Difference between revisions of "АХМЕТОВ ЗАКИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
556-684>KadyrM
м (→‎top: категория кошуу)

(7 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
(4. 5. 1928., Чыгыш Казакстан обл., Улан р-ну, Узун-Булак айылы ‒ 2002) ‒ адабиятчы, филология илимд. доктору (1965), проф. (1966). Казакстан ИАнын корр.-мүчөсү (1975), академик (1983), Казакстан Респ-сынын илимге эмг. сиӊ. ишмери (1978), Казакстан мамл. сыйл. лауреаты (1996), Казакстан ИАнын Валиханов атн. сыйл. лауреаты (1980). Казак мамл. ун-тин (1978) бүтүргөн. Ленинграддагы Чыгыш таануу ин-тунда аспирант (1948‒51), Казакстан кыздар мамл. пед. ин-тунда кафедра башчысы (1951‒75), Казакстан ИАнын М. О. Ауэзов атн. Адабият ж-а өнөр ин-тунда директордун орун басары, директор, Казакстан ИАнын окумуштуу секретары (1975‒84), вице-президенти (1984‒86), Казакстан Жогорку Кеӊешинин депутаты (1985). Фундаменталдуу ил.-изилдөөлөрү казак ад-тынын тарыхы м-н теориясына, азыркы адабият таануудагы жаӊычылдык, көркөмдүк, чеберчилик, поэтикалык адабий байланыштар проблемаларына арналган. Абай таануу, Ауэзов таануу маселелери б-ча ил. монографияларды жазган. Абайдын толук чыгармалар жыйнагын (1954, 1957, 1970, 1995) даярдоого катышкан. Анын редакциясы астында «Адабият таануу терминдеринин сөздүгү» (1996) жарык көрдү. «Өлөӊ сөздүн теориясы» деген монографиясы 1992-ж. Кытайда жарык көргөн. Кыргыз илимпоз кадрларын даярдоодо да зор эмгеги бар.

'''АХМЕТОВ Заки''' (4. 5. 1928-жыл, Чыгыш Казакстан облусу, Улан району, Узун-Булак айылы ‒ 17. 12. 2002-жыл, Алматы шаары) ‒ адабиятчы, филология илимдеринин доктору (1965), профессор (1966). Казакстан Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү (1975), академик (1983), Казакстан Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1978), Казакстан мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1996), Казакстан Илимдер академиясынын Ч. Валиханов атындагы сыйлыгынын лауреаты (1980). Казак мамлекеттик университетин бүтүргөн. Ленинград шаарындагы Чыгыш таануу институтунда аспирант (1948‒1951), Казакстан кыздар мамлекеттик педагогикалык институтунда кафедра башчысы (1951‒1975), Казакстан Илимдер академиясынын М. О. Ауэзов атындагы Адабият жана өнөр институтунда директордун орун басары, директор, Казакстан Илимдер академиясынын окумуштуу секретары (1975‒1984), вице-президенти (1984‒1986), Казакстан Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты (1985). Фундаменталдуу илимий-изилдөөлөрү казак адабиятынын тарыхы менен теориясына, азыркы адабият таануудагы жаӊычылдык, көркөмдүк, чеберчилик, поэтикалык адабий байланыштар проблемаларына арналган. Абай таануу, Ауэзов таануу маселелери боюнча илимий монографияларды жазган. Абайдын толук чыгармалар жыйнагын (1954, 1957, 1970, 1995) даярдоого катышкан. Анын редакциясы астында «Адабият таануу терминдеринин сөздүгү» (1996) жарык көргөн. «Өлөӊ сөздүн теориясы» деген монографиясы 1992-жылы Кытайда жарык көргөн. Кыргыз илимпоз кадрларын даярдоодо да зор эмгеги бар.
Чыг.: Современное развитие и традиции казахской литературы. А.-А. 1978; Поэтика эпопеи «Путь Абая» в свете истории его создания. А.-А., 1984; Роман-эпопея Мухтара Ауэзова. А. 1997.
''Ж. Медералиева.''
Чыг.: Современное развитие и традиции казахской литературы. А.-А. 1978; Поэтика эпопеи «Путь Абая» в свете истории его создания. А.-А., 1984; Роман-эпопея Мухтара Ауэзова. А. 1997.

[[Категория:1-Том]]
''Ж. Медералиева.''

10:55, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АХМЕТОВ Заки (4. 5. 1928-жыл, Чыгыш Казакстан облусу, Улан району, Узун-Булак айылы ‒ 17. 12. 2002-жыл, Алматы шаары) ‒ адабиятчы, филология илимдеринин доктору (1965), профессор (1966). Казакстан Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү (1975), академик (1983), Казакстан Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1978), Казакстан мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1996), Казакстан Илимдер академиясынын Ч. Валиханов атындагы сыйлыгынын лауреаты (1980). Казак мамлекеттик университетин бүтүргөн. Ленинград шаарындагы Чыгыш таануу институтунда аспирант (1948‒1951), Казакстан кыздар мамлекеттик педагогикалык институтунда кафедра башчысы (1951‒1975), Казакстан Илимдер академиясынын М. О. Ауэзов атындагы Адабият жана өнөр институтунда директордун орун басары, директор, Казакстан Илимдер академиясынын окумуштуу секретары (1975‒1984), вице-президенти (1984‒1986), Казакстан Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты (1985). Фундаменталдуу илимий-изилдөөлөрү казак адабиятынын тарыхы менен теориясына, азыркы адабият таануудагы жаӊычылдык, көркөмдүк, чеберчилик, поэтикалык адабий байланыштар проблемаларына арналган. Абай таануу, Ауэзов таануу маселелери боюнча илимий монографияларды жазган. Абайдын толук чыгармалар жыйнагын (1954, 1957, 1970, 1995) даярдоого катышкан. Анын редакциясы астында «Адабият таануу терминдеринин сөздүгү» (1996) жарык көргөн. «Өлөӊ сөздүн теориясы» деген монографиясы 1992-жылы Кытайда жарык көргөн. Кыргыз илимпоз кадрларын даярдоодо да зор эмгеги бар.
Чыг.: Современное развитие и традиции казахской литературы. А.-А. 1978; Поэтика эпопеи «Путь Абая» в свете истории его создания. А.-А., 1984; Роман-эпопея Мухтара Ауэзова. А. 1997.
Ж. Медералиева.