Difference between revisions of "АВУНКУЛАТ"
м (1 revision imported) |
м (→top: категория кошуу) |
||
(6 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АВУНКУЛАТ''' (лат. avunculus ‒ таяке) ‒ таяке <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> жээндин ортосундагы укуктарды <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> милдеттерди жөнгө салган салт. Авункулаттын пайда болушу энелик уруудан аталык уруу системасына өтүү мезгилине дал келип, таяке-жээндердин тыгыз байланышын, өз ара милдеттенмелерин, ошондой эле адамдын өз энесинин уруусуна жакындыгын мүнөздөп турат. Авункулат боюнча таяке өз жээндеринин жакын коргоочусу, ал эми жээндер таякесинин мүлкүн мурастоого укугу болгон. Таяке өз учурунда жээндерин үйлөндүрүүдө маанилүү роль ойногон. Кыргыздарда эзелтен эле таяке-жээндин мамилеси өзгөчө сыйлуу. Балага жаштайынан эле үч журту: ата журту (атасынын эли), тага журту же тайлары (энесинин төркүндөрү), кайын журту (жубайынын төркүндөрү) болорун айтып келишет. Бала энесинин төркүндөрүн ''таята, таене'', калгандарын улуу-кичүүсүнө карабай ''таяке, таеже,'' таажеӊе, таажезде деп атайт, өзү ''жээн'' болуп эсептелет. Жээндин укугу өзгөчөрөөк болуп, тайларына каалагандай эркелейт. Тыӊ чыкма баланы «эр тайын тартат» деп энесинин төркүндөрүн сыймык <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> аташат. Чоӊ энелеринин, андан аркыларынын төркүндөрү түп таяке деп аталып, алар <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> да туугандык мамиле улантылат. | |||
''А. Жапаров, Ы. Кадыров.'' | ''А. Жапаров, Ы. Кадыров.'' | ||
[[Категория:1-Том]] |
08:19, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АВУНКУЛАТ (лат. avunculus ‒ таяке) ‒ таяке менен жээндин ортосундагы укуктарды жана милдеттерди жөнгө салган салт. Авункулаттын пайда болушу энелик уруудан аталык уруу системасына өтүү мезгилине дал келип, таяке-жээндердин тыгыз байланышын, өз ара милдеттенмелерин, ошондой эле адамдын өз энесинин уруусуна жакындыгын мүнөздөп турат. Авункулат боюнча таяке өз жээндеринин жакын коргоочусу, ал эми жээндер таякесинин мүлкүн мурастоого укугу болгон. Таяке өз учурунда жээндерин үйлөндүрүүдө маанилүү роль ойногон. Кыргыздарда эзелтен эле таяке-жээндин мамилеси өзгөчө сыйлуу. Балага жаштайынан эле үч журту: ата журту (атасынын эли), тага журту же тайлары (энесинин төркүндөрү), кайын журту (жубайынын төркүндөрү) болорун айтып келишет. Бала энесинин төркүндөрүн таята, таене, калгандарын улуу-кичүүсүнө карабай таяке, таеже, таажеӊе, таажезде деп атайт, өзү жээн болуп эсептелет. Жээндин укугу өзгөчөрөөк болуп, тайларына каалагандай эркелейт. Тыӊ чыкма баланы «эр тайын тартат» деп энесинин төркүндөрүн сыймык менен аташат. Чоӊ энелеринин, андан аркыларынын төркүндөрү түп таяке деп аталып, алар менен да туугандык мамиле улантылат.
А. Жапаров, Ы. Кадыров.