Difference between revisions of "АКМАТ Рысменде уулу"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
(6 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АКМАТ''' Рысменде уулу (1891, азыркы Чүй р‑ну, Шамшы айылы – 1966, ошол эле жерде) ­семетейчи, ''Сагымбай'' Орозбак уулунун шакир­ти. 1930‑жылдардын аягынан Кыргыз мамл. филармониясында артист, өмүрүнүн акыркы жылдары айылында иштеген. А. өзүнүн «Семе­тей» айтып калуусун көпчүлүк манасчыларга мүнөздүү кереметтүү түш көрүү салты м‑н бай­ланыштырат. 1915‑ж. көпчүлүктүн алдында биринчи жолу «Семетейден» үзүндү айткан. 1938-ж. май айында акындардын слётуна ча­кырылып, «Семетейден» айткан үзүндүсү жого­ру бааланган. А‑тын айтуусунда «Манас» эпо­сунан «Манастын Көзкамандардан көргөн жа­мандыгы» (5 500 сап ыр), «Чоң казат» (3 663 сап ыр) эпизодунан үзүндү жазылган ж‑а анын айтуусунда «Үргөнч» деген ат м‑н «Семетейден» үзүндү өзүнчө китепче болуп жарык көргөн (1941). «Семетей» б‑ча жазылган материалдары «Манастын» төрт томдук курама вариантын (1958‑60) чыгарууда толук пайдаланылган.
'''АКМАТ''' '''Рысменде уулу''' (1891, азыркы Чүй району, Шамшы айылы – 1966, ошол эле жерде) –­ семетейчи, ''Сагымбай'' Орозбак уулунун шакир­ти. 1930‑жылдардын аягынан Кыргыз мамлекеттик филармониясында артист, өмүрүнүн акыркы жылдары айылында иштеген. Ал  өзүнүн «Семе&#0173;тей» айтып калуусун көпчүлүк манасчыларга мүнөздүү кереметтүү түш көрүү салты <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> бай­ланыштырат. 1915‑жылы  көпчүлүктүн алдында биринчи жолу «Семетейден» үзүндү айткан. 1938-жылы май айында акындардын слётуна ча­кырылып, «Семетейден» айткан үзүндүсү жого­ру бааланган. Акматтын айтуусунда «Манас» эпо­сунан «Манастын Көзкамандардан көргөн жа&#0173;мандыгы» (5 500 сап ыр), «Чоң казат» (3 663 сап ыр) эпизодунан үзүндү жазылган <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> анын айтуусунда «Үргөнч» деген ат <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> «Семетейден» үзүндү өзүнчө китепче болуп жарык көргөн (1941). «Семетей» боюнча жазылган материалдары «Манастын» төрт томдук курама вариантын (1958‑60) чыгарууда толук пайдаланылган.
[[Категория:1-Том]]

09:02, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АКМАТ Рысменде уулу (1891, азыркы Чүй району, Шамшы айылы – 1966, ошол эле жерде) –­ семетейчи, Сагымбай Орозбак уулунун шакир­ти. 1930‑жылдардын аягынан Кыргыз мамлекеттик филармониясында артист, өмүрүнүн акыркы жылдары айылында иштеген. Ал өзүнүн «Семе­тей» айтып калуусун көпчүлүк манасчыларга мүнөздүү кереметтүү түш көрүү салты менен бай­ланыштырат. 1915‑жылы көпчүлүктүн алдында биринчи жолу «Семетейден» үзүндү айткан. 1938-жылы май айында акындардын слётуна ча­кырылып, «Семетейден» айткан үзүндүсү жого­ру бааланган. Акматтын айтуусунда «Манас» эпо­сунан «Манастын Көзкамандардан көргөн жа­мандыгы» (5 500 сап ыр), «Чоң казат» (3 663 сап ыр) эпизодунан үзүндү жазылган жана анын айтуусунда «Үргөнч» деген ат менен «Семетейден» үзүндү өзүнчө китепче болуп жарык көргөн (1941). «Семетей» боюнча жазылган материалдары «Манастын» төрт томдук курама вариантын (1958‑60) чыгарууда толук пайдаланылган.