Difference between revisions of "АКАЕВ Аскар"
м (→top: категория кошуу) |

(4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АКАЕВ''' Аскар (10. 11. 1944‑ж.т., Чүй облусу, Кемин району, Кызыл‑Байрак айылы) – Кыргыз Республикасынын тунгуч Президенти (1990–2005); көрүнүктүү илимпоз физик, техника илимдеринин доктору (1981), профессор (1983), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1987), Россия ИАнын анык мүчөсү (2006). 1968-ж. Ленинград так механика жана оптика институтун бүтүрүп, ошол эле институтта улук лаборант, аспирант, инженер, 1972–73‑ж. ФПИде ассистент, улук окутуучу, 1973–76‑ж. Ленинград так механика жана оптика институтунда улук илимий кызматкер, улук окутуучу. 1976‑жылдан кайрадан ФПИде улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы болуп иштеген. 1986–87‑ж. Кыргызстан КП БКнын илим жана окуу жайлар бөлүмүнүн жетекчиси, 1987‑ж. Кыргыз ССР ИАнын вице‑президенти, 1989-жылдан президенти. 1989‑ж. Аскар Акаев СССР эл депутаты болуп шайланган. 1990‑ж. 27‑октябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиясында, ал эми 1991‑ж. 12‑октябрда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өткөрүлгөн жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президенттигине шайланган. Өлкөнүн президенти катары республикада алгачкы демократиялык институттардын, жарандык коомдун жана рынок экономикасынын негиздерин түптөөгө олуттуу салым кошкон. | |||
[[File:АКАЕВ 132.png | thumb | none]] | [[File:АКАЕВ 132.png | thumb|none]] | ||
Алсак, КМШ | Алсак, КМШ өлкөлөрүнөн биринчи болуп, Кыргызстанда улуттук валюта – сом киргизилип, «Манас‑1000», «Ош‑3000», Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы БУУнун колдоосу менен белгиленген. Ошону менен бирге анын башкаруусунун акыркы жылдарында коррупциянын күч алуусу, өлкөдөгү социалдык‑экономикалык абалдын татаалдашы, өлкөнүн тышкы карызы 2 млрд. доллардан ашып кетиши, өлкөдөгү саясий‑экономикалык кризистин күчөшү 2005‑жылдын 24‑мартындагы окуяга алып келди. Натыйжада Аскар Акаев Кыргызстандан кетүүгө аргасыз болгон. Илимпоз катары ал эсептегич техникаларды жана кванттык радиофизика жаатындагы маселелерди чечүүгө арналган жаңы илимий багыттын – оптикалык эсептөө техника тармагын негиздегендердин бири. Аскар Акаев 200дөн ашык илимий эмгектердин, анын ичинде 16 монографиянын автору. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын (1976), Эл аралык Дж. Неру атындагы биримдик фондусунун (1995), Улуу Петр (Россия Федерациясы) ж. б. эл аралык сыйлыктардын лауреаты. Альберт Эйнштейн атындагы (АКШ), Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Алтын медалдары менен сыйланган. | ||
Эмг.: Когерентные оптические вычислительные машины. Л., 1977; Оптические методы обработки информации. Учебник для ВУЗов. М., 1998; Переходная экономика глазами физика. Б., 2000; Памятное десятилетие. Б., 2001; Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана «Манас» эпосу. Б., 2002. | |||
[[Категория:1-Том]] |
08:58, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АКАЕВ Аскар (10. 11. 1944‑ж.т., Чүй облусу, Кемин району, Кызыл‑Байрак айылы) – Кыргыз Республикасынын тунгуч Президенти (1990–2005); көрүнүктүү илимпоз физик, техника илимдеринин доктору (1981), профессор (1983), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1987), Россия ИАнын анык мүчөсү (2006). 1968-ж. Ленинград так механика жана оптика институтун бүтүрүп, ошол эле институтта улук лаборант, аспирант, инженер, 1972–73‑ж. ФПИде ассистент, улук окутуучу, 1973–76‑ж. Ленинград так механика жана оптика институтунда улук илимий кызматкер, улук окутуучу. 1976‑жылдан кайрадан ФПИде улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы болуп иштеген. 1986–87‑ж. Кыргызстан КП БКнын илим жана окуу жайлар бөлүмүнүн жетекчиси, 1987‑ж. Кыргыз ССР ИАнын вице‑президенти, 1989-жылдан президенти. 1989‑ж. Аскар Акаев СССР эл депутаты болуп шайланган. 1990‑ж. 27‑октябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиясында, ал эми 1991‑ж. 12‑октябрда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өткөрүлгөн жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президенттигине шайланган. Өлкөнүн президенти катары республикада алгачкы демократиялык институттардын, жарандык коомдун жана рынок экономикасынын негиздерин түптөөгө олуттуу салым кошкон.
Алсак, КМШ өлкөлөрүнөн биринчи болуп, Кыргызстанда улуттук валюта – сом киргизилип, «Манас‑1000», «Ош‑3000», Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы БУУнун колдоосу менен белгиленген. Ошону менен бирге анын башкаруусунун акыркы жылдарында коррупциянын күч алуусу, өлкөдөгү социалдык‑экономикалык абалдын татаалдашы, өлкөнүн тышкы карызы 2 млрд. доллардан ашып кетиши, өлкөдөгү саясий‑экономикалык кризистин күчөшү 2005‑жылдын 24‑мартындагы окуяга алып келди. Натыйжада Аскар Акаев Кыргызстандан кетүүгө аргасыз болгон. Илимпоз катары ал эсептегич техникаларды жана кванттык радиофизика жаатындагы маселелерди чечүүгө арналган жаңы илимий багыттын – оптикалык эсептөө техника тармагын негиздегендердин бири. Аскар Акаев 200дөн ашык илимий эмгектердин, анын ичинде 16 монографиянын автору. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын (1976), Эл аралык Дж. Неру атындагы биримдик фондусунун (1995), Улуу Петр (Россия Федерациясы) ж. б. эл аралык сыйлыктардын лауреаты. Альберт Эйнштейн атындагы (АКШ), Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Алтын медалдары менен сыйланган.
Эмг.: Когерентные оптические вычислительные машины. Л., 1977; Оптические методы обработки информации. Учебник для ВУЗов. М., 1998; Переходная экономика глазами физика. Б., 2000; Памятное десятилетие. Б., 2001; Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана «Манас» эпосу. Б., 2002.