Difference between revisions of "АГЕСИЛАЙ II"
м (1 revision imported) |
|||
| (6 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АГЕСИЛАЙ II''' (биздин заманга чейин 444‒358, Мармарика) ‒ Спартанын падышасы, кол башчы <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> дипломат. Биздин заманга чейин 396‒394-жылдарда Кичи Азияда Персияга каршы согушуп, бир катар жеӊиштерге жетишкен. Спарта <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> Коринфтин ортосундагы согуш башталганда, Агесилай Персияга каршы согушту токтотуп, кайра келген. Биздин заманга чейин 387‒386-жылдарда ''Анталкид тынчтыгы ''боюнча Коринф согушу токтотулган. Анталкид тынчтыгынан кийин Агесилай Грецияда Спартанын үстөмдүгүн орноткон. Спартага зарыл болгон акча каражатын табуу максатында биздин заманга чейин 361‒360-жылдары Египетке келип, египеттиктердин перстерге каршы күрөшүнө жардам берген <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> династиялардын так талашуу үчүн болгон күрөштөрүнө катышкан. Ал Египеттен мекенине кайтып келе жаткан жолдо каза болгон. | |||
396‒394- | [[Категория:1-Том]] | ||
11:17, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку версиясы
АГЕСИЛАЙ II (биздин заманга чейин 444‒358, Мармарика) ‒ Спартанын падышасы, кол башчы жана дипломат. Биздин заманга чейин 396‒394-жылдарда Кичи Азияда Персияга каршы согушуп, бир катар жеӊиштерге жетишкен. Спарта менен Коринфтин ортосундагы согуш башталганда, Агесилай Персияга каршы согушту токтотуп, кайра келген. Биздин заманга чейин 387‒386-жылдарда Анталкид тынчтыгы боюнча Коринф согушу токтотулган. Анталкид тынчтыгынан кийин Агесилай Грецияда Спартанын үстөмдүгүн орноткон. Спартага зарыл болгон акча каражатын табуу максатында биздин заманга чейин 361‒360-жылдары Египетке келип, египеттиктердин перстерге каршы күрөшүнө жардам берген жана династиялардын так талашуу үчүн болгон күрөштөрүнө катышкан. Ал Египеттен мекенине кайтып келе жаткан жолдо каза болгон.