Difference between revisions of "БАЗАРКУЛОВ Мукаш"
м (→top: категория кошуу) |
|||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''БАЗАРКУЛОВ''' Мукаш (5. 6. 1935 | '''БАЗАРКУЛОВ''' Мукаш (5. 6. 1935, Нарын облусу, Ак-Талаа району, Саз айылы ‒ 6. 7. 2021, Бишкек) ‒ педагог. КРнын эл мугалими (2005). Мугалимдердин эки жылдык институтун (1955), КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1962). 1955‒57-жылдары Ак-Талаа районундагы «Жаӊы-Тилек», «Саз» жети жылдык мектептеринде мугалим болуп иштеген. 1965-жылга чейин Тогуз-Торо районундагы орто мектепте мугалим, Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Кыргызстан Компартиясынын Ак-Талаа райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы (1965‒68), 1970-жылы КП БКнын инспектору, 1971‒79-жылдары партиянын Талас райкомунун экинчи <span cat="ж.кыск" oldv="ж-а">жана</span> биринчи секретары, 1979‒1991-жылдары билим берүү министри болгон. 1991-жылдан Чүй облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген. Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Эмгек Кызыл Туу ордени (1973) <span cat="ж.кыск" oldv="ж-а">жана</span> бир нече медалдар <span cat="ж.кыск" oldv="м-н">менен</span> сыйланган. | ||
[[File:БАЗАРКУЛОВ114.png | thumb|none]] | [[File:БАЗАРКУЛОВ114.png | thumb|none]] | ||
<br> | |||
[[Категория:1-Том]] |
11:09, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
БАЗАРКУЛОВ Мукаш (5. 6. 1935, Нарын облусу, Ак-Талаа району, Саз айылы ‒ 6. 7. 2021, Бишкек) ‒ педагог. КРнын эл мугалими (2005). Мугалимдердин эки жылдык институтун (1955), КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1962). 1955‒57-жылдары Ак-Талаа районундагы «Жаӊы-Тилек», «Саз» жети жылдык мектептеринде мугалим болуп иштеген. 1965-жылга чейин Тогуз-Торо районундагы орто мектепте мугалим, Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Кыргызстан Компартиясынын Ак-Талаа райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы (1965‒68), 1970-жылы КП БКнын инспектору, 1971‒79-жылдары партиянын Талас райкомунун экинчи жана биринчи секретары, 1979‒1991-жылдары билим берүү министри болгон. 1991-жылдан Чүй облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген. Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Эмгек Кызыл Туу ордени (1973) жана бир нече медалдар менен сыйланган.