Difference between revisions of "АВТОБУС"
м (→top: категория кошуу) |
|||
(3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
''' | '''АВТОБУС''' [''авто (мобиль'' ) <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (''омни) бус''] ‒ жүргүнчү ташуучу автотранспорт. Азыркы кездеги автобустун тарыхый «бабасы» омнибус ‒ белгилүү маршрут боюнча жүргүнчү ташуучу, жалпы пайдалануудагы транспорт каражаты катары чыккан. Ат сүйрөгөн омнибус <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> шаар ичинде жүргүнчүлөрдү ташуу алгачкы жолу 1662-жылы Францияда уюштурулган. Автобус 20-кылымда пайда болгон. Алгач ал жыгач чанак (кузов) орнотулган | ||
[[File:АВТОБУС25.png| thumb |ГАЗ-03-30 автобусу (1933).]] | [[File:АВТОБУС25.png| thumb|ГАЗ-03-30 автобусу (1933).]] | ||
жүк машинасынын шассисин элестетчү. | жүк машинасынын шассисин элестетчү. Автобус 1914-жылдан кеӊири пайдаланууга бериле баштаган. Москвада такай жүргөн автобус каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу 1924-жылдан, Бишкекте 1945-жылдан кийин уюштурулган. Автобус класстарга (микроавтобустан да чоӊ автобуска чейин), ар бир класс өз кезегинде арналышына карата модификацияга [шаардык, шаар айланасындагы, шаар аралык (туристтик), жергиликтүү каттамдагы, алыска каттоочу] бөлүнөт. Жүргүнчүлөргө арналган микроавтобуста 9‒15, өтө чоӊунда 250гө чейин орун болот; ылдамдыгы 120 ''км/с'' (алыска каттаган автобус үчүн). Анын чанагы вагон түрүндө жасалат. Астыӊкы негизине кыймылдаткыч, кыймыл берүү кутусу, алдыңкы <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> арткы дөӊ- | ||
[[File:АВТОБУС24.png| thumb |Neoplan-116 шаар аралык автобусу (Германия).]] | [[File:АВТОБУС24.png| thumb|Neoplan-116 шаар аралык автобусу (Германия).]] | ||
гөлөк октору бекитилет. Кыймылдаткыч | гөлөк октору бекитилет. Кыймылдаткыч автобустун алдына, ортосуна же артына орнотулат. Азыркы автобуста жүргүнчүлөр үчүн <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> айдоочуга зарыл түрдөгү жайлуу орундар камсыздалган. | ||
[[Категория:1-Том]] |
08:14, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АВТОБУС [авто (мобиль ) жана (омни) бус] ‒ жүргүнчү ташуучу автотранспорт. Азыркы кездеги автобустун тарыхый «бабасы» омнибус ‒ белгилүү маршрут боюнча жүргүнчү ташуучу, жалпы пайдалануудагы транспорт каражаты катары чыккан. Ат сүйрөгөн омнибус менен шаар ичинде жүргүнчүлөрдү ташуу алгачкы жолу 1662-жылы Францияда уюштурулган. Автобус 20-кылымда пайда болгон. Алгач ал жыгач чанак (кузов) орнотулган
жүк машинасынын шассисин элестетчү. Автобус 1914-жылдан кеӊири пайдаланууга бериле баштаган. Москвада такай жүргөн автобус каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу 1924-жылдан, Бишкекте 1945-жылдан кийин уюштурулган. Автобус класстарга (микроавтобустан да чоӊ автобуска чейин), ар бир класс өз кезегинде арналышына карата модификацияга [шаардык, шаар айланасындагы, шаар аралык (туристтик), жергиликтүү каттамдагы, алыска каттоочу] бөлүнөт. Жүргүнчүлөргө арналган микроавтобуста 9‒15, өтө чоӊунда 250гө чейин орун болот; ылдамдыгы 120 км/с (алыска каттаган автобус үчүн). Анын чанагы вагон түрүндө жасалат. Астыӊкы негизине кыймылдаткыч, кыймыл берүү кутусу, алдыңкы жана арткы дөӊ-
гөлөк октору бекитилет. Кыймылдаткыч автобустун алдына, ортосуна же артына орнотулат. Азыркы автобуста жүргүнчүлөр үчүн жана айдоочуга зарыл түрдөгү жайлуу орундар камсыздалган.