Difference between revisions of "БАБАЖЫ КАТЫН КҮМБӨЗҮ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(3 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
о. кылымга (10‒11-к.) таандык археол. эстелик. Казак Респ-нын Жамбыл обл-нун Тараз (мурдагы Жамбыл) ш-нан 18 ''км'' аралыкта ''Айшабүбү'' күмбөзүнүн жанында жайгашкан. Бул көөнө эстеликти алгач 1897-ж. В. А. Каллаур, кийин 1938-ж. А. Н. Бернштам, 1953-ж. Т. К. Басенов изилдеген. Сырткы көрүнүшү төрт чарчы келип, бышкан кыштан тургузулган. Эстеликтин көлөмү 6,8х6,8 ''м,'' бийикт. 5 ''м''; маӊдай жагы м-н эки капталы шооласын чачкан күн сымал оймо-чий мелер м-н бышкан кыштан кооздолуп жасалга ланган. Күмбөздүн төбөсү 8 кырлуу тегерек болуп салынган, ичине кире турган эшиги байыркы көчмөндөр салты б-ча чыгыш жагында. Ага жанаша төбөсү 16 кырлуу келген күмбөз курулган. Мындай күмбөздөр Казакстандагы Көккесене, Жүбанана сыяктуу көөнө эстеликтерден кездешет. Бири-бирине жанаша салынган кош күмбөз эстеликтин узак сакталышына себеп болгон. Күмбөздүн курулушу ошол кездеги курулуш өнөрүнүн өтө жогору даражада болгондугун көрсөтөт. Имараттагы чакан көлөмдөгү арх-лык деталдар кылдаттык м-н пайдаланылган. Б. к. к. сырткы көрүнүшүнүн жөнөкөйлүгү, курулушунун бекемдиги м-н өзгөчөлөнөт.

'''БАБАЖЫ КАТЫН КҮМБӨЗҮ''' орто кылымга (10‒11-кылымдар) таандык археологиялык эстелик. Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Тараз (мурдагы Жамбыл) шаарынан 18 ''километр'' аралыкта ''Айшабүбү'' күмбөзүнүн жанында жайгашкан. Бул көөнө эстеликти алгач 1897-жылы В. А. Каллаур, кийин 1938-жылы А.Н.Бернштам, 1953-жылы Т. К. Басенов изилдеген. Сырткы көрүнүшү төрт чарчы келип, бышкан кыштан тургузулган. Эстеликтин көлөмү 6,8х6,8 ''метр,'' бийиктиги 5 ''метр''; маӊдай жагы менен эки капталы шооласын чачкан күн сымал оймо-чиймелер менен бышкан кыштан кооздолуп жасалгаланган. Күмбөздүн төбөсү 8 кырлуу тегерек болуп салынган, ичине кире турган эшиги байыркы көчмөндөр салты боюнча чыгыш жагында. Ага жанаша төбөсү 16 кырлуу келген күмбөз курулган. Мындай күмбөздөр Казакстандагы Көккесене, Жүбанана сыяктуу көөнө эстеликтерден кездешет. Бири-бирине жанаша салынган кош күмбөз эстеликтин узак сакталышынын себеби болгон. Күмбөздүн курулушу ошол кездеги курулуш өнөрүнүн өтө жогору даражада болгондугун көрсөтөт. Имараттагы чакан көлөмдөгү архитектуралык деталдар кылдаттык менен пайдаланылган. Бабажы катын күмбөзү сырткы көрүнүшүнүн жөнөкөйлүгү, курулушунун бекемдиги менен өзгөчөлөнөт.

[[Категория:1-Том]]

11:05, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

БАБАЖЫ КАТЫН КҮМБӨЗҮ ‒ орто кылымга (10‒11-кылымдар) таандык археологиялык эстелик. Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Тараз (мурдагы Жамбыл) шаарынан 18 километр аралыкта Айшабүбү күмбөзүнүн жанында жайгашкан. Бул көөнө эстеликти алгач 1897-жылы В. А. Каллаур, кийин 1938-жылы А.Н.Бернштам, 1953-жылы Т. К. Басенов изилдеген. Сырткы көрүнүшү төрт чарчы келип, бышкан кыштан тургузулган. Эстеликтин көлөмү 6,8х6,8 метр, бийиктиги 5 метр; маӊдай жагы менен эки капталы шооласын чачкан күн сымал оймо-чиймелер менен бышкан кыштан кооздолуп жасалгаланган. Күмбөздүн төбөсү 8 кырлуу тегерек болуп салынган, ичине кире турган эшиги байыркы көчмөндөр салты боюнча чыгыш жагында. Ага жанаша төбөсү 16 кырлуу келген күмбөз курулган. Мындай күмбөздөр Казакстандагы Көккесене, Жүбанана сыяктуу көөнө эстеликтерден кездешет. Бири-бирине жанаша салынган кош күмбөз эстеликтин узак сакталышынын себеби болгон. Күмбөздүн курулушу ошол кездеги курулуш өнөрүнүн өтө жогору даражада болгондугун көрсөтөт. Имараттагы чакан көлөмдөгү архитектуралык деталдар кылдаттык менен пайдаланылган. Бабажы катын күмбөзү сырткы көрүнүшүнүн жөнөкөйлүгү, курулушунун бекемдиги менен өзгөчөлөнөт.