Difference between revisions of "АСКИЗ МАДАНИЯТЫ"
м (→top: категория кошуу) |
|||
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АСКИЗ МАДАНИЯТЫ''' ‒ хакастардын орто кылымдардагы ( | '''АСКИЗ МАДАНИЯТЫ''' ‒ хакастардын орто кылымдардагы (X‒XVII кылымдар) археологиялык маданияты. Байыркы хакас мамлекетинин мезгилинде Иртыштан Байкалга, Ангарадан Монголияга чейинки аймакка тараган. Аскиз дарыясынын жээгиндеги байыркы көрүстөндөрдөн улам аталган. Эстеликтерди 1955-жылы археолог Л.Р.Кызласов изилдеген. Тюхтят маданияты (Кыргыз кагандыгы) аскиз маданиятына негиз болгон. Аскиз маданиятынын эстеликтерине шаарлар, таштан курулган чеп ‒ коргонуучу жайлар, байыркы кыштактар, кыштан тургузулган манихей ибадатканасы (XI‒XII кылымдар), енисей жазуулары (орхон-енисей), өрттөп көмүлгөн адамдын сөөктөрү коюлган таш дөбө-мүрзөлөр жана башкалар кирет, ошондой эле алтын, күмүш <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> кооздолгон темир буюмдар мүнөздүү. XI кылымда аскиз маданияты Чыгыш Европада, <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span> орус мамлекетинде кол өнөрчүлөрдүн <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> соодагерлердин факториясы катары белгилүү болгон. Хакастардын Россияга кошулушу (1598‒1718-жылдар) <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> христиандаштырылышы аскиз маданиятынын хакас маданиятына өзгөрүшүнө түрткү берген. | ||
[[Категория:1-Том]] | [[Категория:1-Том]] | ||
18:12, 18 Июль (Теке) 2025 -га соңку версиясы
АСКИЗ МАДАНИЯТЫ ‒ хакастардын орто кылымдардагы (X‒XVII кылымдар) археологиялык маданияты. Байыркы хакас мамлекетинин мезгилинде Иртыштан Байкалга, Ангарадан Монголияга чейинки аймакка тараган. Аскиз дарыясынын жээгиндеги байыркы көрүстөндөрдөн улам аталган. Эстеликтерди 1955-жылы археолог Л.Р.Кызласов изилдеген. Тюхтят маданияты (Кыргыз кагандыгы) аскиз маданиятына негиз болгон. Аскиз маданиятынын эстеликтерине шаарлар, таштан курулган чеп ‒ коргонуучу жайлар, байыркы кыштактар, кыштан тургузулган манихей ибадатканасы (XI‒XII кылымдар), енисей жазуулары (орхон-енисей), өрттөп көмүлгөн адамдын сөөктөрү коюлган таш дөбө-мүрзөлөр жана башкалар кирет, ошондой эле алтын, күмүш менен кооздолгон темир буюмдар мүнөздүү. XI кылымда аскиз маданияты Чыгыш Европада, анын ичинде орус мамлекетинде кол өнөрчүлөрдүн жана соодагерлердин факториясы катары белгилүү болгон. Хакастардын Россияга кошулушу (1598‒1718-жылдар) жана христиандаштырылышы аскиз маданиятынын хакас маданиятына өзгөрүшүнө түрткү берген.