Difference between revisions of "АЛАМҮДҮН МИНЕРАЛДУУ СУУСУ"
м (→top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) |
м (→top: категория кошуу) |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЛАМҮДҮН МИНЕРАЛДУУ СУУСУ''' ‒ | '''АЛАМҮДҮН МИНЕРАЛДУУ СУУСУ''' ‒ дарыланууга жарамдуу ысык булактар. Бишкек шаарынан 30 ''км'' түштүк тарапта, Аламүдүн суусунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 1700 ''м'' бийиктикте. Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы минералдуу суулар чыгуучу зонада жатат. Палеозой заманынын башталышында пайда болгон граниттердин арасындагы тектоникалык жарака аркылуу жер бетине булак түрүндө чыгат. Дебити 5‒7 ''л/сек''. Суу өзүнүн химиялык курамы, физикалык касиети боюнча аз минералдашкан (0,4‒0,8 ''г/л''), азоттуу (98%), гидрокарбонат-сульфат-кальций-натрийлүү жылуу сууларга кирет. Суунун температурасы 20‒30°С, түссүз, жытсыз <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> даамсыз, курамында бир аз барий, стронций, марганец, молибден, висмут, вольфрам, жез бар. Суунун дарылык касиеттеринин бири анын курамында кремний кислотасынын (30‒50 ''мг/л'') болушунда. Муун, ашказан, нерв, гинекология ооруларына пайдаланууга болот. 1997-жылдан баштап суу бөтөлкөлөргө куюлуп сатылууда.<br> | ||
[[Категория:1-Том]] |
09:12, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЛАМҮДҮН МИНЕРАЛДУУ СУУСУ ‒ дарыланууга жарамдуу ысык булактар. Бишкек шаарынан 30 км түштүк тарапта, Аламүдүн суусунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 1700 м бийиктикте. Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы минералдуу суулар чыгуучу зонада жатат. Палеозой заманынын башталышында пайда болгон граниттердин арасындагы тектоникалык жарака аркылуу жер бетине булак түрүндө чыгат. Дебити 5‒7 л/сек. Суу өзүнүн химиялык курамы, физикалык касиети боюнча аз минералдашкан (0,4‒0,8 г/л), азоттуу (98%), гидрокарбонат-сульфат-кальций-натрийлүү жылуу сууларга кирет. Суунун температурасы 20‒30°С, түссүз, жытсыз жана даамсыз, курамында бир аз барий, стронций, марганец, молибден, висмут, вольфрам, жез бар. Суунун дарылык касиеттеринин бири анын курамында кремний кислотасынын (30‒50 мг/л) болушунда. Муун, ашказан, нерв, гинекология ооруларына пайдаланууга болот. 1997-жылдан баштап суу бөтөлкөлөргө куюлуп сатылууда.