Difference between revisions of "АЛАЙ ӨРӨӨНҮ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM

м (→‎top: категория кошуу)

(6 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
Кырг-ндын түштүгүндө. Кеӊдик багытында созулуп жатат. Түндүгүнөн ''Алай'', түштүгүнөн ''Чоӊ Алай кырка тоолору'' , чыгышынан Көк-Суу, батышынан Алай кырка тоосуну н тармактары м-н чектешет. Аянты 8,4 миӊ ''км''2. Уз. 174 ''км, ''туурасы чыгыш бөлүгүндө 27 ''км, ''батышында 3‒7 ''км, ''ортонку бөлүгүндө 40 ''км. ''Деӊиз деӊг. орт. бийикт. 3000 ''м, ''эӊ бийик жери чыгышында 3536 ''м ''(Тоо-Мурун ашуусу), эӊ жапыз жери батышында 2440 ''м. ''А. ө-нүн рельефинин азыркы турпаты неотектоникалык кыймылдардан ж-а тышкы күчтөрдөн (төртүнчүлүк мезгилдеги муз каптоо, эрозия, үбөлөнүү ж. б.) пайда болгон. Жалпысынан А. ө. батышты карай акырындап жантайган түздүк; ага тектирлүү жайылмалуу өрөөн, тоо этегиндеги шиленди түздүктөр, мореналык дөбө-дөӊсөөлөр («төөкарындар»), чуӊкурчактар мүнөздүү. Өрөөндү караган Чоӊ Алай кырка тоосунун түн. капталынын жазылыгы 25 ''км, ''жантаюусу 23‒25°; орт. бийикт. 6000 ''м, ''эӊ бийик жери 7134 ''м ''(Ленин атн. чоку). Капталдарында тереӊ, тепши сымал мөӊгүлүү өрөөндөр көп. Ал эми өрөөндү түндүгүнөн чектеген Алай кырка тоосу Чоӊ Алайга караганда 1500‒2000 ''км''ге жапыз; өрөөндүн таманынан салыштырмалуу бийикт. 1200‒2000''м; ''өрөөндү караган түш. капталы кыска
'''АЛАЙ ӨРӨӨНҮ''' Кыргызстандын түштүгүндө. Кеӊдик багытында созулуп жатат. Түндүгүнөн ''Алай'', түштүгүнөн ''Чоӊ Алай кырка тоолору'', чыгышынан Көк-Суу, батышынан Алай кырка тоосунун тармактары менен чектешет. Аянты 8,4 миӊ ''км''2. Узундугу 174 ''км, ''туурасы чыгыш бөлүгүндө 27 ''км, ''батышында 3‒7 ''км, ''ортонку бөлүгүндө 40 ''км. ''Деӊиз деӊгээлинен орточо бийиктиги 3000 ''м, ''эӊ бийик жери чыгышында 3536 ''м ''(Тоо-Мурун ашуусу), эӊ жапыз жери батышында 2440 ''м. ''Алай өрөөнүнүн рельефинин азыркы турпаты неотектоникалык кыймылдардан жана тышкы күчтөрдөн (төртүнчүлүк мезгилдеги муз каптоо, эрозия, үбөлөнүү ж. б.) пайда болгон. Жалпысынан Алай өрөөнү батышты карай акырындап жантайган түздүк; ага тектирлүү жайылмалуу өрөөн, тоо этегиндеги шиленди түздүктөр, мореналык дөбө-дөӊсөөлөр («төө карындар»), чуӊкурчактар мүнөздүү. Өрөөндү караган Чоӊ Алай кырка тоосунун түндүк капталынын жазылыгы 25 ''км, ''жантаюусу 23‒25°; орточо бийиктиги 6000 ''м, ''эӊ бийик жери 7134 ''м ''(Ленин атындагы чоку). Капталдарында тереӊ, тепши сымал мөӊгүлүү өрөөндөр көп. Ал эми өрөөндү түндүгүнөн чектеген Алай кырка тоосу Чоӊ Алайга караганда 1500‒2000 ''км''ге жапыз; өрөөндүн таманынан салыштырмалуу бийиктиги 1200‒2000 ''м; ''өрөөндү караган түштүк капталы кыска (4‒15 ''км) ''жана тик. Алай
[[File:АЛАЙ ӨРӨӨНү23.png | thumb | none]]
[[File:АЛАЙ ӨРӨӨНү23.png | thumb|none]]
(4‒15 ''км) ''ж-а тик. А. ө. калыӊдыгы 700‒800''м''ге жеткен байыркы ж-а азыркы аллювий-про лювий ж-а гляциалдык тектерге толгон. Өрөөндүн түш. капталдары мезозой м-н кайнозой тектеринин калыӊ катмарынан, айрым жерлери бор ж-а неогендин кызыл, кызгылт-күрөӊ түстөгү кум-шагылдуу конгломераттарынан, дарыя өрөөндөрү палеоген (кум, мергель, чополуу сланец) м-н неогендин (кызыл түстүү кумдук, конгломерат) тектеринен турат. Өрөөндүн түн. капталдары палеозойдогу бүктөлүүгө дуушарланган деӊиз чөкмөлөрүнөн, силурдун кумдук, сланец; девондун акиташ теги, сланец, кумдук; карбондун конгломерат тектеринен түзүлгөн. Кенбайлыктары: көмүр, күйүүчү сланец, таштуз, курулуш материалдары ж. б. Климаты О. Азия аба массасынын циркуляциясы м-н тыгыз байланышта. Өрөөндү курчаган бийик тоолор аба массаларынын эркин өтүшүнө тоскоол болуп тургандыктан түн., түн.-батыш тан соккон муздак аба массасы жаз, жай айларында Чоӊ Алай кырка тоосунун түн. капталдарына, түштүгүнөн сейрек соккон жылуу аба кышында Алай кырка тоосунун түш.-батыш капталдарына арбын жаан-чачын алып келет. Өрөөндүн этек бөлүктөрү кургакчыл. Жалпысынан А. ө-нүн климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы өрөөндүн чыгышында ‒17,5°С, батышында ‒14,4°С, июлдуку чыгышында 9,2°С, батышында 15,3°С. Жаан-чачыны чыгышында 346 ''мм, ''батышында 271 ''мм''. Өрөөн аркылуу чыгыштан батышка Кызыл-Суу д. агып өтөт. Байыркы мореналардын арасындагы чуӊкурларда майда көлдөр көп (Орто-Чукур, Боока-Чукур, Корумду-Чукур). Өрөөн жер астындагы сууларга да бай. Агыш күрөӊ, коӊур каралжын, тоо шалбаа, чымдак, аллювий топурагы басымдуу. Физ. геогр. шартына жараша (түш. тарабынан тоолор м-н курчалып, деӊиз деӊг. бийик абалы, Памир м-н Теӊир-Тоонун чегинде жатышы) Алайдын өсүмдүктөрү да айланасындагы аймактардан өзгөчөлөнүп турат. Өрөөндүн таманынын чөл өсүмдүктөрү батыштан чыгышты карай та
өрөөнүнүн калыӊдыгы 700‒800 ''м''ге жеткен байыркы жана азыркы аллювий-пролювий жана гляциалдык тектерге толгон. Өрөөндүн түштүк капталдары мезозой менен кайнозой тектеринин калыӊ катмарынан, айрым жерлери бор жана неогендин кызыл, кызгылт-күрөӊ түстөгү кум-шагылдуу конгломераттарынан, дарыя өрөөндөрү палеоген (кум, мергель, чополуу сланец) менен неогендин (кызыл түстүү кумдук, конгломерат) тектеринен турат. Өрөөндүн түндүк капталдары палеозойдогу бүктөлүүгө дуушарланган деӊиз чөкмөлөрүнөн, силурдун кумдук, сланец; девондун акиташ теги, сланец, кумдук; карбондун конгломерат тектеринен түзүлгөн. Кен байлыктары: көмүр, күйүүчү сланец, таш туз, курулуш материалдары ж. б. Климаты Орто Азия аба массасынын циркуляциясы менен тыгыз байланышта. Өрөөндү курчаган бийик тоолор аба массаларынын эркин өтүшүнө тоскоол болуп тургандыктан түндүк, түндүк-батыштан соккон муздак аба массасы жаз, жай айларында Чоӊ Алай кырка тоосунун түндүк капталдарына, түштүгүнөн сейрек соккон жылуу аба кышында Алай кырка тоосунун түштүк-батыш капталдарына арбын жаан-чачын алып келет. Өрөөндүн этек бөлүктөрү кургакчыл. Жалпысынан Алай өрөөнүнүн климаты континенттик. Январдын орточо температурасы өрөөндүн чыгышында ‒17,5°С, батышында ‒14,4°С, июлдуку чыгышында 9,2°С, батышында 15,3°С. Жаан-чачыны чыгышында 346 ''мм, ''батышында 271 ''мм''. Өрөөн аркылуу чыгыштан батышка Кызыл-Суу дарыясы агып өтөт. Байыркы мореналардын арасындагы чуӊкурларда майда көлдөр көп (Орто-Чукур, Боока-Чукур, Корумду-Чукур). Өрөөн жер астындагы сууларга да бай. Агыш күрөӊ, коӊур каралжын, тоо шалбаа, чымдак, аллювий топурагы басымдуу. Физикалык географиялык шартына жараша (түштүк тарабынан тоолор менен курчалып, деӊиз деӊгээлинин бийик абалы, Памир менен Теӊир-Тоонун чегинде жатышы) Алайдын өсүмдүктөрү да айланасындагы аймактардан өзгөчөлөнүп турат. Өрөөндүн таманынын чөл өсүмдүктөрү батыштан чыгышты карай талаа, шалбаалуу талаа менен алмашат. Тоо капталдарына субальп жана альп талаасы, шалбаалуу талаа жана дүӊгөлүү шалбаалуу талаа мүнөздүү. Батыш четинде сейрек арча токою, суу жайылмаларында тал, бака терек, бадал өсүмдүктөрү өсөт. Кыртыш суулары жер бетине жакын жайгашкан аймактарды шалбаалуу саздар ээлейт. Алай өрөөнүнүн мал чарбасында мааниси чоӊ. Анда жайкысын Ош, Баткен облустарынын малдары багылат. Чабынды жерлери да кеӊейүүдө. Өрөөн аркылуу Ош ‒ Хорог автомобиль жолу өтөт. Дароот-Коргон кыштагында 18‒19-кылымдарга таандык чеп (сокмодубал) коргондор, Алтын-Дарадагы мазарларда араб (16-кылым) жазуулары сакталган.
''К. Матикеев.''

лаа, шалбаалуу талаа м-н алмашат. Тоо капталдарына субальп ж-а альп талаасы, шалбаалуу талаа ж-а дүӊгөлүү шалбаалуу талаа мүнөздүү. Батыш четинде сейрек арча токою, суу жайылмаларында тал, бака терек, бадал өсүмдүктөрү өсөт. Кыртыш суулары жер бетине жакын жайгашкан аймактарды шалбаалуу саздар ээлейт. А. ө-нүн мал чарбасында мааниси чоӊ. Анда жайкысын Ош, Баткен обл-нун малдары багылат. Чабынды жерлери да кеӊейүүдө. Өрөөн аркылуу Ош‒Хорог автомобиль жолу өтөт. Дароот-Коргон кыш-нда 18‒19-к-га таандык чеп (сокмодубал) коргондор, Алтын-Дарадагы мазарларда араб (16-к.) жазуулары сакталган.

[[Категория:1-Том]]
''К. Матикеев.''

09:11, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЛАЙ ӨРӨӨНҮ Кыргызстандын түштүгүндө. Кеӊдик багытында созулуп жатат. Түндүгүнөн Алай, түштүгүнөн Чоӊ Алай кырка тоолору, чыгышынан Көк-Суу, батышынан Алай кырка тоосунун тармактары менен чектешет. Аянты 8,4 миӊ км2. Узундугу 174 км, туурасы чыгыш бөлүгүндө 27 км, батышында 3‒7 км, ортонку бөлүгүндө 40 км. Деӊиз деӊгээлинен орточо бийиктиги 3000 м, эӊ бийик жери чыгышында 3536 м (Тоо-Мурун ашуусу), эӊ жапыз жери батышында 2440 м. Алай өрөөнүнүн рельефинин азыркы турпаты неотектоникалык кыймылдардан жана тышкы күчтөрдөн (төртүнчүлүк мезгилдеги муз каптоо, эрозия, үбөлөнүү ж. б.) пайда болгон. Жалпысынан Алай өрөөнү батышты карай акырындап жантайган түздүк; ага тектирлүү жайылмалуу өрөөн, тоо этегиндеги шиленди түздүктөр, мореналык дөбө-дөӊсөөлөр («төө карындар»), чуӊкурчактар мүнөздүү. Өрөөндү караган Чоӊ Алай кырка тоосунун түндүк капталынын жазылыгы 25 км, жантаюусу 23‒25°; орточо бийиктиги 6000 м, эӊ бийик жери 7134 м (Ленин атындагы чоку). Капталдарында тереӊ, тепши сымал мөӊгүлүү өрөөндөр көп. Ал эми өрөөндү түндүгүнөн чектеген Алай кырка тоосу Чоӊ Алайга караганда 1500‒2000 кмге жапыз; өрөөндүн таманынан салыштырмалуу бийиктиги 1200‒2000 м; өрөөндү караган түштүк капталы кыска (4‒15 км) жана тик. Алай

АЛАЙ ӨРӨӨНү23.png

өрөөнүнүн калыӊдыгы 700‒800 мге жеткен байыркы жана азыркы аллювий-пролювий жана гляциалдык тектерге толгон. Өрөөндүн түштүк капталдары мезозой менен кайнозой тектеринин калыӊ катмарынан, айрым жерлери бор жана неогендин кызыл, кызгылт-күрөӊ түстөгү кум-шагылдуу конгломераттарынан, дарыя өрөөндөрү палеоген (кум, мергель, чополуу сланец) менен неогендин (кызыл түстүү кумдук, конгломерат) тектеринен турат. Өрөөндүн түндүк капталдары палеозойдогу бүктөлүүгө дуушарланган деӊиз чөкмөлөрүнөн, силурдун кумдук, сланец; девондун акиташ теги, сланец, кумдук; карбондун конгломерат тектеринен түзүлгөн. Кен байлыктары: көмүр, күйүүчү сланец, таш туз, курулуш материалдары ж. б. Климаты Орто Азия аба массасынын циркуляциясы менен тыгыз байланышта. Өрөөндү курчаган бийик тоолор аба массаларынын эркин өтүшүнө тоскоол болуп тургандыктан түндүк, түндүк-батыштан соккон муздак аба массасы жаз, жай айларында Чоӊ Алай кырка тоосунун түндүк капталдарына, түштүгүнөн сейрек соккон жылуу аба кышында Алай кырка тоосунун түштүк-батыш капталдарына арбын жаан-чачын алып келет. Өрөөндүн этек бөлүктөрү кургакчыл. Жалпысынан Алай өрөөнүнүн климаты континенттик. Январдын орточо температурасы өрөөндүн чыгышында ‒17,5°С, батышында ‒14,4°С, июлдуку чыгышында 9,2°С, батышында 15,3°С. Жаан-чачыны чыгышында 346 мм, батышында 271 мм. Өрөөн аркылуу чыгыштан батышка Кызыл-Суу дарыясы агып өтөт. Байыркы мореналардын арасындагы чуӊкурларда майда көлдөр көп (Орто-Чукур, Боока-Чукур, Корумду-Чукур). Өрөөн жер астындагы сууларга да бай. Агыш күрөӊ, коӊур каралжын, тоо шалбаа, чымдак, аллювий топурагы басымдуу. Физикалык географиялык шартына жараша (түштүк тарабынан тоолор менен курчалып, деӊиз деӊгээлинин бийик абалы, Памир менен Теӊир-Тоонун чегинде жатышы) Алайдын өсүмдүктөрү да айланасындагы аймактардан өзгөчөлөнүп турат. Өрөөндүн таманынын чөл өсүмдүктөрү батыштан чыгышты карай талаа, шалбаалуу талаа менен алмашат. Тоо капталдарына субальп жана альп талаасы, шалбаалуу талаа жана дүӊгөлүү шалбаалуу талаа мүнөздүү. Батыш четинде сейрек арча токою, суу жайылмаларында тал, бака терек, бадал өсүмдүктөрү өсөт. Кыртыш суулары жер бетине жакын жайгашкан аймактарды шалбаалуу саздар ээлейт. Алай өрөөнүнүн мал чарбасында мааниси чоӊ. Анда жайкысын Ош, Баткен облустарынын малдары багылат. Чабынды жерлери да кеӊейүүдө. Өрөөн аркылуу Ош ‒ Хорог автомобиль жолу өтөт. Дароот-Коргон кыштагында 18‒19-кылымдарга таандык чеп (сокмодубал) коргондор, Алтын-Дарадагы мазарларда араб (16-кылым) жазуулары сакталган.
К. Матикеев.