Difference between revisions of "АЙНЕК"
м (→top: категория кошуу) |

(4 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЙНЕК''' – аморфтуу, морт, тунук материал. Айнек пайда кылуучу металл жана металл эместердин оксиддеринин балкып эриген эритиндисин муздатуудан алынат. Айнектин физикалык, химиялык касиеттери анын химиялык курамына, кайнатуу жана формага келтирүү шартына, андан кийинки жылуулук, химиялык, механикалык иштетилишине жараша болот. Анын бир нече түрү бар. Силикат Айнектин негизги компоненти – Si02. Көп компонентүү силикат Айнектин негизи NaaO‑CaO – Si02 системасынан жана А1203, MgO кошундусунан турат. В203 бораттык Айнектин’негизги компоненти. Na20 – В203 – Si02 жана Na20 – А1203 – Si02 системаларынын негизинде алынган бор‑силикаттык айнектерге караганда жогорку температурага туруктуу айнек – пирекс кеңири колдонулат. Фосфаттык Айнектин негизги компоненти – Р205. Айнек алынуучу материалдар – таза кварц куму, сода, шакар, натрий сульфаты, фосфор кислоталары, коалин, талаа шпаты, цинк оксиди ж. б. кошумча материалдар – боёгуч жана жалтыратуучу заттар, оксиддендиргичтер, өң бергичтер. Айнектин курамына NiO, Fe203, Ag, Се203 кошулса- сары; Сг 03, СиО – жашыл; СиО, СоО -көк; Fe203, FeS, Ti203, Bi2S – күрөң; Au, Си, CdS, CdSe – кошулса кызгылт, кызыл түскө ээ болот. Айнекти формага келтирүү үчүн пресстөө, үйлөтүү, чоюу, прокаттоо ыкмалары колдонулат. Кварц айнеги 2000°Сден жогору температурада табигый кварцты же синтездик Si02ни электр мештеринде эритүүдөн алынат. Айнек курулушта, түтүк даярдоодо, медицинада, химиялык лабораторияларда, ядролук реакторлордо, оптика аспаптарын, рентген түтүктөрүн, айнек‑цемент, айнек‑эмаль, глазурь өндүрүүдө колдонулат.

[[Категория:1-Том]] |
08:42, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЙНЕК – аморфтуу, морт, тунук материал. Айнек пайда кылуучу металл жана металл эместердин оксиддеринин балкып эриген эритиндисин муздатуудан алынат. Айнектин физикалык, химиялык касиеттери анын химиялык курамына, кайнатуу жана формага келтирүү шартына, андан кийинки жылуулук, химиялык, механикалык иштетилишине жараша болот. Анын бир нече түрү бар. Силикат Айнектин негизги компоненти – Si02. Көп компонентүү силикат Айнектин негизи NaaO‑CaO – Si02 системасынан жана А1203, MgO кошундусунан турат. В203 бораттык Айнектин’негизги компоненти. Na20 – В203 – Si02 жана Na20 – А1203 – Si02 системаларынын негизинде алынган бор‑силикаттык айнектерге караганда жогорку температурага туруктуу айнек – пирекс кеңири колдонулат. Фосфаттык Айнектин негизги компоненти – Р205. Айнек алынуучу материалдар – таза кварц куму, сода, шакар, натрий сульфаты, фосфор кислоталары, коалин, талаа шпаты, цинк оксиди ж. б. кошумча материалдар – боёгуч жана жалтыратуучу заттар, оксиддендиргичтер, өң бергичтер. Айнектин курамына NiO, Fe203, Ag, Се203 кошулса- сары; Сг 03, СиО – жашыл; СиО, СоО -көк; Fe203, FeS, Ti203, Bi2S – күрөң; Au, Си, CdS, CdSe – кошулса кызгылт, кызыл түскө ээ болот. Айнекти формага келтирүү үчүн пресстөө, үйлөтүү, чоюу, прокаттоо ыкмалары колдонулат. Кварц айнеги 2000°Сден жогору температурада табигый кварцты же синтездик Si02ни электр мештеринде эритүүдөн алынат. Айнек курулушта, түтүк даярдоодо, медицинада, химиялык лабораторияларда, ядролук реакторлордо, оптика аспаптарын, рентген түтүктөрүн, айнек‑цемент, айнек‑эмаль, глазурь өндүрүүдө колдонулат.