Difference between revisions of "АНАРХИЗМ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (→‎top: категория кошуу)

(8 intermediate revisions by 5 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
(гр. anarchia – бийликсиз) – коомдогу мамлекеттик түзүлүштү жокко чыгарган идеяны таркаткан саясий-социалдык кыймыл, ал мамлекеттик башкарууну толугу м-н элдик өзүн-өзү башкарууга алмаштырууну көздөйт. 1793-ж. англ. жазуучу У. Годвин «Саясий
'''АНАРХИЗМ''' (гр. anarchia – бийликсиз) – мамлекетсиз коомдук түзүлүш жөнүндөгү идея; мамлекетти эркин граждандардын ассоциациясы менен алмаштырууну максат кылган саясий кыймыл. 1793-жылы  англис жазуучу У. Годвин «Саясий акыйкаттыкты изилдөө» деген эмгегинде «Мамлекетсиз коом» деген түшүнүктү киргизген, 19-кылымдын 40–70-жылдарында саясий кыймыл катары пайда болгон. Анархизм – бир идеологиялык доктрина эмес, анын төрт негизги багыты бар: 1) индивидуалисттик; 2) мутуалисттик; 3) коллективисттик; 4) коммунисттик. Индивидуалисттик теорияны 1845-жылы  М. Штернер «Теңдешсиз жана анын менчиги» китебинде жазган. Теориянын негизин адамдын чексиз эркиндик идеясы түзөт. Мутуализм багытын негиздөөчү – П. Ж. Прудон. Коомдогу социалдык теңсиздиктин булагы калыс эмес товар алмашуу болгондуктан, анын ою боюнча соода системасында ''реформа'' жүргүзүү зарыл. Бул реформа ''инсандын'' мамлекетте көз каранды эместигине алып келет, ''мамлекет'' керексиз болуп, өзү жоголот. 19-кылымдын 60-жылдары М. А. Бакунин иштеп чыккан коллективдик анархизм теориясы жумушчу табынын арасында кеңири тараган. Анын ою боюнча мамлекет элди эзүү куралы болгондуктан, аны революциячыл жол менен жок кылуу зарыл деген. Коммунисттик багыттын теоретиги П. А. Кропоткин «өз ара жардамдашуу» деген биосоциологиялык мыйзамды негиздеген. Адамдар бири менен бири күрөшкө умтулбастан, кызматташууга аракет кылат, мамлекеттик бийликти, жеке менчикти жок кылуу менен гана эркин коммуналардын союзунун федерациясына өтүүгө болот.
''А. Бекбосун кызы.''

акыйкаттыкты изилдөө» деген эмгегинде «Мамлекетсиз коом» деген түшүнүктү киргизген, 19-
[[Категория:1-Том]]
к-дын 40–70-ж-нда саясий кыймыл катары пайда болгон. А. – бир идеологиялык доктрина
эмес, анын төрт негизги багыты бар: 1) индивидуалисттик; 2) мутуалисттик; 3) коллективисттик; 4) коммунисттик. Индивидуалисттик теорияны 1845-ж. М. Штернер «Теңдешсиз жана
анын менчиги» китебинде жазган. Теориянын
негизин адамдын чексиз эркиндик идеясы түзөт.
Мутуализм багытын негиздөөчү – П. Ж. Прудон. Коомдогу социал теңсиздиктин булагы калыс эмес товар алмашуу болгондуктан, анын
ою б-ча соода системасында ''реформа'' жүргүзүү
зарыл. Бул реформа ''инсандын'' мамлекетте көз
каранды эместигине алып келет, ''мамлекет'' керексиз болуп, өзү жоголот. 19-к-дын 60-жылдары М. А. Бакунин иштеп чыккан коллективдик
А. теориясы жумушчу табынын арасында кеңири тараган. Анын ою б-ча мамлекет элди эзүү
куралы болгондуктан, аны рев-ячыл жол м-н
жок кылуу зарыл деген. Коммунисттик багыттын теоретиги П. А. Кропоткин «өз ара жардамдашуу» деген биосоциологиялык мыйзамды
негиздеген. Адамдар бири м-н бири күрөшкө умтулбастан, кызматташууга аракет кылат, мамл.
бийликти, жеке менчикти жок кылуу м-н гана
эркин коммуналардын союзунун федерациясына өтүүгө болот.

''А. Бекбосун кызы.''

09:48, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АНАРХИЗМ (гр. anarchia – бийликсиз) – мамлекетсиз коомдук түзүлүш жөнүндөгү идея; мамлекетти эркин граждандардын ассоциациясы менен алмаштырууну максат кылган саясий кыймыл. 1793-жылы англис жазуучу У. Годвин «Саясий акыйкаттыкты изилдөө» деген эмгегинде «Мамлекетсиз коом» деген түшүнүктү киргизген, 19-кылымдын 40–70-жылдарында саясий кыймыл катары пайда болгон. Анархизм – бир идеологиялык доктрина эмес, анын төрт негизги багыты бар: 1) индивидуалисттик; 2) мутуалисттик; 3) коллективисттик; 4) коммунисттик. Индивидуалисттик теорияны 1845-жылы М. Штернер «Теңдешсиз жана анын менчиги» китебинде жазган. Теориянын негизин адамдын чексиз эркиндик идеясы түзөт. Мутуализм багытын негиздөөчү – П. Ж. Прудон. Коомдогу социалдык теңсиздиктин булагы калыс эмес товар алмашуу болгондуктан, анын ою боюнча соода системасында реформа жүргүзүү зарыл. Бул реформа инсандын мамлекетте көз каранды эместигине алып келет, мамлекет керексиз болуп, өзү жоголот. 19-кылымдын 60-жылдары М. А. Бакунин иштеп чыккан коллективдик анархизм теориясы жумушчу табынын арасында кеңири тараган. Анын ою боюнча мамлекет элди эзүү куралы болгондуктан, аны революциячыл жол менен жок кылуу зарыл деген. Коммунисттик багыттын теоретиги П. А. Кропоткин «өз ара жардамдашуу» деген биосоциологиялык мыйзамды негиздеген. Адамдар бири менен бири күрөшкө умтулбастан, кызматташууга аракет кылат, мамлекеттик бийликти, жеке менчикти жок кылуу менен гана эркин коммуналардын союзунун федерациясына өтүүгө болот.
А. Бекбосун кызы.