Difference between revisions of "АЛЫКУЛ ТААНУУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (→‎top: категория кошуу)

(10 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
– кыргыз адабият таануу
'''АЛЫКУЛ ТААНУУ''' – кыргыз адабият таануу илиминин бир тармагы. Акын А. ''Осмоновдун'' чыгармачылыгын изилдейт. А. Осмонов кыргыз поэзиясынын өнүгүшүнө, анын профессионалдык деңгээлинин жогорулашына салмактуу үлүш кошкон. Анын акындык табылгалары кыргыз поэзиясынын кийинки муундарына күчтүү таасирин тийгизген. А. Осмоновдун чыгармачылык өнөрканасы, анын идеялык-эстетикалык, поэтикалык табылгалары 1940-жылдын экинчи жарымынан адабий сындын предметине айлана баштаган. Акындын чыгармачылыгы улуттук поэзиябыздагы жаңыча көрүнүш экенин анын тирүү кезинде эле айрым кыраакы калемдештери, тактап айтканда Ясыр Шиваза менен Кайсын Кулиев «Алыкул Осмонов» (1946) аттуу макаласында аны «күчтүү ойдун акыны» деп атоо менен ырасташкан. Ал эми М. Алыбаевдин «Мааниси жок махабат» (1947), Ж. Бердибаевдин «Менин жерим – ырдын жери» (1947), Ж. Самагановдун «Бир чыгармага арналган үч макала тууралуу» (1948) аттуу макалаларда сынчылар ошол мезгилде ''адабият таануу'' илиминде орун алган кесепеттүү вульгардык социологиялык сындын таасири, акындын жаңычыл поэзиясын түшүнгүсү келбегендиги байкалат. 1950-жылы  Москвадан «Советский писатель» басмасынан А. Осмоновдун «Мой дом» аттуу ыр жыйнагы жарык көргөн. Котормочу С. Липкин ушул китепке жазган баш сөзүндө А. Осмоновдун чыныгы реалист акын экендигин белгилеген. Ошондой эле 1955–58-жылдары  акындын «Тандалмалары» орус тилинде Москвадан жарык көргөн. И. Бутенко, С. Даронян, Л. Лебедева, М. Рудов, А. Яшин акындын поэзиясындагы идеялык мазмундун тереңдиги менен поэтикалык форманын шайкештиги жөнүндө өз бааларын беришкен. Кыргыз адабият таануу илиминде жана адабий сынында өткөн кылымдын 50-жылдарында А. Осмоновдун чыгармачылык дүйнөсүн эстетикалык жактан ачуунун мезгили болгондугу талашсыз. Акындын оригиналдуу, жаңычыл, чоң арыштуу сүрөткер экенин илимий багытта адеп ачып көрсөткөн, жан-дили менен кайра-кайра жар салган сынчы Ш. Үмөталиев болгон. «А. Осмоновдун поэзиясы» (1956), «Актуалдуу ойдун акыны» (1954), «Канаттуу поэзия» (1956), «Турмуш жана акын» (1958) макалалары жана «Алыкул Осмонов. Өмүрү жана чыгармалары» (1958) аттуу монографиясы жарык көргөн. Андан кийин А. Осмоновдун чыгармачылыгынын жалпы жана жеке маселелерин козгогон кандидаттык диссертациялар жазылып, өзүнчө китеп түрүндө басылып чыккан. Алар: «А. Осмонов» (Р. Кыдырбаева, 1957), «А. Осмоновдун поэзиясындагы традиция жана новатордук» (А. Садыков, 1962), «Алыкул Осмоновдун поэзиясынын тили» (К. Кырбашев, 1967), «Пламенный поэт» (3. Мамытбеков, 1971). Адабиятчылар К. Артыкбаев, К. Асаналиев, К. Бобулов, М. Борбугулов, К. Даутов, К. Укаев тарабынан акындын поэзиясы тууралуу атайын макалалар жазылып, чебер тыянактар чыгарылган. Москвадан акындын «Тандалмалары» (1975), «Кыргызстан» басмасынан «Отчий край» (1987) деген жыйнагы басылып чыккан. А. Осмоновдун чыгармаларын которуу маселелерине арналган алгачкы эмгек 3. Мамытбековго таандык. В. И. Шаповаловдун докторлук диссертациясында да таланттуу акындын айрым чыгармаларынын котормолору тууралуу сөз болгон. Алыкул таануу жаатындагы соңку эмгектердин бири – С. Жигитовдун «Акындын эки өмүрү» монографиясын (1998) ушул багыттагы изилдөөлөрдүн жетишкендиги, бийиктиги катары баалоого болот. Бул эмгекте таланттуу акын, котормочу жана драматург А. Осмоновдун лирикалык жана лирика-эпикалык чыгармалары, пьесалары, котормолору илимий  принциптердин негизинде толук объективдүү талдоого алынган. А. Осмоновдун адабий мурасы калкыбыздын азыркы жана болочок рухий турмушунда активдүүлүгүн, актуалдуулугун жоготпой өмүр сүрүүдө, акындык кесипке талаптангандар үчүн өрнөктүү таалим-тарбия мектеби катары кызмат өтөөдө.
''А. Садыков''

илиминин бир тармагы. Акын А. ''Осмоновдун''
[[Категория:1-Том]]
чыг-н изилдейт. А. Осмонов кыргыз поэзиясынын өнүгүшүнө, анын профессионалдык деңгээлинин жогорулашына салмактуу үлүш кошкон. Анын акындык табылгалары кыргыз поэзиясынын кийинки муундарына күчтүү таасирин тийгизди. Осмоновдун чыг-лык өнөрканасы, анын идеялык-эстетикалык, поэтикалык
табылгалары 1940-ж-дын экинчи жарымынан
адабий сындын предметине айлана баштаган.
Акындын чыг-лыгы улуттук поэзиябыздагы
жаңыча көрүнүш экенин анын тирүү кезинде эле
айрым кыраакы калемдештери, тактап айтканда
Ясыр Шиваза м-н Кайсын Кулиев «Алыкул Осмонов» (1946) аттуу макаласында аны «күчтүү
ойдун акыны» деп атоо м-н ырасташкан. Ал эми
М. Алыбаевдин «Мааниси жок махабат» (1947),
Ж. Бердибаевдин «Менин жерим – ырдын жери»
(1947), Ж. Самагановдун «Бир чыгармага арналган үч макала тууралуу» (1948) аттуу макалаларда сынчылар ошол мезгилде ''адабият таануу'' илиминде орун алган кесепеттүү вульгардыксоциол. сындын таасири, акындын жаңычыл
поэзиясын түшүнгүсү келбегендиги байкалат.
1950- ж. Москвадан «Советский писатель» басмасынан А. Осмоновдун «Мой дом» аттуу ыр жыйнагы жарык көргөн. Котормочу С. Липкин ушул китепке жазган баш сөзүндө А. Осмонов-дун чыныгы реалист акын экендигин белгилеген. О. эле 1955-58-ж. акындын «Тандалмалары» орус тилинде Москвадан жарык көргөн. И. Бутен-ко, С. Даронян, Л. Лебедева, М. Рудов, А. Яшин акындын поэзиясындагы идеялык мазмундун тереңдиги м-н поэтикалык форманын шайкештиги ж-дө өз бааларын беришкен. Кыргыз адабият таануу илиминде ж-а адабий сынында өткөн к-дын 50-ж-нда А. Осмоновдун чыг-лык дүйнөсүн эстетикалык жактан ачуунун мезгили болгондугу талашсыз. Акындын оригиналдуу, жаңычыл, чоң арыштуу сүрөткер экенин ил. багытта адеп ачып көрсөткөн, жан-дили м-н кайра-кайра жар салган сынчы Ш. Үмөталиев болгон. «А. Осмоновдун поэзиясы» (1956), «Актуалдуу ойдун акыны» (1954), «Канаттуу по-эзия» (1956), «Турмуш жана акын» (1958) макалалары ж-а «Алыкул Осмонов. Өмүрү жана чыгармалары» (1958) аттуу монографиясы жарык көргөн. Андан кийин А. Осмоновдун чыг-лыгынын жалпы ж-а жеке маселелерин козгогон кандидаттык диссертациялар жазылып, өзүнчө китеп түрүндө басылып чыккан. Алар: «А. Ос-монов» (Р. Кыдырбаева, 1957), «А. Осмоновдун поэзиясындагы традиция жана новатордук» (А. Садыков, 1962), «Алыкул Осмоновдун поэзиясынын тили» (К. Кырбашев, 1967), «Пламен-ный поэт» (3. Мамытбеков, 1971). Адабиятчылар К. Артыкбаев, К. Асаналиев, К. Бобулов, М. Борбугулов, К. Даутов, К. Укаев тарабынан акындын поэзиясы тууралуу атайын макалалар жазылып, чебер тыянактар чыгарылган. Москвадан акындын «Тандалмалары» (1975), «Кыргызстан» басмасынан «Отчий край» (1987) деген жыйнагы басылып чыккан. А. Осмонов-дун чыгармаларын которуу маселелерине арнал-ган алгачкы эмгек 3. Мамытбековго таандык. В. И. Шаповаловдун докторлук диссертациясында да таланттуу акындын айрым чыгармаларынын котормолору тууралуу сөз болгон. А. жаатындагы соңку эмгектердин бири – С. Жигитовдун «Акындын эки өмүрү» монографиясын (1998) ушул багыттагы изилдөөлөрдүн жетишкендиги, бийиктиги катары баалоого бо-лот. Бул эмгекте таланттуу акын, котормочу ж-а драматург А. Осмоновдун лирикалык ж-а лирика-эпикалык чыгармалары, пьесалары, котормолору ил. принциптердин негизинде толук объективдүү талдоого алынган. А. Осмоновдун адабий мурасы калкыбыздын азыркы ж-а болочок рухий турмушунда активдүүлүгүн, актуалдуулугун жоготпой өмүр сүрүүдө, акындык кесипке талаптангандар үчүн өрнөктүү таалим-тарбия мектеби катары кызмат өтөөдө.

''А. Садыков''

09:26, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЛЫКУЛ ТААНУУ – кыргыз адабият таануу илиминин бир тармагы. Акын А. Осмоновдун чыгармачылыгын изилдейт. А. Осмонов кыргыз поэзиясынын өнүгүшүнө, анын профессионалдык деңгээлинин жогорулашына салмактуу үлүш кошкон. Анын акындык табылгалары кыргыз поэзиясынын кийинки муундарына күчтүү таасирин тийгизген. А. Осмоновдун чыгармачылык өнөрканасы, анын идеялык-эстетикалык, поэтикалык табылгалары 1940-жылдын экинчи жарымынан адабий сындын предметине айлана баштаган. Акындын чыгармачылыгы улуттук поэзиябыздагы жаңыча көрүнүш экенин анын тирүү кезинде эле айрым кыраакы калемдештери, тактап айтканда Ясыр Шиваза менен Кайсын Кулиев «Алыкул Осмонов» (1946) аттуу макаласында аны «күчтүү ойдун акыны» деп атоо менен ырасташкан. Ал эми М. Алыбаевдин «Мааниси жок махабат» (1947), Ж. Бердибаевдин «Менин жерим – ырдын жери» (1947), Ж. Самагановдун «Бир чыгармага арналган үч макала тууралуу» (1948) аттуу макалаларда сынчылар ошол мезгилде адабият таануу илиминде орун алган кесепеттүү вульгардык социологиялык сындын таасири, акындын жаңычыл поэзиясын түшүнгүсү келбегендиги байкалат. 1950-жылы Москвадан «Советский писатель» басмасынан А. Осмоновдун «Мой дом» аттуу ыр жыйнагы жарык көргөн. Котормочу С. Липкин ушул китепке жазган баш сөзүндө А. Осмоновдун чыныгы реалист акын экендигин белгилеген. Ошондой эле 1955–58-жылдары акындын «Тандалмалары» орус тилинде Москвадан жарык көргөн. И. Бутенко, С. Даронян, Л. Лебедева, М. Рудов, А. Яшин акындын поэзиясындагы идеялык мазмундун тереңдиги менен поэтикалык форманын шайкештиги жөнүндө өз бааларын беришкен. Кыргыз адабият таануу илиминде жана адабий сынында өткөн кылымдын 50-жылдарында А. Осмоновдун чыгармачылык дүйнөсүн эстетикалык жактан ачуунун мезгили болгондугу талашсыз. Акындын оригиналдуу, жаңычыл, чоң арыштуу сүрөткер экенин илимий багытта адеп ачып көрсөткөн, жан-дили менен кайра-кайра жар салган сынчы Ш. Үмөталиев болгон. «А. Осмоновдун поэзиясы» (1956), «Актуалдуу ойдун акыны» (1954), «Канаттуу поэзия» (1956), «Турмуш жана акын» (1958) макалалары жана «Алыкул Осмонов. Өмүрү жана чыгармалары» (1958) аттуу монографиясы жарык көргөн. Андан кийин А. Осмоновдун чыгармачылыгынын жалпы жана жеке маселелерин козгогон кандидаттык диссертациялар жазылып, өзүнчө китеп түрүндө басылып чыккан. Алар: «А. Осмонов» (Р. Кыдырбаева, 1957), «А. Осмоновдун поэзиясындагы традиция жана новатордук» (А. Садыков, 1962), «Алыкул Осмоновдун поэзиясынын тили» (К. Кырбашев, 1967), «Пламенный поэт» (3. Мамытбеков, 1971). Адабиятчылар К. Артыкбаев, К. Асаналиев, К. Бобулов, М. Борбугулов, К. Даутов, К. Укаев тарабынан акындын поэзиясы тууралуу атайын макалалар жазылып, чебер тыянактар чыгарылган. Москвадан акындын «Тандалмалары» (1975), «Кыргызстан» басмасынан «Отчий край» (1987) деген жыйнагы басылып чыккан. А. Осмоновдун чыгармаларын которуу маселелерине арналган алгачкы эмгек 3. Мамытбековго таандык. В. И. Шаповаловдун докторлук диссертациясында да таланттуу акындын айрым чыгармаларынын котормолору тууралуу сөз болгон. Алыкул таануу жаатындагы соңку эмгектердин бири – С. Жигитовдун «Акындын эки өмүрү» монографиясын (1998) ушул багыттагы изилдөөлөрдүн жетишкендиги, бийиктиги катары баалоого болот. Бул эмгекте таланттуу акын, котормочу жана драматург А. Осмоновдун лирикалык жана лирика-эпикалык чыгармалары, пьесалары, котормолору илимий принциптердин негизинде толук объективдүү талдоого алынган. А. Осмоновдун адабий мурасы калкыбыздын азыркы жана болочок рухий турмушунда активдүүлүгүн, актуалдуулугун жоготпой өмүр сүрүүдө, акындык кесипке талаптангандар үчүн өрнөктүү таалим-тарбия мектеби катары кызмат өтөөдө.
А. Садыков