Difference between revisions of "АЛА БАКАН"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
(4 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
‒ 1) тамак-аш, идиш-аяк, кийим-кече ж.б. илине турган 2‒3 ''м'' узундуктагы жыгач буюм. А. көп ача-бутактуу, илгич болууга ылайыктуу четин, арча, кайыӊ, тал ж. б. жыгачтардан жасалган. Мындай А-дар боз үйдүн ашканасында болгон. Тамак-аш, идиш-аяк илинген А. чыгданды да жөлөп турган. О. эле көп кырдуу, сайлуу же жумуру түз жыгачтын бир нече жерине жез, темир же күмүш илгичтер чөгөрүлгөн, оймо-чиймелер м-н кооздолуп жасалган А. да колдонулган. Мындай А. кооздук буюм катары жүктүн эки жагына коюлуп, эр жагындагысына эркектердин кийим-кечеси, куралдары, ат жабдык буюмдары; эпчи жагындагысына аялдардын сый кийими, жасалгалары, ж. б. илинген. 2) А. түрүндө жасалган түр, оймо, сайма, терме, чийме. Аларга түшүрүлгөн оюмдардын ар бир ачасынын башы башка түрлөр м-н айкалыштырылган. Мындай оюмдар чырмалып согулган чыгданда, туш кийиз жээктеринде, ала кийизде, тегирич, кылдырооч таарларында кеӊири колдонулган. Бүгүнкү кыргыздын боз үй эмеректеринин ичинде ал сейрек кездешет.
'''АЛА БАКАН''' ‒ 1) тамак-аш, идиш-аяк, кийим-кече ж.б. илине турган 2‒3 ''м'' узундуктагы жыгач буюм. Ала бакан көп ача-бутактуу, илгич болууга ылайыктуу четин, арча, кайыӊ, тал ж. б. жыгачтардан жасалган. Мындай ала бакандар боз үйдүн ашканасында болгон. Тамак-аш, идиш-аяк илинген ала бакан  чыгданды да жөлөп турган. Ошондой  эле көп кырдуу, сайлуу же жумуру түз жыгачтын бир нече жерине жез, темир же күмүш илгичтер чөгөрүлгөн, оймо-чиймелер <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> кооздолуп жасалган ала бакан да колдонулган. Мындай ала бакан кооздук буюм катары жүктүн эки жагына коюлуп, эр жагындагысына эркектердин кийим-кечеси, куралдары, ат жабдык буюмдары; эпчи жагындагысына аялдардын сый кийими, жасалгалары, ж. б. илинген. 2) Ала бакан  түрүндө жасалган түр, оймо, сайма, терме, чийме. Аларга түшүрүлгөн оюмдардын ар бир ачасынын башы башка түрлөр <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> айкалыштырылган. Мындай оюмдар чырмалып согулган чыгданда, туш кийиз жээктеринде, ала кийизде, тегирич, кылдырооч таарларында кеӊири колдонулган. Бүгүнкү кыргыздын боз үй эмеректеринин ичинде ал сейрек кездешет.
[[File:АЛА БАКАН17.png | thumb | none]]
[[File:АЛА БАКАН17.png | thumb|none]]
[[Категория:1-Том]]

09:10, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЛА БАКАН ‒ 1) тамак-аш, идиш-аяк, кийим-кече ж.б. илине турган 2‒3 м узундуктагы жыгач буюм. Ала бакан көп ача-бутактуу, илгич болууга ылайыктуу четин, арча, кайыӊ, тал ж. б. жыгачтардан жасалган. Мындай ала бакандар боз үйдүн ашканасында болгон. Тамак-аш, идиш-аяк илинген ала бакан чыгданды да жөлөп турган. Ошондой эле көп кырдуу, сайлуу же жумуру түз жыгачтын бир нече жерине жез, темир же күмүш илгичтер чөгөрүлгөн, оймо-чиймелер менен кооздолуп жасалган ала бакан да колдонулган. Мындай ала бакан кооздук буюм катары жүктүн эки жагына коюлуп, эр жагындагысына эркектердин кийим-кечеси, куралдары, ат жабдык буюмдары; эпчи жагындагысына аялдардын сый кийими, жасалгалары, ж. б. илинген. 2) Ала бакан түрүндө жасалган түр, оймо, сайма, терме, чийме. Аларга түшүрүлгөн оюмдардын ар бир ачасынын башы башка түрлөр менен айкалыштырылган. Мындай оюмдар чырмалып согулган чыгданда, туш кийиз жээктеринде, ала кийизде, тегирич, кылдырооч таарларында кеӊири колдонулган. Бүгүнкү кыргыздын боз үй эмеректеринин ичинде ал сейрек кездешет.

АЛА БАКАН17.png