Difference between revisions of "АМЕРИКА-МЕКСИКА СОГУШУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АМЕРИКА-МЕКСИКА СОГУШУ''' – 1846–48-ж. АКШнын Мексикага каршы согушу. 1835-ж. Мексиканын Техас штатында амер. плантаторлор козголоң чыгарышып, 1836-ж. Техас Мексикага көз каранды эмес мамлекет деп жарыялашкан. 1845-ж. Техас АКШнын курамына кошулган. АКШ ал аймактын чегин андан ары кеңейтүү максатында 1846-ж. 13-майда Мексикага каршы согуш ачат. Согуштун башталышында амер. аскерлер Нью-Мексиканы, Калифорнияны каратып алышкан. Ал эми Түн. жана Борб. Мексикада жерг. эл катуу каршылык көрсөтүшүп, көп жоготууларга учураган. 1847-ж. Веракрус портуна амер. десант түшүрүлүп, мамлекеттин борб. – Мехико ш-на чабуул башташкан жана ошол эле жылы шаарды басып алышкан. 1848-ж. февралда эки мамлекеттин ортосунда Гуадалупе-Идальго келишими түзүлгөн соң согуштук аракеттер токтотулуп, келишимдин шарты б-ча Мексика жарымынан көбүрөөк аймактарынан ажыраган (алар кийин Нью-Мексико, Аризон жана Калифорния штаттары деп аталып калган), ал эми АКШ Мексикага 15 млн доллар өлчөмүндө компенсация төлөгөн.

'''АМЕРИКА-МЕКСИКА СОГУШУ''' – 1846–48-жылдарда  АКШнын Мексикага каршы согушу. 1835-жылы  Мексиканын Техас штатында америкалык  плантаторлор козголоң чыгарышып, 1836-жылы Техас Мексикага көз каранды эмес мамлекет деп жарыялашкан. 1845-жылы  Техас АКШнын курамына кошулган. АКШ ал аймактын чегин андан ары кеңейтүү максатында 1846-жылы 13-майда Мексикага каршы согуш ачат. Согуштун башталышында америкалык  аскерлер Нью-Мексиканы, Калифорнияны каратып алышкан. Ал эми Түндүк  жана Борбордук  Мексикада жергиликтүү  эл катуу каршылык көрсөтүшүп, көп жоготууларга учураган. 1847-жылы  Веракрус портуна америкалык  десант түшүрүлүп, мамлекеттин борбору – Мехико шаарына чабуул башташкан жана ошол эле жылы шаарды басып алышкан. 1848-жылы  февралда эки мамлекеттин ортосунда Гуадалупе-Идальго келишими түзүлгөн соң согуштук аракеттер токтотулуп, келишимдин шарты боюнча Мексика жарымынан көбүрөөк аймактарынан ажыраган (алар кийин Нью-Мексико, Аризон жана Калифорния штаттары деп аталып калган), ал эми АКШ Мексикага 15 млн доллар өлчөмүндө компенсация төлөгөн.

[[Категория:1-Том]]

09:32, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АМЕРИКА-МЕКСИКА СОГУШУ – 1846–48-жылдарда АКШнын Мексикага каршы согушу. 1835-жылы Мексиканын Техас штатында америкалык плантаторлор козголоң чыгарышып, 1836-жылы Техас Мексикага көз каранды эмес мамлекет деп жарыялашкан. 1845-жылы Техас АКШнын курамына кошулган. АКШ ал аймактын чегин андан ары кеңейтүү максатында 1846-жылы 13-майда Мексикага каршы согуш ачат. Согуштун башталышында америкалык аскерлер Нью-Мексиканы, Калифорнияны каратып алышкан. Ал эми Түндүк жана Борбордук Мексикада жергиликтүү эл катуу каршылык көрсөтүшүп, көп жоготууларга учураган. 1847-жылы Веракрус портуна америкалык десант түшүрүлүп, мамлекеттин борбору – Мехико шаарына чабуул башташкан жана ошол эле жылы шаарды басып алышкан. 1848-жылы февралда эки мамлекеттин ортосунда Гуадалупе-Идальго келишими түзүлгөн соң согуштук аракеттер токтотулуп, келишимдин шарты боюнча Мексика жарымынан көбүрөөк аймактарынан ажыраган (алар кийин Нью-Мексико, Аризон жана Калифорния штаттары деп аталып калган), ал эми АКШ Мексикага 15 млн доллар өлчөмүндө компенсация төлөгөн.