Difference between revisions of "АКМАТАЛИЕВ Абдылдажан Амантурович"
м (→top: категория кошуу) |

(6 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АКМАТАЛИЕВ''' Абдылдажан Амантурович (15. 1. | '''АКМАТАЛИЕВ''' '''Абдылдажан Амантурович''' (15. 1. 1956‑жылы туулган, Нарын шаары) – адабиятчы, сынчы, филология илимдеринин доктору (1990), профессор (1991). Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер (1999), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү (2000), академиги. Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты (2000, 2004). 1977‑жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1977–1978‑жылдары Ош педагогикалык институтунда, 1978–1979‑жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу, 1979‑жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда кенже, 1983‑жылдан улук, 1990-жылдан жетектөөчү илимий кызматкер, 1992–1994‑жылдары Адабият жана искусство институтунун, 1995-жылдан Манас таануу жана көркөм маданияттын улуттук борборунун директору. Абдылдажан Акматалиевдин эмгектери манас таанууга, кыргыз фольклористикасына, айрыкча Ч. Айтматовдун чыгармачылыгына арналган. Ал өз эмгектеринде ''адабият таануу'' илиминде өздөштүрүлө элек жаңы тематикаларды жана проблемаларды изилдеген. Эмгектери орус, казак, англис, француз, кытай, немец, испан, түрк тилдеринде жарыяланган. А. Акматалиевдин жетектөөсү менен кыргыздын бай фольклордук мурастарын камтыган «Эл адабияты» сериясынын 30 томдугу жана «Манас» эпосунун академиялык басылышынын (С.Орозбаков жана С. Каралаевдин варианттары боюнча) 9 томдугу биринчи жолу жарык көрдү. А. Акматалиев түзгөн «Улуу инсан­дар», «Залкар акындар» сериясында Асан Кайгы, Кетбука, Токтогул ырчы, Калыгул, Арстанбек, Калмурза, Эсенаман, Үмөтаалы, Жеңижок, Солтобай сыяктуу элдик таланттардын чыгармалары бар. «Комуз күүлөрү» аттуу 125тен ашык музыкалык мурастарды жаздырууга катышкан.[[File:АКМАТАЛИЕВ 147.png | thumb|none]] | ||
А. Акматалиевдин жетекчилиги менен даярдалган «Кыргыз адаби­ятынын тарыхы» (7 томдук) Кыргыз Республикасынын К. Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлыгына (2004) ээ болгон.
Эмг.: Ч. Айтматов жана кыргыз‑казак адабий байланышы. Ф., 1981; Эгиз элдин обону. Ф., 1989; Чыңгыз Айтматов и взаимосвязи литератур. Ф., 1991; Байыркы орток түрк адабиятынын очерки. Б., 2001; Кыргыз фольклору жана тарыхый каармандар. Б., 2002. | |||
''А Кадырмамбетова.'' | ''А Кадырмамбетова.'' | ||
[[Категория:1-Том]] |
09:02, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АКМАТАЛИЕВ Абдылдажан Амантурович (15. 1. 1956‑жылы туулган, Нарын шаары) – адабиятчы, сынчы, филология илимдеринин доктору (1990), профессор (1991). Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер (1999), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү (2000), академиги. Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты (2000, 2004). 1977‑жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1977–1978‑жылдары Ош педагогикалык институтунда, 1978–1979‑жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу, 1979‑жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда кенже, 1983‑жылдан улук, 1990-жылдан жетектөөчү илимий кызматкер, 1992–1994‑жылдары Адабият жана искусство институтунун, 1995-жылдан Манас таануу жана көркөм маданияттын улуттук борборунун директору. Абдылдажан Акматалиевдин эмгектери манас таанууга, кыргыз фольклористикасына, айрыкча Ч. Айтматовдун чыгармачылыгына арналган. Ал өз эмгектеринде адабият таануу илиминде өздөштүрүлө элек жаңы тематикаларды жана проблемаларды изилдеген. Эмгектери орус, казак, англис, француз, кытай, немец, испан, түрк тилдеринде жарыяланган. А. Акматалиевдин жетектөөсү менен кыргыздын бай фольклордук мурастарын камтыган «Эл адабияты» сериясынын 30 томдугу жана «Манас» эпосунун академиялык басылышынын (С.Орозбаков жана С. Каралаевдин варианттары боюнча) 9 томдугу биринчи жолу жарык көрдү. А. Акматалиев түзгөн «Улуу инсандар», «Залкар акындар» сериясында Асан Кайгы, Кетбука, Токтогул ырчы, Калыгул, Арстанбек, Калмурза, Эсенаман, Үмөтаалы, Жеңижок, Солтобай сыяктуу элдик таланттардын чыгармалары бар. «Комуз күүлөрү» аттуу 125тен ашык музыкалык мурастарды жаздырууга катышкан.
А. Акматалиевдин жетекчилиги менен даярдалган «Кыргыз адабиятынын тарыхы» (7 томдук) Кыргыз Республикасынын К. Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлыгына (2004) ээ болгон.
Эмг.: Ч. Айтматов жана кыргыз‑казак адабий байланышы. Ф., 1981; Эгиз элдин обону. Ф., 1989; Чыңгыз Айтматов и взаимосвязи литератур. Ф., 1991; Байыркы орток түрк адабиятынын очерки. Б., 2001; Кыргыз фольклору жана тарыхый каармандар. Б., 2002.
А Кадырмамбетова.