Difference between revisions of "БАДЫРАК"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''БАДЫРАК‒''' буудай, буурчак, жүгөрү, арпа, нокоттун барсайтып, жарылта куурулган даны. Аталган дандардан Б. даярдоодо ар бирине өзүнчө ыкма колдонулуп, казанга атайын куургуч менен кууруйт. Жүгөрү Б-ты таза, ирирээк кумга аралаштырып кууруса, күйбөй, көлөмү чоӊоюп, ак баржак болуп жарылат. Буудай менен арпа Б-ты өзүн эле кууруйт (арпаны сокуга күйшөп, кабыгынан ажыратып, түктөп алат). Буурчак менен нокотту адегенде сууга көптүрөт. Кууруган учурда куургуч гана баткандай казандын оозун калкалап, куурубаса дан тарсылдап сыртка ыргыйт. Б-ты көбүнчө балдарга кууруп беришкен. Азыр жүгөрүнү атайы аппаратта куурулуп, поп-корн деп аталат. Б. жасашат.
''И. Молдобаев.''

'''БАДЫРАК‒''' буудай, буурчак, жүгөрү, арпа, нокоттун барсайтып, жарылта куурулган даны. Аталган дандардан барыдак даярдоодо ар бирине өзүнчө ыкма колдонулуп, казанга атайын куургуч менен кууруйт. Жүгөрү бадыракты таза, ирирээк кумга аралаштырып кууруса, күйбөй, көлөмү чоӊоюп, ак баржак болуп жарылат. Буудай менен арпа бадыракты  өзүн эле кууруйт (арпаны сокуга күйшөп, кабыгынан ажыратып, түктөп алат). Буурчак менен нокотту адегенде сууга көптүрөт. Кууруган учурда куургуч гана баткандай казандын оозун калкалап, куурубаса дан тарсылдап сыртка ыргыйт. Бадыракты  көбүнчө балдарга кууруп беришкен. Азыр жүгөрү  атайы аппаратта куурулуп, поп-корн деп аталган  бадырак  жасалат.
''И. Молдобаев.''

[[Категория:1-Том]]

11:08, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

БАДЫРАК‒ буудай, буурчак, жүгөрү, арпа, нокоттун барсайтып, жарылта куурулган даны. Аталган дандардан барыдак даярдоодо ар бирине өзүнчө ыкма колдонулуп, казанга атайын куургуч менен кууруйт. Жүгөрү бадыракты таза, ирирээк кумга аралаштырып кууруса, күйбөй, көлөмү чоӊоюп, ак баржак болуп жарылат. Буудай менен арпа бадыракты өзүн эле кууруйт (арпаны сокуга күйшөп, кабыгынан ажыратып, түктөп алат). Буурчак менен нокотту адегенде сууга көптүрөт. Кууруган учурда куургуч гана баткандай казандын оозун калкалап, куурубаса дан тарсылдап сыртка ыргыйт. Бадыракты көбүнчө балдарга кууруп беришкен. Азыр жүгөрү атайы аппаратта куурулуп, поп-корн деп аталган бадырак жасалат.
И. Молдобаев.