Difference between revisions of "АКСИОЛОГИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (Kadyrm moved page АКСИОЛ ОГИЯ to АКСИОЛОГИЯ without leaving a redirect)
м (→‎top: категория кошуу)

(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
(гр. аxios ‒ баалуулук, logos ‒ окуу) ‒ баалуулуктардын табияты, алардын реалдуу турмуштагы орду ж-а баалуулуктар дүйнөсүнүн түзүлүш курамы тууралуу филос. окуу, ар кыл баалуулуктардын маданий ж-а социал. факторлору, адам топтору м-н байланышы ж-дөгү илим. Терминди илимге 20-к-да француз философу П. Лапи киргизген. Баалуулук ил. түшүнүк катары И. Канттын философиясында кездешет. Азыркы учурда баалуулуктар курчап турган дүйнөнүн объекттерин, алардын адам, коом үчүн оӊ ж-а терс маани-маӊызын ачып көрсөтүүчү өзгөчө ил. тармак болуп саналат. Илимий баалуулуктар м-н адамгерчилик баалуулуктары кээде бири-бирине шайкеш келишпей калган учурлары да болот. Мис., атом бомбасын ойлоп чыгаруу ‒ ири ил. баалуулук, бирок анын колдонуу фактысы гумандуу баалуулук болбойт, адамгерчиликке жатпайт.

''Т. Эсенгелдиев. ''

'''АКСИОЛОГИЯ''' (гр. аxios ‒ баалуулук, logos ‒ окуу) ‒ баалуулуктардын табияты, алардын реалдуу турмуштагы орду жана баалуулуктар дүйнөсүнүн түзүлүш курамы тууралуу философиялык  окуу, ар кыл баалуулуктардын маданий жана социалдык факторлору, адам топтору менен байланышы жөнүндөгү илим. Терминди илимге 20-кылымда француз философу П. Лапи киргизген. Баалуулук илимий түшүнүк катары И. Канттын философиясында кездешет. Азыркы учурда баалуулуктар курчап турган дүйнөнүн объекттерин, алардын адам, коом үчүн оӊ жана терс маани-маӊызын ачып көрсөтүүчү өзгөчө илимий  тармак болуп саналат. Илимий баалуулуктар менен адамгерчилик баалуулуктары кээде бири-бирине шайкеш келишпей калган учурлары да болот. Мисалы, атом бомбасын ойлоп чыгаруу ‒ ири илимий баалуулук, бирок анын колдонуу фактысы гумандуу баалуулук болбойт, адамгерчиликке жатпайт.
''Т. Эсенгелдиев. ''

[[Категория:1-Том]]

09:04, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АКСИОЛОГИЯ (гр. аxios ‒ баалуулук, logos ‒ окуу) ‒ баалуулуктардын табияты, алардын реалдуу турмуштагы орду жана баалуулуктар дүйнөсүнүн түзүлүш курамы тууралуу философиялык окуу, ар кыл баалуулуктардын маданий жана социалдык факторлору, адам топтору менен байланышы жөнүндөгү илим. Терминди илимге 20-кылымда француз философу П. Лапи киргизген. Баалуулук илимий түшүнүк катары И. Канттын философиясында кездешет. Азыркы учурда баалуулуктар курчап турган дүйнөнүн объекттерин, алардын адам, коом үчүн оӊ жана терс маани-маӊызын ачып көрсөтүүчү өзгөчө илимий тармак болуп саналат. Илимий баалуулуктар менен адамгерчилик баалуулуктары кээде бири-бирине шайкеш келишпей калган учурлары да болот. Мисалы, атом бомбасын ойлоп чыгаруу ‒ ири илимий баалуулук, бирок анын колдонуу фактысы гумандуу баалуулук болбойт, адамгерчиликке жатпайт.
Т. Эсенгелдиев.