Композитордун балдар үчүн да ырлары («Бешик ыры», «Ой, балапан», «Тынчтыкты мен да сүйөмүн») бар. Анын чыгармачылыгында кантата, оратория, вокалдык-симфониялык поэмалар жана симфониялык музыка негизги орунду ээлейт. «Жаш жүрөктөр» (1953), «Токтогул» (1956), «Олжобай менен Кишимжан» (1963) опералары кыргыз опера өнөрүнүн кенчине айланган. А. Малдыбаев, А. Тулеев, А. Аманбаев менен бирге «Ким кантти?» комедиясына (1943), А.Түлеев менен бирге «Жапалак Жатпасов», «Курманбек» драмаларына (1944) музыка жазган. Ондогон аспаптык чыгармалары да бар. «Токтогул композитор» (Б. Алагушов менен бирге), «Октябрдын нуру менен» аттуу монографиялык эмгектердин, 6-7-8-класстар үчүн «Ырдоо», «Музыка» аттуу окуу китептеринин автору. Композитордун «Ырлар» (1958), «Менин мекеним» (1968), «Тандалган хорлор» (1970) жана башка обондуу ыр жыйнактары жарык көргөн. М. Абдраев Кыргыз ССР Жогорку Советинин 7-8-шайланышынын депутаты болгон. Эмгек Кызыл Туу жана «Ардак белгиси» ордендери менен сыйланган. Ысымы Бишкек шаарындагы республикалык адистештирилген музыкалык мектеп-интернатка берилген.

Б. Алагушов.