Difference between revisions of "АЙЛАНМА КАПИТАЛ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
117-179>KadyrM
м (→‎top: категория кошуу)

(4 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
– өндүрүштүн цикли аяктаганга чейин айланчу өндүрүш каражатта­ры; А. к. туруктуу капиталдын (сырьё, матери­алдар, энергия, отун, бүтө элек өндүрүш) ж‑а ''өзгөрулмө капиталдын'' элементтеринде жүзөгө ашырылат. А. к. наркы продукцияны сатып өткөрүүдө ишкерге толук кайтарылып берилет. Капиталдын негизги ж‑а айланма болуп бөлү­нүшү өндүрүш капиталына тиешелүү ж‑а жү­гүртүү капиталына (товардык ж‑а акча) кир­бейт. А. к‑ды өндүрүш капиталынын бир бөлүгү катары ''К. Маркс'' ачкан. А. ''Смит'' аны товар дык же соода капиталы катары караган. ''Д. Ри кардо'' А. к‑ын жумушчу күчүн сатып алууга жум­шалган ''чыгымга'' окшоштурган. Азыркы батыш экономика теориясы А. к. түшүнүгүн бөлүп ка­рабайт. Иш жүзүндө ал айланма өндүрүш капи талы м‑н катар жүгүртүү, товардык ж‑а акча капиталын камтуучу жалпы күндөлүк ''акти''в­''дерди'' түшүндүрөт, к. ''Айланма каражаттар.''
'''АЙЛАНМА КАПИТАЛ ''' өндүрүштүн цикли аяктаганга чейин айланчу өндүрүш каражатта­ры; Айланма капитал туруктуу капиталдын (сырьё, матери­алдар, энергия, отун, бүтө элек өндүрүш) жана ''өзгөрулмө капиталдын'' элементтеринде жүзөгө ашырылат. Айланма  капитал  наркы продукцияны сатып өткөрүүдө ишкерге толук кайтарылып берилет. Капиталдын негизги жана айланма болуп бөлү­нүшү өндүрүш капиталына тиешелүү жана жү­гүртүү капиталына (товардык жана акча) кир­бейт. Айланма  капиталды өндүрүш капиталынын бир бөлүгү катары ''К. Маркс'' ачкан. А. ''Смит'' аны товардык же соода капиталы катары караган. ''Д. Рикардо'' айланма капиталын жумушчу күчүн сатып алууга жум­шалган ''чыгымга'' окшоштурган. Азыркы батыш экономика теориясы айланма  капитал түшүнүгүн бөлүп ка­рабайт. Иш жүзүндө ал айланма өндүрүш капиталы менен катар жүгүртүү, товардык жана акча капиталын камтуучу жалпы күндөлүк ''акти''в­''дерди'' түшүндүрөт.

''Айланма каражаттар.''
[[Категория:1-Том]]

08:42, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЙЛАНМА КАПИТАЛ – өндүрүштүн цикли аяктаганга чейин айланчу өндүрүш каражатта­ры; Айланма капитал туруктуу капиталдын (сырьё, матери­алдар, энергия, отун, бүтө элек өндүрүш) жана өзгөрулмө капиталдын элементтеринде жүзөгө ашырылат. Айланма капитал наркы продукцияны сатып өткөрүүдө ишкерге толук кайтарылып берилет. Капиталдын негизги жана айланма болуп бөлү­нүшү өндүрүш капиталына тиешелүү жана жү­гүртүү капиталына (товардык жана акча) кир­бейт. Айланма капиталды өндүрүш капиталынын бир бөлүгү катары К. Маркс ачкан. А. Смит аны товардык же соода капиталы катары караган. Д. Рикардо айланма капиталын жумушчу күчүн сатып алууга жум­шалган чыгымга окшоштурган. Азыркы батыш экономика теориясы айланма капитал түшүнүгүн бөлүп ка­рабайт. Иш жүзүндө ал айланма өндүрүш капиталы менен катар жүгүртүү, товардык жана акча капиталын камтуучу жалпы күндөлүк актив­дерди түшүндүрөт.

Айланма каражаттар.