Difference between revisions of "АЙДАРЫМ АРАЛДАРЫ"
м (1 версия) |
м (→top: категория кошуу) |
||
(8 intermediate revisions by 7 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЙДАРЫМ АРАЛДАРЫ,''' К а р и б а р а л д а р ы (англисче Windward Islands, испанча Islas Barlovento) – Кариб деңизиндеги аралдар тобу, Кичи Антил аралдар архипелагынын чыгыш бөлүгү. Вест Индияда, Виргиния <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> Тринидад аралдарынын аралыгында жайгашкан. Ири аралдары: Гваделупа, Мартиника, Доминика, Гренада, Сент‑Винсент, Антигуа ж. б. Рельефи тоолуу (эң бийик жери 1447 ''м,'' Доминика аралында). Аракеттеги жанар тоолор бар. Тропиктик климат өкүм сүрөт. Бал камыш, цитрус өсүмдүктөрү, кофе, какао, банан плантациялары бар. Айдарым аралдарында жайгашкан өлкөлөр: ''Антигуа жана Барбуда, Гренада, Доминика, Сент‑Винсент жана Гренадина, Сент‑Люсия,'' ошондой эле Улуу Британия, Франция, Нидерланддын ээликтери бар. Жалпы аянты 6 миң ''км<sup>2</sup>.'' Калкы 1,7 млн (2009). Негизги шаарлары – Фор‑де‑Франс (Мартиника аралында), Пуэнт‑а‑Питр <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> Бас‑Тер (Гваделупа аралында), Кастри (Сент‑Люсия аралында). Аралдардын түндүк-чыгыш пассат шамалына карата ачык жайгашуусунан улам ушундай аталып калган.<br> | |||
[[Категория:1-Том]] |
08:41, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЙДАРЫМ АРАЛДАРЫ, К а р и б а р а л д а р ы (англисче Windward Islands, испанча Islas Barlovento) – Кариб деңизиндеги аралдар тобу, Кичи Антил аралдар архипелагынын чыгыш бөлүгү. Вест Индияда, Виргиния жана Тринидад аралдарынын аралыгында жайгашкан. Ири аралдары: Гваделупа, Мартиника, Доминика, Гренада, Сент‑Винсент, Антигуа ж. б. Рельефи тоолуу (эң бийик жери 1447 м, Доминика аралында). Аракеттеги жанар тоолор бар. Тропиктик климат өкүм сүрөт. Бал камыш, цитрус өсүмдүктөрү, кофе, какао, банан плантациялары бар. Айдарым аралдарында жайгашкан өлкөлөр: Антигуа жана Барбуда, Гренада, Доминика, Сент‑Винсент жана Гренадина, Сент‑Люсия, ошондой эле Улуу Британия, Франция, Нидерланддын ээликтери бар. Жалпы аянты 6 миң км2. Калкы 1,7 млн (2009). Негизги шаарлары – Фор‑де‑Франс (Мартиника аралында), Пуэнт‑а‑Питр жана Бас‑Тер (Гваделупа аралында), Кастри (Сент‑Люсия аралында). Аралдардын түндүк-чыгыш пассат шамалына карата ачык жайгашуусунан улам ушундай аталып калган.