Difference between revisions of "АРГАИЛ"
м (1 версия) |
м (→top: категория кошуу) |
||
(3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АРГАИЛ –''' Австралиядагы алмаздын ири кени, Батыш Австралия штатында, Кунунарра шаарынан 120 ''км'' түндүк-чыгыш тарапта; запасы <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> казып алуу көлөмү боюнча дүйнөдөгү ири кен. 1979-ж. ачылган (дүйнөдөгү кимберлит эмес типтеги түпкү кен), 1981-жылдан ачык түрүндө иштетилет. 2007-жылдан жер астынан казып алуу пландаштырылууда. Калган запасы 170,4 млн карат, кенташтагы алмаздын орточо өлчөмү 2,77 карат. Кен протерозойдун кыймылдуу зонасында жайгашып, соңку протерозой – алгачкы архей жиреп чыккан <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> метаморфизмделген тоо тектер оливиндүү лампроит түтүкчөсүндө жатат. Түтүкчөнүн узундугу 2 ''км,'' туурасы 500 ''м'' (250–280 мден 100 мге чейинки тереңдикте). Алмаздын сапаты төмөн: зергерлик 5%, субзергерлик 40%, калганы техникалык алмаз; орточо массасы 0,08 карат (ириси 28 карат), орточо баасы 9,5 доллар/карат. Өңү күрөң түстүү (80%ке чейин), калганы сары <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> түзсүз (15–20%), сейрек кездешкени кызгылт түстүү (бриллиант массасы 0,95 карат, дүйнөлүк эң кымбат баада сатылган – 900 миң доллар/каратка). | |||
[[Категория:1-Том]] |
10:13, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АРГАИЛ – Австралиядагы алмаздын ири кени, Батыш Австралия штатында, Кунунарра шаарынан 120 км түндүк-чыгыш тарапта; запасы жана казып алуу көлөмү боюнча дүйнөдөгү ири кен. 1979-ж. ачылган (дүйнөдөгү кимберлит эмес типтеги түпкү кен), 1981-жылдан ачык түрүндө иштетилет. 2007-жылдан жер астынан казып алуу пландаштырылууда. Калган запасы 170,4 млн карат, кенташтагы алмаздын орточо өлчөмү 2,77 карат. Кен протерозойдун кыймылдуу зонасында жайгашып, соңку протерозой – алгачкы архей жиреп чыккан жана метаморфизмделген тоо тектер оливиндүү лампроит түтүкчөсүндө жатат. Түтүкчөнүн узундугу 2 км, туурасы 500 м (250–280 мден 100 мге чейинки тереңдикте). Алмаздын сапаты төмөн: зергерлик 5%, субзергерлик 40%, калганы техникалык алмаз; орточо массасы 0,08 карат (ириси 28 карат), орточо баасы 9,5 доллар/карат. Өңү күрөң түстүү (80%ке чейин), калганы сары жана түзсүз (15–20%), сейрек кездешкени кызгылт түстүү (бриллиант массасы 0,95 карат, дүйнөлүк эң кымбат баада сатылган – 900 миң доллар/каратка).