Difference between revisions of "АНИМАЦИЯЛЫК КИНО"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (→‎top: категория кошуу)

(7 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
, анимация (англ.
'''АНИМАЦИЯЛЫК КИНО''', а н и м а ц и я (англ. animatio – жандануу) – кинодо бөлөк-бөлөк сүрөттөрдү фотографиялоо жана аларды биринин артынан бирин кыймыл иллюзиясын жаратуу үчүн тез калыбына келтирүү. Анимациялык кино биринчи жолу 1892-жылы демонстрацияланган; ага-ини Люмьерлер кинокамераны ойлоп тапкандан кийин, анын мүмкүнчүлүктөрү бир кыйла өскөн. 1908-жылы анимациялык кинонун эң кеңири тараган түрү – ''мультипликациялык фильм,'' мультипликация (лат. multiplicatio – көбөйүү) пайда болгон. Анимациялык кино рекламада жана куурчак, силуэт фильмдерин жаратууда пайдаланылат. Графикалык мультфильмди сүрөтчү-карикатурачы Э. Коль (Франция, 1908) негиздеген. Россияда биринчи мультфильмдерди реж. В. А. Старевич койгон (1911-13). Анимациялык кинонун дүйнөлүк өнүгүшүнө америкалык сүрөтчү жана режиссер У. Дисней чоң таасир көрсөткөн. Ал сүрөт менен тартылган персонаждардын кубаттуу индустриясын түзгөн (Микки-Маус, Дональд Дак ж. б.). СССРде мультипликациялык өнөрканалар 1920-жылдары пайда болгон. Мультфильмдерди «Союзмультфильм» киностудиясы (1936, Москва) чыгарган. 1977-жылы Кыргыз киностудиясында мультфильмдерди чыгаруучу бөлүм уюшулуп, «Сандардын чатагы», «Олокон», «Ажыдаардын үңкүрү», «Торгой», «Байпактын түшү» ж. б. алгачкы фильмдер коюлган. Анимациялык кинону чыгарууда режиссёр-сүрөтчүлөр чоң роль ойнойт. Кыргыз мультфильмдерин сүрөтчүлөр С. Ишенов, Б. Жумалиев, Б. Жусупбеков, В. Белов, М. Сарулу, А. Даирбеков ж. б. тартышкан. 20-кылымдын аягында 21-кылымдын башында кино искусствосуна компьютердик дизайн, видеоарт, документалдык элементтер кеңири кире баштады. Анимациялык кинонун эл аралык фестивалдары Ансида (Франция), Оттава (Канада), Хиросима (Япония), Сеул (Түш. Корея), Штутгарт (Германия) шаарларында 1998-жылдан Украина жана Россияда жыл сайын өткөрүлөт.
animatio – жандануу) – кинодо бөлөк-бөлөк
[[Категория:1-Том]]
сүрөттөрдү фотографиялоо ж-а аларды биринин
артынан бирин кыймыл иллюзиясын жаратуу
үчүн тез калыбына келтирүү. А. к. биринчи жолу
1892-ж. демонстрацияланган; ага-ини Люмьерлер кинокамераны ойлоп тапкандан кийин,
анын мүмкүнчүлүктөрү бир кыйла өскөн.

ж. А. к-нун эң кеңири тараган түрү – ''мультипликациялык фильм,'' мультипликация (лат.
multiplicatio – көбөйүү) пайда болгон. А. к.
рекламада ж-а куурчак, силуэт фильмдерин жаратууда пайдаланылат. Графикалык мультфильмди сүрөтчү-карикатурачы Э. Коль (Франция, 1908) негиздеген. Россияда биринчи мультфильмдерди реж. В. А. Старевич койгон (1911-
13). А. к-нун дүйнөлүк өнүгүшүнө амер. сүрөтчү
ж-а реж. У. Дисней чоң таасир көрсөткөн. Ал
сүрөт м-н тартылган персонаждардын кубаттуу
индустриясын түзгөн (Микки-Маус, ДональдДак ж. б.). СССРде мультипликациялык өнөрканалар 1920-жылдары пайда болгон. Мультфильмдерди «Союзмультфильм» киностудиясы
(1936, Москва) чыгарат. 1977-ж. Кыргыз киностудиясында мультфильмдерди чыгаруучу бөлүм
уюшулуп, «Сандардын чатагы», «Олокон», «Ажы
даардын үңкүрү», «Торгой», «Байпактын түшү»
ж. б. алгачкы фильмдер коюлган. А. к-ну чыгарууда режиссёр-сүрөтчүлөр чоң роль ойнойт.
Кыргыз мульфильмдерин сүрөтчүлөр С. Ишенов,
Б. Жумалиев, Б. Жусупбеков, В. Белов, М. Сарулу, А. Даирбеков ж. б. тартышкан. 20-21-к-да
кино иск-восуна компьютердик дизайн, видеоарт, документалдык элементтер кеңири кире
баштады. А. к-нун эл аралык фестивалдары
Ансида (Франция), Оттава (Канада), Хиросима
(Япония), Сеул (Түш. Корея), Штутгарт (Германия) ш-ларында 1998-жылдан Украина ж-а Россияда жыл сайын өткөрүлөт. ''Н. Жылдызова.''

09:54, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АНИМАЦИЯЛЫК КИНО, а н и м а ц и я (англ. animatio – жандануу) – кинодо бөлөк-бөлөк сүрөттөрдү фотографиялоо жана аларды биринин артынан бирин кыймыл иллюзиясын жаратуу үчүн тез калыбына келтирүү. Анимациялык кино биринчи жолу 1892-жылы демонстрацияланган; ага-ини Люмьерлер кинокамераны ойлоп тапкандан кийин, анын мүмкүнчүлүктөрү бир кыйла өскөн. 1908-жылы анимациялык кинонун эң кеңири тараган түрү – мультипликациялык фильм, мультипликация (лат. multiplicatio – көбөйүү) пайда болгон. Анимациялык кино рекламада жана куурчак, силуэт фильмдерин жаратууда пайдаланылат. Графикалык мультфильмди сүрөтчү-карикатурачы Э. Коль (Франция, 1908) негиздеген. Россияда биринчи мультфильмдерди реж. В. А. Старевич койгон (1911-13). Анимациялык кинонун дүйнөлүк өнүгүшүнө америкалык сүрөтчү жана режиссер У. Дисней чоң таасир көрсөткөн. Ал сүрөт менен тартылган персонаждардын кубаттуу индустриясын түзгөн (Микки-Маус, Дональд Дак ж. б.). СССРде мультипликациялык өнөрканалар 1920-жылдары пайда болгон. Мультфильмдерди «Союзмультфильм» киностудиясы (1936, Москва) чыгарган. 1977-жылы Кыргыз киностудиясында мультфильмдерди чыгаруучу бөлүм уюшулуп, «Сандардын чатагы», «Олокон», «Ажыдаардын үңкүрү», «Торгой», «Байпактын түшү» ж. б. алгачкы фильмдер коюлган. Анимациялык кинону чыгарууда режиссёр-сүрөтчүлөр чоң роль ойнойт. Кыргыз мультфильмдерин сүрөтчүлөр С. Ишенов, Б. Жумалиев, Б. Жусупбеков, В. Белов, М. Сарулу, А. Даирбеков ж. б. тартышкан. 20-кылымдын аягында 21-кылымдын башында кино искусствосуна компьютердик дизайн, видеоарт, документалдык элементтер кеңири кире баштады. Анимациялык кинонун эл аралык фестивалдары Ансида (Франция), Оттава (Канада), Хиросима (Япония), Сеул (Түш. Корея), Штутгарт (Германия) шаарларында 1998-жылдан Украина жана Россияда жыл сайын өткөрүлөт.