Difference between revisions of "АЛТАИСТИКА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (→‎top: категория кошуу)

(8 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
– ''алтай тилдеринде'' сүйлөгөн
'''АЛТАИСТИКА''' – ''алтай тилдеринде'' сүйлөгөн элдердин (түрк-моңгол, тунгус-маньчжур, корей-япон) тилин, тарыхын, этнографиясын, адабиятын, маданиятын жанa дүйнө таанымын изилдөөчү илим.1730-жылы  Алтаистика адегенде алтай тилдеринин окшоштугу, тектештиги жөнүндөгү гипотеза түрүндө жаралып, 1835-жылдан өзүнчө илимий багыт катары өнүгө баштаган. Бүгүнкү күндө да тил илиминдеги дүйнөлүк теориялык чоң маселелердин бири катары калууда. Алтай тилдеринин окшоштугу, тектештиги жөнүндөгү гипотезанын негиздөөчүсү катары Петр 1нин тушунда туткунга алынган швед офицери Ф. И. Табберт-Страленберг эсептелет. Ал Сибирде сүргүндө жүрүп, жергиликтүү элдин турмуш-тиричилиги, фольклордук чыгармалары, этнографиясы, тили жөнүндө көп материал жыйнап, аларды иликтөө менен урал (угро-фин, самодий) жанa алтай (түрк-моңгол, тунгус-маньчжур) тилдеринин биринчи классификациясын түзүп (1730), тилдик окшоштуктарга өзгөчө көңүл бурган. Кийин бул көз караш А. Шатт (1839,1849), В. Видеман (1838), М. А. Кастрен (1849), Е. Боллер (1857), К. Немет (1873), X. Винклер (1884, 1900), Б. Мункачи (1911), Е. Поливанов (1924, 1927), Г. Рамстедт (1928, 1933), М. Рясенен (1955) ж. б. окумуштуулардын көңүлүн буруп, дүйнөлүк тектештирме-тарыхый илимде өзүнчө тармак катары калыптанган. XIX кылымдын экинчи жарымынан тартып япон жанa корей тилдерин алтай тобундагы тилдердин катарына кошууга өзгөчө басым жасалган. Е. Боллер, X. Винклер, Б. Мункачи, Е. Поливанов, Г. Рамстедт сыяктуу окумуштуулар аталган тилдер менен алтай тилдеринин өз ара гендик  тектештигин далилдөөгө аракеттенишкен. Бүгүнкү күндө алтаистикада негизинен алтай тилдерине басым жасалып, теориялык  жактан эки багытта өнүгүүдө: а) алтай тилдеринин гендик тектештиги жөнүндөгү теория; б) алтай тилдеринин типологиялык окшоштугу жөнүндөгү теория. Биринчи теориянын жогоруда аталган негиздөөчүлөрү менен бирге кийинки көрүнүктүү өкүлдөрү Н. Н. Поппе, О. Л. Суник,И. Цинциус, И. А. Сыромятников, Н. А. Баскаков, М. Матсумато, С. Мурамайо, ошондой эле кыргыз жанa япон тилдеринин материалдарынын негизинде изилдөө жүргүзгөн япон окумуштуусу И. Хиронори ж. б. алтай тилдеринин өз ара фонетикалык, лексикалык, морфологиялык  жанa синтаксистик жактан болгон окшоштуктарын, башкача  айтканда  жалпылыктарды алардын гендик  тектештиги деп түшүндүрүшөт. Ал окшоштуктарга басым коюшат жанa ушул багытта изилдөөлөрүн улантышууда. Ал эми экинчи теориянын өкүлдөрү В. Л. Котвич, Л. Лигети, Д. Клоусен, Г. Дёрфер, А. М. Щербак, Г. Санжеев ж. б. окумуштуулардын концепциясы боюнча алтай тилдериндеги окшоштук-жалпылыктарды типологиялык жакындыктар жана алар тилдик узак карым-катыштын негизинде пайда болгон деп эсептешкен, андагы айырмачылыктарды көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурушкан. Бүгүнкү күндө алтаистика фонетикалык, лексикалык, морфологиялык, синтаксистик маселелердин тектештирме тарыхый методунун негизинде ар тараптуу терең жанa кеңири изилдөөгө алынган.
элдердин (түрк-моңгол, тунгус-маньчжур, корейяпон) тилин, тарыхын, этнографиясын, ад-тын,
мад-тын ж-a дүйнө таанымын изилдөөчү илим.
1730-ж. А. адегенде алтай тилдеринин окшоштугу, тектештиги ж-дөгү гипотеза түрүндө жаралып, 1835-жылдан өзүнчө ил. багыт катары
өнүгө баштаган. Бүгүнкү күндө да тил илиминдеги дүйнөлүк теор. чоң маселелердин бири катары калууда. Алтай тилдеринин окшоштугу,
тектештиги ж-дөгү гипотезанын негиздөөчүсү
катары Петр 1нин тушунда туткунга алынган
швед офицери Ф. И. Табберт-Страленберг эсептелет. Ал Сибирде сүргүндө жүрүп, жерг. элдин
турмуш-тиричилиги, фольклордук чыгармалары, этнографиясы, тили ж-дө көп материал жыйнап, аларды иликтөө м-н урал (угро-фин, самодий) ж-a алтай (түрк-моңгол, тунгус-маньчжур)
тилдеринин биринчи классификациясын түзүп
(1730), тилдик окшоштуктарга өзгөчө көңүл
бурган. Кийин бул көз караш А. Шатт (1839,
1849), В. Видеман (1838), М. А. Кастрен (1849),
Е. Боллер (1857), К. Немет (1873), X. Винклер
(1884, 1900), Б. Мункачи (1911), Е. Поливанов
(1924, 1927), Г. Рамстедт (1928, 1933), М. Рясенен (1955) ж. б. окумуштуулардын көңүлүн буруп, дүйнөлүк тектештирме-тарыхый илимде
өзүнчө тармак катары калыптанган. XIX к-дын
экинчи жарымынан тартып япон ж-a корей
тилдерин алтай тобундагы тилдердин катарына кошууга өзгөчө басым жасалган. Е. Боллер,
X. Винклер, Б. Мункачи, Е. Поливанов, Г. Рамстедт сыяктуу окумуштуулар аталган тилдер
м-н алтай тилдеринин өз ара ген. тектештигин
далилдөөгө аракеттенишкен. Бүгүнкү күндө
A-да негизинен алтай тилдерине басым жасалып, теор. жактан эки багытта өнүгүүдө: а) алтай тилдеринин ген. тектештиги ж-дөгү теория;
б) алтай тилдеринин типологиялык окшоштугу ж-дөгү теория. Биринчи теориянын жогоруда аталган негиздөөчүлөрү м-н бирге кийинки
көрүнүктүү өкүлдөрү Н. Н. Поппе, О. Л. Суник,

И. Цинциус, И. А. Сыромятников, Н. А. Бас-каков, М. Матсумато, С. Мурамайо, о. эле кыр-гыз ж-a япон тилдеринин материалдарынын
негизинде изилдөө жүргүзгөн япон окумуштуусу И. Хиронори ж. б. алтай тилдеринин өз ара
фонет., лексикалык, морфол. ж-a синтаксистик
жактан болгон окшоштуктарын, б. а. жалпылыктарды алардын ген. тектештиги деп түшүндүрүшөт. Ал окшоштуктарга басым коюшат
ж-a ушул багытта изилдөөлөрүн улантышууда.
Ал эми экинчи теориянын өкүлдөрү В. Л. Котвич,
Л. Лигети, Д. Клоусен, Г. Дёрфер, А. М. Щербак, Г. Санжеев ж. б. окумупггуулардын концеп
циясы б-ча алтай тилдериндеги окшоштук-жалпылыктарды типологиялык жакындыктар ж-а
алар тилдик узак карым-катыштын негизинде
пайда болгон деп эсептешкен, андагы айырмачылыктарды көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурушкан. Бүгүнкү күндө А. фонет., лексикалык, морфол., синтаксистик маселелердин тектештирметарыхый методунун негизинде ар тараптуу терең
ж-a кеңири изилдөөгө алынган. ''С. Мусаев.''

С. Мусаев.

[[Категория:1-Том]]

09:23, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЛТАИСТИКАалтай тилдеринде сүйлөгөн элдердин (түрк-моңгол, тунгус-маньчжур, корей-япон) тилин, тарыхын, этнографиясын, адабиятын, маданиятын жанa дүйнө таанымын изилдөөчү илим.1730-жылы Алтаистика адегенде алтай тилдеринин окшоштугу, тектештиги жөнүндөгү гипотеза түрүндө жаралып, 1835-жылдан өзүнчө илимий багыт катары өнүгө баштаган. Бүгүнкү күндө да тил илиминдеги дүйнөлүк теориялык чоң маселелердин бири катары калууда. Алтай тилдеринин окшоштугу, тектештиги жөнүндөгү гипотезанын негиздөөчүсү катары Петр 1нин тушунда туткунга алынган швед офицери Ф. И. Табберт-Страленберг эсептелет. Ал Сибирде сүргүндө жүрүп, жергиликтүү элдин турмуш-тиричилиги, фольклордук чыгармалары, этнографиясы, тили жөнүндө көп материал жыйнап, аларды иликтөө менен урал (угро-фин, самодий) жанa алтай (түрк-моңгол, тунгус-маньчжур) тилдеринин биринчи классификациясын түзүп (1730), тилдик окшоштуктарга өзгөчө көңүл бурган. Кийин бул көз караш А. Шатт (1839,1849), В. Видеман (1838), М. А. Кастрен (1849), Е. Боллер (1857), К. Немет (1873), X. Винклер (1884, 1900), Б. Мункачи (1911), Е. Поливанов (1924, 1927), Г. Рамстедт (1928, 1933), М. Рясенен (1955) ж. б. окумуштуулардын көңүлүн буруп, дүйнөлүк тектештирме-тарыхый илимде өзүнчө тармак катары калыптанган. XIX кылымдын экинчи жарымынан тартып япон жанa корей тилдерин алтай тобундагы тилдердин катарына кошууга өзгөчө басым жасалган. Е. Боллер, X. Винклер, Б. Мункачи, Е. Поливанов, Г. Рамстедт сыяктуу окумуштуулар аталган тилдер менен алтай тилдеринин өз ара гендик тектештигин далилдөөгө аракеттенишкен. Бүгүнкү күндө алтаистикада негизинен алтай тилдерине басым жасалып, теориялык жактан эки багытта өнүгүүдө: а) алтай тилдеринин гендик тектештиги жөнүндөгү теория; б) алтай тилдеринин типологиялык окшоштугу жөнүндөгү теория. Биринчи теориянын жогоруда аталган негиздөөчүлөрү менен бирге кийинки көрүнүктүү өкүлдөрү Н. Н. Поппе, О. Л. Суник,И. Цинциус, И. А. Сыромятников, Н. А. Баскаков, М. Матсумато, С. Мурамайо, ошондой эле кыргыз жанa япон тилдеринин материалдарынын негизинде изилдөө жүргүзгөн япон окумуштуусу И. Хиронори ж. б. алтай тилдеринин өз ара фонетикалык, лексикалык, морфологиялык жанa синтаксистик жактан болгон окшоштуктарын, башкача айтканда жалпылыктарды алардын гендик тектештиги деп түшүндүрүшөт. Ал окшоштуктарга басым коюшат жанa ушул багытта изилдөөлөрүн улантышууда. Ал эми экинчи теориянын өкүлдөрү В. Л. Котвич, Л. Лигети, Д. Клоусен, Г. Дёрфер, А. М. Щербак, Г. Санжеев ж. б. окумуштуулардын концепциясы боюнча алтай тилдериндеги окшоштук-жалпылыктарды типологиялык жакындыктар жана алар тилдик узак карым-катыштын негизинде пайда болгон деп эсептешкен, андагы айырмачылыктарды көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурушкан. Бүгүнкү күндө алтаистика фонетикалык, лексикалык, морфологиялык, синтаксистик маселелердин тектештирме тарыхый методунун негизинде ар тараптуу терең жанa кеңири изилдөөгө алынган.

С. Мусаев.