Difference between revisions of "АНЖИЯН ОБЛУСУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(4 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АНЖИЯН ОБЛУСУ''' Өзбекстан Респ-сында. 1941-ж. 6-мартта түзүлгөн. Фергана өрөөнүнүн чыгышынан орун алган. Аянты 4,2 миң ''км2.'' Калкы 3,0 млн (2018), шаар калкы 32%. Облуста 14 адм. район, 11 шаар, 5 шаарча бар. Борбору -''Анжиян'' ш. Облустун борб. бөлүгү түздүк, чыгышы улам бийиктеп, адырлуу (Алай ж-а Фергана кырка тоолорунун этеги) келет. Облус геол.
'''АНЖИЯН ОБЛУСУ''' Өзбекстан Республикасында. 1941-жылы  6-мартта уюшулган. Фергана өрөөнүнүн чыгышынан орун алган. Аянты 4,2 миң ''км2.'' Калкы 3,0 млн (2018), шаар калкы 32%. Облуста 14 администрациялык район, 11 шаар, 5 шаарча бар. Борбору ''Анжиян'' шаары. Облустун борбордук бөлүгү түздүк, чыгышы улам бийиктеп, адырлуу (Алай жана Фергана кырка тоолорунун этеги) келет. Облус геологиялык активдүү зонада жайгашкандыктан, катуу жер титирөөлөр болуп турат. Климаты кескин континенттик. Январдын орточо температурасы –3°С, июлдуку 27°С. Жылдык жаан-чачыны 200 ''мм''дей. Башкы суусу – Кара-Дарыя (Сыр-Дарыянын куймасы). Өзбекстандын башка облустарына караганда суу ресурстарына бай. Боз, шалбаа жана саздак топурактуу. Айдалбаган жеринде шыбак өсөт. Калкынын көбү өзбектер, ошондой эле орус, кыргыз, татар, уйгур ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Калктын орточо жыштыгы 1 ''км2'' жерге 517 киши. Нефть жана газ казып алынат. Нефть жана химия (Анжиян), жеңил (анын ичинде пахта тазалоо), тамак-аш (май, консерва) өнөр жайы бар. Хожабат – Анжиян – Асака газ кууру, Анжиян суу сактагычы курулган. Асака шаарында машина куруу (жеңил) заводу иштейт. Сугат дыйканчылыгы (Чоң Фергана, Түштүк Фергана, Чоң Анжиян, Анжиян каналдары бар) өнүккөн. Айдоо аянтынын 3/4үнө пахта эгилет. Жашылча-бакча өсүмдүктөрү, жемиш бактары өстүрүлүп, жүзүмчүлүк, жибекчилик өнүккөн. Тоют базасы жетишпегендиктен, мал чарбасы начар өнүгүп, малы Кыргызстандын жайыттарында (уй, кой) асыралат.
активдүү зонада жайгашкандыктан, катуу жер титирөөлөр болуп турат. Климаты кескин континенттик. Январдын орт. темп-расы –3°С, июлдуку 27°С. Жылдык жаан-чачыны 200 0 ''мм''дей. Башкы суусу – Кара-Дарыя (Сыр-Дарыянын куймасы). Өзбекстандын башка облустарына караганда суу ресурстарына бай. Боз, шалбаа ж-а саздак топурактуу. Айдалбаган жеринде шыбак өсөт. Калкынын көбү өзбектер, о. эле орус, кыргыз, татар, уйгур ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Калктын орт. жыштыгы 1 ''км2'' жерге 517 киши. Нефть ж-а газ казып алынат. Нефть ж-а хим. (Анжиян), жеңил (а. и. пахта тазалоо), тамак-аш (май, консерва) өнөр жайы бар. Хожабат – Анжиян – Асака газ кууру, Анжиян суу сактагычы курулган. Асака ш-нда машина куруу (жеңил) з-ду иштейт. Сугат дыйканчылыгы (Чоң Фергана, Түш. Фергана, Чоң Анжиян, Анжиян каналдары бар) өнүккөн. Айдоо аянтынын �ын 3/4үнө пахта эгилет. Жашылча-бакча өсүмдүктөрү, жемиш бактары өстүрүлүп, жүзүмчүлүк, жибекчилик өнүккөн. Тоют базасы жетишпегендиктен мал чарбасы начар өнүгүп, малы Кырг-ндын жайыттарында (уй, кой) асыралат.т.

[[Категория:1-Том]]

09:54, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АНЖИЯН ОБЛУСУ Өзбекстан Республикасында. 1941-жылы 6-мартта уюшулган. Фергана өрөөнүнүн чыгышынан орун алган. Аянты 4,2 миң км2. Калкы 3,0 млн (2018), шаар калкы 32%. Облуста 14 администрациялык район, 11 шаар, 5 шаарча бар. Борбору – Анжиян шаары. Облустун борбордук бөлүгү түздүк, чыгышы улам бийиктеп, адырлуу (Алай жана Фергана кырка тоолорунун этеги) келет. Облус геологиялык активдүү зонада жайгашкандыктан, катуу жер титирөөлөр болуп турат. Климаты кескин континенттик. Январдын орточо температурасы –3°С, июлдуку 27°С. Жылдык жаан-чачыны 200 ммдей. Башкы суусу – Кара-Дарыя (Сыр-Дарыянын куймасы). Өзбекстандын башка облустарына караганда суу ресурстарына бай. Боз, шалбаа жана саздак топурактуу. Айдалбаган жеринде шыбак өсөт. Калкынын көбү өзбектер, ошондой эле орус, кыргыз, татар, уйгур ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Калктын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 517 киши. Нефть жана газ казып алынат. Нефть жана химия (Анжиян), жеңил (анын ичинде пахта тазалоо), тамак-аш (май, консерва) өнөр жайы бар. Хожабат – Анжиян – Асака газ кууру, Анжиян суу сактагычы курулган. Асака шаарында машина куруу (жеңил) заводу иштейт. Сугат дыйканчылыгы (Чоң Фергана, Түштүк Фергана, Чоң Анжиян, Анжиян каналдары бар) өнүккөн. Айдоо аянтынын 3/4үнө пахта эгилет. Жашылча-бакча өсүмдүктөрү, жемиш бактары өстүрүлүп, жүзүмчүлүк, жибекчилик өнүккөн. Тоют базасы жетишпегендиктен, мал чарбасы начар өнүгүп, малы Кыргызстандын жайыттарында (уй, кой) асыралат.