Difference between revisions of "АХЕМЕНИДДЕР МАМЛЕКЕТИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
''Ахемениддер династиясы''нын өкүлдөрү тарабынан түзүлгөн, б. з. ч. 6‒4-к-да өкүм сүргөн мамлекет. Ирандын азыркы Фарс провинциясын мекендеген перс урууларынын падышасы ''Кир II'' тарабынан негизделген. Б. з. ч. 553-ж. ал мурда баш ийип келген Мидия мамлекетине каршы аттанып, 550-ж. аны каратат. Кийинки жылы байыркы Эламдын борбору ''Сузы'' ш-н, үч жылдан кийин Кичи Азиянын облустары, Лидия падышалыгы, Армения каратылган. 545‒539-ж. аралыгында чыгыш ирандык ж-а о. азиялык өлкөлөр баш ийдирилген. 539-ж. Вавилония, андан соӊ Сирия, Палестина, Финикия кыйратылган. Кирдин уулу Камбиз IIнин тушунда Египет, Нубия ж-а Ливиянын бир бөлүгү каратылган. 519‒512-ж. Дарий I тарабынан Эгей деӊизиндеги аралдарды, Фракия, Македония ж-а Индиянын түн-батышы басып алынган. 6‒к-дын аягына карата мамлекеттин аймагы Чыгыш О. Азия ж-а Инд д-нан батышта Эгей ж-а Жер Ортолук деӊизге чейин, түн. Армян тоосунан түш. Нубияга чейинки аралыкка созулган. Каратылган элдер бир нече жолу перс эзүүсүнө каршы көтөрүлүштөргө чыгышкан. 5-к-дын башында перстер гректер м-н болгон согуштарда бир катар жеӊилүүлөргө учурайт. Жарым кылымга созулган ''грек-перс согуштары'' (500‒449) А. мамлекетинин начарлоосуна алып келген. Б. з. ч. 327-ж. Александр Македонскийдин аскерлеринин соккусу астында кыйраган. Этностук ж-а социалдык курамы б-ча гана эмес, Ахемениддер империясынын аймактарынын өнүгүү деӊгээли да бир кылка болгон эмес.
'''АХЕМЕНИДДЕР МАМЛЕКЕТИ--'''''Ахемениддер династиясы''нын өкүлдөрү тарабынан түзүлгөн, б. з. ч. 6‒4-кылымдарда өкүм сүргөн мамлекет. Ирандын азыркы Фарс провинциясын мекендеген перс урууларынын падышасы ''Кир II'' тарабынан негизделген. Б. з. ч. 553-жылы ал мурда баш ийип келген Мидия мамлекетине каршы аттанып, 550-жылы аны каратат. Кийинки жылы байыркы Эламдын борбору ''Сузы'' шаарын, үч жылдан кийин Кичи Азиянын облустары, Лидия падышалыгы, Армения каратылган. 545‒539-жылдар аралыгында чыгыш ирандык жана орто азиялык өлкөлөр баш ийдирилген. 539-жылы Вавилония, андан соӊ Сирия, Палестина, Финикия кыйратылган. Кирдин уулу Камбиз IIнин тушунда Египет, Нубия жана Ливиянын бир бөлүгү каратылган. 519‒512-жылдары Дарий I тарабынан Эгей деӊизиндеги аралдарды, Фракия, Македония жана Индиянын түн-батышы басып алынган. 6‒кылымдын аягына карата мамлекеттин аймагы Чыгыш Орто Азия жана Инд дарыясынан батышта Эгей жана Жер Ортолук деӊизге чейин, түндүк Армян тоосунан түштүк Нубияга чейинки аралыкка созулган. Каратылган элдер бир нече жолу перс эзүүсүнө каршы көтөрүлүштөргө чыгышкан. 5-кылымдын башында перстер гректер менен болгон согуштарда бир катар жеӊилүүлөргө учурайт. Жарым кылымга созулган ''грек-перс согуштары'' (500‒449) Ахемениддер мамлекетинин начарлоосуна алып келген. Б. з. ч. 327-жылы Александр Македонскийдин аскерлеринин соккусу астында кыйраган. Этностук жана социалдык курамы боюнча гана эмес, Ахемениддер империясынын аймактарынын өнүгүү деӊгээли да бир кылка болгон эмес.
Экон. жактан өнүккөн өлкөлөр (Египет, Финикия, Вавилония, Элам ж-а Кичи Азия) м-н катар анын курамына артта калган Балкан ж. а-ндагы аймактар, көчмөн араб, скиф ж. б. уруулар да кирген. Башкаруу ж-а салык алуу системасын жөнгө салуу үчүн б. з. ч. 519-ж. Дарий I мамлекетти 20 адм.-аймакка — сатрапияга бөлгөн. Аларды башкаруу үчүн дайындалган сатраптар — «падышачылыкты сактоочулар» башкаруу, сот, салык чогултуу иштерин жүргүзүп, сатрапиялардын коопсуздугун камсыз кылышкан. Перс адм. финикиялыктарга, Кичи Азиядагы грек шаарларына автономия беришкен, айрым өлкөлөрдө (Кипр, Финикия, Киликия) жерг. падышалардын династиялык башкаруусун, о. эле арабдардын, колхдордун, сактардын уруу башчыларынын бийлигин калтырып, ички иштерине кийлигишкен эмес. Империянын адм. борбору болгон Сузы ш-нда мамл. башкаруунун борбору аппараты жайгашып, мындан сырткары Персеполь, Вавилон, Экбатан ш. империянын борб. катарында пайдаланылган. Империядагы мамл. иштер арамей тилинде, мындан сырткары расмий документтерди жазуу жерг. элдердин тилдеринде (мис., Египетте кечегипеттик, Персепольдо элам) да жүргүзүлгөн. А. мамлекетинин армиясы (атчан ж-а жөө аскерлер) негизинен перстер ж-а мидиялыктардан турган. Ири жүрүштөргө перстердин кол алдындагы элдер белгилүү санда аскер берүүгө милдеттүү болгон. Деӊиз салгылашуулары финикиялыктардын ж-а Эгей деӊизинин аралдарынын жашоочуларынын жардамы  м-н жүргүзүлгөн. Басып алган аймактарда көтөрүлүштөргө жол бербөө үчүн аскер гарнизондору жайгаштырылган. Ахемениддер доорунда искусствонун, архитектуранын көптөгөн шедеврлери жаралган. Алтындан жасалган асем буюмдар, пил сөөгүнөн жасалган ритондор, темир вазалар ж-а идиштер, лазуриттен жасалган скульптуралык чыгармалар кеӊири тараган. Пасаргада ж-а Персеполдогу падышалык сарайлар перс архитекту расынын көрүнүктүү эстеликтери болуп саналат.

Ад: ''Дьяконов'' М. М. Очерки истории древнего Ирана. М., 1961''; Дандамаев'' М. А., ''Луконин'' В. Г., Культура и экономика древнего Ирана. М., 1980; ''Дандамаев'' М. А. Политическая история Ахеменидской державы. М., 1985.

Экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөр (Египет, Финикия, Вавилония, Элам жана Кичи Азия) менен катар анын курамына артта калган Балкан жарым аралындагы аймактар, көчмөн араб, скиф ж. б. уруулар да кирген. Башкаруу жана салык алуу системасын жөнгө салуу үчүн б. з. ч. 519-жылы Дарий I мамлекетти 20 административдик-аймакка — сатрапияга бөлгөн. Аларды башкаруу үчүн дайындалган сатраптар — «падышачылыкты сактоочулар» башкаруу, сот, салык чогултуу иштерин жүргүзүп, сатрапиялардын коопсуздугун камсыз кылышкан. Перс администрациясы финикиялыктарга, Кичи Азиядагы грек шаарларына автономия беришкен, айрым өлкөлөрдө (Кипр, Финикия, Киликия) жергиликтүү падышалардын династиялык башкаруусун, ошондой эле арабдардын, колхдордун, сактардын уруу башчыларынын бийлигин калтырып, ички иштерине кийлигишкен эмес. Империянын административдик борбору болгон Сузы шаарында мамлекетти башкаруунун борбордук аппараты жайгашып, мындан сырткары Персеполь, Вавилон, Экбатан шаарлары империянын борбору катарында пайдаланылган. Империядагы мамлекеттик иштер арамей тилинде, мындан сырткары расмий документтерди жазуу жергиликтүү  элдердин тилдеринде (мисалы, Египетте кечегипеттик, Персепольдо элам) да жүргүзүлгөн. Ахемениддер мамлекетинин армиясы (атчан жана жөө аскерлер) негизинен перстер жана мидиялыктардан турган. Ири жүрүштөргө перстердин кол алдындагы элдер белгилүү санда аскер берүүгө милдеттүү болгон. Деӊиз салгылашуулары финикиялыктардын жана Эгей деӊизинин аралдарынын жашоочуларынын жардамы  менен жүргүзүлгөн. Басып алган аймактарда көтөрүлүштөргө жол бербөө үчүн аскер гарнизондору жайгаштырылган. Ахемениддер доорунда искусствонун, архитектуранын көптөгөн шедеврлери жаралган. Алтындан жасалган асем буюмдар, пил сөөгүнөн жасалган ритондор, темир вазалар жана идиштер, лазуриттен жасалган скульптуралык чыгармалар кеӊири тараган. Пасаргада жана Персеполдогу падышалык сарайлар перс архитекту расынын көрүнүктүү эстеликтери болуп саналат.

[[Категория:1-Том]]

10:54, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АХЕМЕНИДДЕР МАМЛЕКЕТИ--Ахемениддер династиясынын өкүлдөрү тарабынан түзүлгөн, б. з. ч. 6‒4-кылымдарда өкүм сүргөн мамлекет. Ирандын азыркы Фарс провинциясын мекендеген перс урууларынын падышасы Кир II тарабынан негизделген. Б. з. ч. 553-жылы ал мурда баш ийип келген Мидия мамлекетине каршы аттанып, 550-жылы аны каратат. Кийинки жылы байыркы Эламдын борбору Сузы шаарын, үч жылдан кийин Кичи Азиянын облустары, Лидия падышалыгы, Армения каратылган. 545‒539-жылдар аралыгында чыгыш ирандык жана орто азиялык өлкөлөр баш ийдирилген. 539-жылы Вавилония, андан соӊ Сирия, Палестина, Финикия кыйратылган. Кирдин уулу Камбиз IIнин тушунда Египет, Нубия жана Ливиянын бир бөлүгү каратылган. 519‒512-жылдары Дарий I тарабынан Эгей деӊизиндеги аралдарды, Фракия, Македония жана Индиянын түн-батышы басып алынган. 6‒кылымдын аягына карата мамлекеттин аймагы Чыгыш Орто Азия жана Инд дарыясынан батышта Эгей жана Жер Ортолук деӊизге чейин, түндүк Армян тоосунан түштүк Нубияга чейинки аралыкка созулган. Каратылган элдер бир нече жолу перс эзүүсүнө каршы көтөрүлүштөргө чыгышкан. 5-кылымдын башында перстер гректер менен болгон согуштарда бир катар жеӊилүүлөргө учурайт. Жарым кылымга созулган грек-перс согуштары (500‒449) Ахемениддер мамлекетинин начарлоосуна алып келген. Б. з. ч. 327-жылы Александр Македонскийдин аскерлеринин соккусу астында кыйраган. Этностук жана социалдык курамы боюнча гана эмес, Ахемениддер империясынын аймактарынын өнүгүү деӊгээли да бир кылка болгон эмес.

Экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөр (Египет, Финикия, Вавилония, Элам жана Кичи Азия) менен катар анын курамына артта калган Балкан жарым аралындагы аймактар, көчмөн араб, скиф ж. б. уруулар да кирген. Башкаруу жана салык алуу системасын жөнгө салуу үчүн б. з. ч. 519-жылы Дарий I мамлекетти 20 административдик-аймакка — сатрапияга бөлгөн. Аларды башкаруу үчүн дайындалган сатраптар — «падышачылыкты сактоочулар» башкаруу, сот, салык чогултуу иштерин жүргүзүп, сатрапиялардын коопсуздугун камсыз кылышкан. Перс администрациясы финикиялыктарга, Кичи Азиядагы грек шаарларына автономия беришкен, айрым өлкөлөрдө (Кипр, Финикия, Киликия) жергиликтүү падышалардын династиялык башкаруусун, ошондой эле арабдардын, колхдордун, сактардын уруу башчыларынын бийлигин калтырып, ички иштерине кийлигишкен эмес. Империянын административдик борбору болгон Сузы шаарында мамлекетти башкаруунун борбордук аппараты жайгашып, мындан сырткары Персеполь, Вавилон, Экбатан шаарлары империянын борбору катарында пайдаланылган. Империядагы мамлекеттик иштер арамей тилинде, мындан сырткары расмий документтерди жазуу жергиликтүү элдердин тилдеринде (мисалы, Египетте кечегипеттик, Персепольдо элам) да жүргүзүлгөн. Ахемениддер мамлекетинин армиясы (атчан жана жөө аскерлер) негизинен перстер жана мидиялыктардан турган. Ири жүрүштөргө перстердин кол алдындагы элдер белгилүү санда аскер берүүгө милдеттүү болгон. Деӊиз салгылашуулары финикиялыктардын жана Эгей деӊизинин аралдарынын жашоочуларынын жардамы менен жүргүзүлгөн. Басып алган аймактарда көтөрүлүштөргө жол бербөө үчүн аскер гарнизондору жайгаштырылган. Ахемениддер доорунда искусствонун, архитектуранын көптөгөн шедеврлери жаралган. Алтындан жасалган асем буюмдар, пил сөөгүнөн жасалган ритондор, темир вазалар жана идиштер, лазуриттен жасалган скульптуралык чыгармалар кеӊири тараган. Пасаргада жана Персеполдогу падышалык сарайлар перс архитекту расынын көрүнүктүү эстеликтери болуп саналат.
Ад: Дьяконов М. М. Очерки истории древнего Ирана. М., 1961; Дандамаев М. А., Луконин В. Г., Культура и экономика древнего Ирана. М., 1980; Дандамаев М. А. Политическая история Ахеменидской державы. М., 1985.