Difference between revisions of "АДАМ УКУКТАРЫНЫН ЖАЛПЫГА БИРДЕЙ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ"
м (→top: clean up, replaced: м‑н → менен (3), ж‑а → жана) |
м (→top: категория кошуу) |

(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДАМ УКУКТАРЫНЫН ЖАЛПЫГА БИРДЕЙ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ''' – | '''АДАМ УКУКТАРЫНЫН ЖАЛПЫГА БИРДЕЙ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ''' – 1948‑жылы 10‑декабрда БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан адам укуктарынын негизги мыйзамы катары кабыл алынган эл аралык документ. Декларациянын жоболору көп өлкөлөрдүн конституция жанa мыйзамдарына киргизилген. Ал кириш бөлүмдөн жана 30 статьядан турат. Декларациянын биринчи эки статьясында адамдын расасы, жынысы, тили, дини, улуту, саясий ж. б. көз караштарына карабастан эркиндигин жанa теңдигин жарыяланган. 3–21‑статьяларында экономикалык, социалдык жанa маданий укуктары, 28–30‑статьяларында ар бир адамдын коомчулук алдындагы милдеттери тууралуу айтылат, ошондой эле декларациядагы адам укуктарын ишке ашырууга багытталган коомдук жанa эл аралык шарттар бекитилген. «Декларацияда ар бир адамдын кадыр‑баркын, теңдигин, укугун таануу эркиндиктин, адилеттиктин жанa бүткүл дүйнөдөгү тынчтыктын негизи болот» деп жарыяланган. Декларацияда ар бир адам жашоого, эркиндикке, керт башына эч кимдин кол тийбестигине укуктуу экендиги көрсөтүлүп, алар анын башка жоболорунда да толукталган: «Эч ким кулчулукка же эрксиз абалда болбоого, бирөө тарабынан кыйноого же адамдык беделди кемсинтүүчү ырайымсыз, катаал мамилеге, жазага кириптер кылынбоого, зомбулук менен кармалбоого, куугунтукталбоого тийиш». Адамдын жеке жанa үй‑бүлөлүк турмушуна, турак жайына, кат жазышуунун жашырындуулугуна эч кимдин тийүүгө укугу жок, ар бир адам ар‑намысы менен беделин коргоого укуктуу жанa ал адилет сот тарабынан корголууга тийиш, ошондой эле адамдын саясий, жарандык укуктары, эркиндиги жөнүндө да айтылган. Алар: ой-пикирдин эркиндиги, динге ишенүү‑ишенбөө, каалаган динди тутуу, көз караштын эркиндиги жанa аны эркин билдирүү, чогулуш өткөрүүгө, бирикме, союз түзүүгө, ар бир адамдын жалпыга тең, жашыруун добуш менен шайлоого, өз өлкөсүнүн башкаруу ишине катышууга, бир жактан экинчи жакка көчүп барууга жанa жашоо үчүн өзүнө жер тандоого, баш калкалоого, жарандуулукка, мүлк күтүүгө укуктуу. Декларацияда көрсөтүлгөн адам укуктарынын бардыгынын негизинде тең укуктуулук принциби жатат. 10‑декабрь жыл сайын адам укуктарынын күнү катары белгиленет.
''М. Т. Артыкбаев, Н. К. Алиева.'' | ||
[[Категория:1-Том]] |
08:24, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АДАМ УКУКТАРЫНЫН ЖАЛПЫГА БИРДЕЙ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ – 1948‑жылы 10‑декабрда БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан адам укуктарынын негизги мыйзамы катары кабыл алынган эл аралык документ. Декларациянын жоболору көп өлкөлөрдүн конституция жанa мыйзамдарына киргизилген. Ал кириш бөлүмдөн жана 30 статьядан турат. Декларациянын биринчи эки статьясында адамдын расасы, жынысы, тили, дини, улуту, саясий ж. б. көз караштарына карабастан эркиндигин жанa теңдигин жарыяланган. 3–21‑статьяларында экономикалык, социалдык жанa маданий укуктары, 28–30‑статьяларында ар бир адамдын коомчулук алдындагы милдеттери тууралуу айтылат, ошондой эле декларациядагы адам укуктарын ишке ашырууга багытталган коомдук жанa эл аралык шарттар бекитилген. «Декларацияда ар бир адамдын кадыр‑баркын, теңдигин, укугун таануу эркиндиктин, адилеттиктин жанa бүткүл дүйнөдөгү тынчтыктын негизи болот» деп жарыяланган. Декларацияда ар бир адам жашоого, эркиндикке, керт башына эч кимдин кол тийбестигине укуктуу экендиги көрсөтүлүп, алар анын башка жоболорунда да толукталган: «Эч ким кулчулукка же эрксиз абалда болбоого, бирөө тарабынан кыйноого же адамдык беделди кемсинтүүчү ырайымсыз, катаал мамилеге, жазага кириптер кылынбоого, зомбулук менен кармалбоого, куугунтукталбоого тийиш». Адамдын жеке жанa үй‑бүлөлүк турмушуна, турак жайына, кат жазышуунун жашырындуулугуна эч кимдин тийүүгө укугу жок, ар бир адам ар‑намысы менен беделин коргоого укуктуу жанa ал адилет сот тарабынан корголууга тийиш, ошондой эле адамдын саясий, жарандык укуктары, эркиндиги жөнүндө да айтылган. Алар: ой-пикирдин эркиндиги, динге ишенүү‑ишенбөө, каалаган динди тутуу, көз караштын эркиндиги жанa аны эркин билдирүү, чогулуш өткөрүүгө, бирикме, союз түзүүгө, ар бир адамдын жалпыга тең, жашыруун добуш менен шайлоого, өз өлкөсүнүн башкаруу ишине катышууга, бир жактан экинчи жакка көчүп барууга жанa жашоо үчүн өзүнө жер тандоого, баш калкалоого, жарандуулукка, мүлк күтүүгө укуктуу. Декларацияда көрсөтүлгөн адам укуктарынын бардыгынын негизинде тең укуктуулук принциби жатат. 10‑декабрь жыл сайын адам укуктарынын күнү катары белгиленет.
М. Т. Артыкбаев, Н. К. Алиева.