Difference between revisions of "АГРОХИМИЯ КАРТОГРАММАСЫ"
м (→top: категория кошуу) |
|||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АГРОХИМИЯ КАРТОГРАММАСЫ,''' а г р о х и м и я л ы к | '''АГРОХИМИЯ КАРТОГРАММАСЫ,''' а г р о х и м и я л ы к к а р т а ‒ айыл чарбасына жарактуу жерлердин топурагын агрохимиялык изилдөө натыйжаларын чагылдыруучу схемалык карта. Ар бир аймак үчүн атайын түзүлгөн картограмма топурак картасын толуктап, чарбада агротехника ыкмаларын иштеп чыгуу үчүн колдонулат. Ири, орто жана кичине масштабдуу болуп бөлүнөт. Ири масштабдуу картограмманын негизинде айрым талаа үчүн жер семирткичтин түрү жана өлчөмү аныкталып, топуракты акилештирүү же гипстештирүү планы түзүлөт. Агрохимия картограммасы топурактын агрохимиялык касиети 10 ''га ''же андан чоӊ аянттан алынган топурак сынамыгын анализдөө менен аныкталат. Айдоо жер үчүн ирирээк, жайыт, дыӊ, айдалбаган бош жер үчүн кичине масштабда Агрохимия картограммасы түзүлүшү мүмкүн. Кыргызстанда Агрохимия картограммасы мезгил-мезгили <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> жаӊыртылып турат <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> агрохимиялык лаборатория аркылуу ишке ашырылат. | ||
[[Категория:1-Том]] |
08:22, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АГРОХИМИЯ КАРТОГРАММАСЫ, а г р о х и м и я л ы к к а р т а ‒ айыл чарбасына жарактуу жерлердин топурагын агрохимиялык изилдөө натыйжаларын чагылдыруучу схемалык карта. Ар бир аймак үчүн атайын түзүлгөн картограмма топурак картасын толуктап, чарбада агротехника ыкмаларын иштеп чыгуу үчүн колдонулат. Ири, орто жана кичине масштабдуу болуп бөлүнөт. Ири масштабдуу картограмманын негизинде айрым талаа үчүн жер семирткичтин түрү жана өлчөмү аныкталып, топуракты акилештирүү же гипстештирүү планы түзүлөт. Агрохимия картограммасы топурактын агрохимиялык касиети 10 га же андан чоӊ аянттан алынган топурак сынамыгын анализдөө менен аныкталат. Айдоо жер үчүн ирирээк, жайыт, дыӊ, айдалбаган бош жер үчүн кичине масштабда Агрохимия картограммасы түзүлүшү мүмкүн. Кыргызстанда Агрохимия картограммасы мезгил-мезгили менен жаӊыртылып турат жана агрохимиялык лаборатория аркылуу ишке ашырылат.