Difference between revisions of "АЛАБУГА суусу"
228-323>KadyrM |
м (→top: категория кошуу) |
||
(6 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЛАБУГА''' ‒ Ак-Талаа районундагы суу, Нарын дарыясынын сол куймасы. Узундугу 180 ''км, ''алабынын аянты 5820 ''км''<sup>2</sup>. Фергана тоо тизмегинин түштүк-чыгыш <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> Торугарт кырка тоосунун түндүк капталдарынан башталат. Жогорку бөлүгү Арпа деп аталып, Арпа <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> Бычан кошулуп Алабуганы түзөт. Арпа өрөөнү аркылуу агып, Ортоӊку Нарын өрөөнүнө чыкканда нугу кеӊейип, суусу тайыздайт. Куймалары: Жаман-Даван (64 ''км''), Коӊорчок (39 ''км''), Кашка-Суу (33 ''км''), Кумарык (23''км) ''(оӊ); Бычан (40 ''км),'' Сөөк (45 ''км''), Кара-Суу, Миӊ-Жылкы, Мына-Келди, Кырчын-Булак (сол). Майда кирип, октябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 26,5 ''м''<sup>3</sup>''/сек; ''көбү ‒ 124 ''м''<sup>3</sup>''/сек, ''эӊ азы ‒ 9,70 ''м''<sup>3</sup>''/сек. ''Сугатка пайдаланылат. Боюнда Кош-Дөбө, Коӊорчок кыштактары <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> Шырдакбек сепилинин чалдыбары жайгашкан. Топоним суудагы балыктын атынан пайда болгондугу божомолдонот.<br> | |||
[[Категория:1-Том]] |
09:11, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЛАБУГА ‒ Ак-Талаа районундагы суу, Нарын дарыясынын сол куймасы. Узундугу 180 км, алабынын аянты 5820 км2. Фергана тоо тизмегинин түштүк-чыгыш жана Торугарт кырка тоосунун түндүк капталдарынан башталат. Жогорку бөлүгү Арпа деп аталып, Арпа менен Бычан кошулуп Алабуганы түзөт. Арпа өрөөнү аркылуу агып, Ортоӊку Нарын өрөөнүнө чыкканда нугу кеӊейип, суусу тайыздайт. Куймалары: Жаман-Даван (64 км), Коӊорчок (39 км), Кашка-Суу (33 км), Кумарык (23км) (оӊ); Бычан (40 км), Сөөк (45 км), Кара-Суу, Миӊ-Жылкы, Мына-Келди, Кырчын-Булак (сол). Майда кирип, октябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 26,5 м3/сек; көбү ‒ 124 м3/сек, эӊ азы ‒ 9,70 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Кош-Дөбө, Коӊорчок кыштактары жана Шырдакбек сепилинин чалдыбары жайгашкан. Топоним суудагы балыктын атынан пайда болгондугу божомолдонот.