Difference between revisions of "АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК-АЙМАКТЫК БӨЛҮНҮШ"
м (1 версия) |
м (→top: категория кошуу) |

(10 intermediate revisions by 6 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК-АЙМАКТЫК БӨЛҮНҮШ''' а й м а к т ы к ‑ б а ш к а р у у б и р д и г и – мамлекеттердин аймактарын бөлүктөргө – облустарга, провинцияларга, губернияларга, департаменттерге ж. б. ажыратуу; мамлекеттик механизмди, айрыкча мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарынын натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу максатында уюштурулат. Ал мыйзам тарабынан жөнгө салынып, эң маанилүү жактары конституцияда бекитилет. Администрациялык-аймактык бөлүнүштү түзүүдө экономикалык жана географиялык факторлор, социалдык, коммуникациялык, маданий жана тарыхый салттар, ошондой эле этностук фактор да эске алынат. Мисалы, Финляндияда финн жана швед тилдеринде сүйлөгөн калктар жашаган губернияларда мүмкүн болушунча бир тилдүүлүк принциби сакталган. Администрациялык-аймактык бөлүнүштөр бир звенолуу (Андорра, Литенштейн общиналары), эки звенолуу (Нидерланд провинциялары жана муниципалитеттери), үч звенолуу (Испаниянын автономиялык жамаатташтыгы жана муниципалитеттери), төрт звенолуу (Италия облусу, метрополитен шаарлары, провинциялары жана коммуналары) системаларга ажырайт. Чакан өлкөдө бир гана Администрациялык-аймактык бөлүнүш болушу мүмкүн (мисалы, Монако княздыгы). Айрым өлкөлөрдө (Армения, Австрия, Болгария) Администрациялык-аймактык бөлүнүштөрүнүн бардыгында эле жергиликтүү өзүн‑өзү башкаруу органдары түзүлө бербейт. Мисалы, Болгарияда община – негизги администрациялык-аймактык бирдик, анда жергиликтүү өзүн‑өзү башкаруу ишке ашырылат; ал эми облус – региондук саясатты жүргүзүүчү, жер‑жерлерде мамлекеттик башкарууну ишке ашыруучу, улуттук жaна жергиликтүү кызыкчылыктарды эске алып, тең салмактуулукту сактоочу администрациялык-аймактык бирдик болуп саналат. Россияда администрациялык аймактык түзүлүшү РФтин субъектилеринин мыйзамдары боюнча жөнгө салынып, администрациялык-аймактык бирдиктери түрдүүчө аталат: край шаарлары, райондор, райондук шаарлар, шаар райондору, айыл кеңештери (бир нече айыл‑кыштакты камтыйт), посёлоктор (жумушчу, курорт, дача посёлоктору). Кыргызстан төмөнкү администрациялык-аймактык бирдиктерге бөлүнөт: облус, район, айыл өкмөтү, шаар (шаар району кошо), шаарча (2012‑жылдан дээрлик бардыгы жоюлган) жанa айыл‑кыштак. Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык өзгөрүүлөрдү киргизүү маселесин Жогорку Кеңеш чечип, Республиканын Президенти Жарлык (Указ) чыгарат. Администрациялык-аймактык бирдиктердин чек араларын аныктоодо калктын пикири эске алынат. | |||
''. Ө. Бараталиев.''

[[Категория:1-Том]] |
08:28, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК-АЙМАКТЫК БӨЛҮНҮШ а й м а к т ы к ‑ б а ш к а р у у б и р д и г и – мамлекеттердин аймактарын бөлүктөргө – облустарга, провинцияларга, губернияларга, департаменттерге ж. б. ажыратуу; мамлекеттик механизмди, айрыкча мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарынын натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу максатында уюштурулат. Ал мыйзам тарабынан жөнгө салынып, эң маанилүү жактары конституцияда бекитилет. Администрациялык-аймактык бөлүнүштү түзүүдө экономикалык жана географиялык факторлор, социалдык, коммуникациялык, маданий жана тарыхый салттар, ошондой эле этностук фактор да эске алынат. Мисалы, Финляндияда финн жана швед тилдеринде сүйлөгөн калктар жашаган губернияларда мүмкүн болушунча бир тилдүүлүк принциби сакталган. Администрациялык-аймактык бөлүнүштөр бир звенолуу (Андорра, Литенштейн общиналары), эки звенолуу (Нидерланд провинциялары жана муниципалитеттери), үч звенолуу (Испаниянын автономиялык жамаатташтыгы жана муниципалитеттери), төрт звенолуу (Италия облусу, метрополитен шаарлары, провинциялары жана коммуналары) системаларга ажырайт. Чакан өлкөдө бир гана Администрациялык-аймактык бөлүнүш болушу мүмкүн (мисалы, Монако княздыгы). Айрым өлкөлөрдө (Армения, Австрия, Болгария) Администрациялык-аймактык бөлүнүштөрүнүн бардыгында эле жергиликтүү өзүн‑өзү башкаруу органдары түзүлө бербейт. Мисалы, Болгарияда община – негизги администрациялык-аймактык бирдик, анда жергиликтүү өзүн‑өзү башкаруу ишке ашырылат; ал эми облус – региондук саясатты жүргүзүүчү, жер‑жерлерде мамлекеттик башкарууну ишке ашыруучу, улуттук жaна жергиликтүү кызыкчылыктарды эске алып, тең салмактуулукту сактоочу администрациялык-аймактык бирдик болуп саналат. Россияда администрациялык аймактык түзүлүшү РФтин субъектилеринин мыйзамдары боюнча жөнгө салынып, администрациялык-аймактык бирдиктери түрдүүчө аталат: край шаарлары, райондор, райондук шаарлар, шаар райондору, айыл кеңештери (бир нече айыл‑кыштакты камтыйт), посёлоктор (жумушчу, курорт, дача посёлоктору). Кыргызстан төмөнкү администрациялык-аймактык бирдиктерге бөлүнөт: облус, район, айыл өкмөтү, шаар (шаар району кошо), шаарча (2012‑жылдан дээрлик бардыгы жоюлган) жанa айыл‑кыштак. Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык өзгөрүүлөрдү киргизүү маселесин Жогорку Кеңеш чечип, Республиканын Президенти Жарлык (Указ) чыгарат. Администрациялык-аймактык бирдиктердин чек араларын аныктоодо калктын пикири эске алынат.
. Ө. Бараталиев.