Difference between revisions of "АСКИЗ МАДАНИЯТЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
556-684>KadyrM
м (→‎top: категория кошуу)
 
(8 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
  ‒ хакастардын о. кылымдардагы (10‒17-к.) археол. маданияты; Байыркы хакас мамлекетинин мезгилинде Иртыштан Байкалга, Ангарадан Монголияга чейинки аймакка тараган. Аскиз д-нын жээгиндеги байыркы көрүстөндөрдөн улам аталган. Эстеликтерди 1955-ж. археолог. Л. Р. Кызласов изилдеген. Тюхтят мад-ты (Кыргыз кагандыгы) А. мад-на негиз болгон. А. мад-нын эстеликтерине шаарлар, таштан курулган чеп ‒ коргонуучу жайлар, байыркы кыштактар, кыштан тургузулган манихей ибадатканасы (11‒12-к.), енисей жазуулары (орхон-енисей), өрттөп көмүлгөн адамдын сөөктөрү коюлган таш дөбө-мүрзөлөр ж. б. кирет, о. эле алтын, күмүш м-н кооздолгон темир буюмдар мүнөздүү. 11-к-да А. мад-ты Чыгыш Европада, а. и. Орус мамлекетинде кол өнөрчүлөрдүн ж-а соодагерлердин факториясы катары белгилүү болгон. Хакастардын Россияга кошулушу (1598‒1718-ж.) ж-а христиандаштырылышы А. мад-тынын хакас мад-тына өзгөрүшүнө түрткү берген.
'''АСКИЗ МАДАНИЯТЫ''' ‒ хакастардын орто кылымдардагы (10‒17-кылымдар) археологиялык маданияты. Байыркы хакас мамлекетинин мезгилинде Иртыштан Байкалга, Ангарадан Монголияга чейинки аймакка тараган. Аскиз дарыясынын жээгиндеги байыркы көрүстөндөрдөн улам аталган. Эстеликтерди 1955-жылы археолог Л.Р.Кызласов изилдеген. Тюхтят маданияты (Кыргыз кагандыгы) Аскиз маданиятына негиз болгон. Аскиз маданиятынын эстеликтерине шаарлар, таштан курулган чеп ‒ коргонуучу жайлар, байыркы кыштактар, кыштан тургузулган манихей ибадатканасы (11‒12-кылымдар), енисей жазуулары (орхон-енисей), өрттөп көмүлгөн адамдын сөөктөрү коюлган таш дөбө-мүрзөлөр жана башкалар кирет, ошондой эле алтын, күмүш <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> кооздолгон темир буюмдар мүнөздүү. 11-кылымда Аскиз маданияты Чыгыш Европада, <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span> орус мамлекетинде кол өнөрчүлөрдүн <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> соодагерлердин факториясы катары белгилүү болгон. Хакастардын Россияга кошулушу (1598‒1718-жылдар) <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> христиандаштырылышы Аскиз маданиятынын хакас маданиятына өзгөрүшүнө түрткү берген.
 
[[Категория:1-Том]]

10:31, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АСКИЗ МАДАНИЯТЫ ‒ хакастардын орто кылымдардагы (10‒17-кылымдар) археологиялык маданияты. Байыркы хакас мамлекетинин мезгилинде Иртыштан Байкалга, Ангарадан Монголияга чейинки аймакка тараган. Аскиз дарыясынын жээгиндеги байыркы көрүстөндөрдөн улам аталган. Эстеликтерди 1955-жылы археолог Л.Р.Кызласов изилдеген. Тюхтят маданияты (Кыргыз кагандыгы) Аскиз маданиятына негиз болгон. Аскиз маданиятынын эстеликтерине шаарлар, таштан курулган чеп ‒ коргонуучу жайлар, байыркы кыштактар, кыштан тургузулган манихей ибадатканасы (11‒12-кылымдар), енисей жазуулары (орхон-енисей), өрттөп көмүлгөн адамдын сөөктөрү коюлган таш дөбө-мүрзөлөр жана башкалар кирет, ошондой эле алтын, күмүш менен кооздолгон темир буюмдар мүнөздүү. 11-кылымда Аскиз маданияты Чыгыш Европада, анын ичинде орус мамлекетинде кол өнөрчүлөрдүн жана соодагерлердин факториясы катары белгилүү болгон. Хакастардын Россияга кошулушу (1598‒1718-жылдар) жана христиандаштырылышы Аскиз маданиятынын хакас маданиятына өзгөрүшүнө түрткү берген.