Difference between revisions of "АВИАЦИЯ ОТУНУ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:25, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы
– учуучу аппараттын кыймылдаткычынын күйүү камерасына жылуулук энергиясын алуу максатында аба м-н кошо киргизиле турган күйүүчү зат. Ал авиация б е н з и н и [бышкектүү (поршендүү) кыймыл даткыч үчүн ] ж-а реактивдүү отун (газ-турбиналуу кыймылдаткыч үчүн) болуп бөлүнөт. Нефтиден алынат, мис., авиация бензини – бышкектүү авиациялык кыймылдаткыч үчүн ылайыкталган октандык саны жогору бензин. Реактивдүү отун авиакеросиндин негизинде иштелип чыгат. А. о. катары синтездик, криогендик ж. б. отундун түрлөрүн колдонуу б-ча изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. СССРде 1987-88жылдарда суюк бутан м-н Ми-8Т вертолётуна, ал эми 1988-90-жылдарда суюк суутек ж-а ме тан м-н Ту-155 самолётуна сыноолор жүргүзүлгөн. А. о. металл ж-а металл эмес материалдарды дат бастырбай, курамында мех. ко шулмалар, суу болбошу керек. А. о. таза күйүп ж-а бийиктиктеги төмөнкү темп-рада коюланбашы үчүн анын тоңуу чекити абдан төмөн болот.