Difference between revisions of "АБЫЛАЙ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
9-71>KadyrM
(Айырма жок)

18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы

, өз аты Абилмансур (1711–1781, Түш. Казакстан, Арыс жергеси) – казак элинин саясий ж-а мамл. ишмери; Орто жүз казактарынын султаны, казак ханы (1771-жылдан). 18-к-дын 30-ж-нын аягынан саясий иштерге аралаша баштаган. Жунгар хандыгынын баскынчылык согуштарына каршы күрөшкө жетекчилик кылган. 1740-ж. Абулмамбет хан м-н Оренбург администрациясында Россиянын букаралыгын кабыл алууга ант берген. 1742– 43-ж. калмактарга колго түшүп, Галдан Церендин туткунунда жаткан А-ды куткарып чыгууда К. Миллер жетектеген орус элчилиги чоң роль ойногон.1751–52-ж. А. Жунгар башкаруучуларынын ич ара жаңжалдарына кийлигишип, Давацинин бийликти тартып алышына көмөктөшүүгө аракет кылган. 1755-ж. Цин - Кытай империясынын Жунгариянын басып алышынан улам башталган Амирсананын көтөрүлүшүнө А. колдоо көрсөткөн. Казак конуштарына бир ирет кирип келген, Амирсананы кармап келүүгө жөнөтүлгөн Цин отряддарына А. Бөкөмбай баатыр м-н бирге сокку урган. 1757-ж. Амирсананын көтөрүлүшүнө колдоо көрсөтүүдөн натыйжа чыкпастыгына көзү жеткен А. Кытай м-н мамилени жөнгө салууга аргасыз болуп, Кытай императоруна элчилерин жөнөткөн ж-а Жунгар маселеси б-ча бейтараптыкты сактай тургандыгын билдирген. 18-к-дын 50–60-ж-нда Орто жүздөгү бийлик иш жүзүндө А. султандын колуна өткөн ж-а Абулмамбет хан номиналдуу гана башкаруучу болуп калган. А. Орто жүздөгү бийлигин чыңдаган соң 1760-ж-дын орто чендеринде кыргыздарга, Ташкентке ж-а Коконго жүрүш жаса ган. Анысы ийгиликсиз аяктап, жарадар бол гон А. Түркстандын жанындагы Кара-Тоого кайтьш келген, баласы туткунда калган. А. Коконго каршы Кытайдан жардам сурап, өз элчисин жөнөткөн. Император А-дан уулун аманатка беришин талап кылган. Аманатка жөнөтүлгөн Валини Кытай бийликтери кабыл албай, Абылайдын мындай аракетин атак-даңк издөө ка тары баалап, жардам көрсөтүүдөн баш тартышкан. 18-к-дын 60-ж-нда А-дын бийлиги Орто ж-а Улуу жүз казактарына тарап, Кичүү жүздүн хандары да аны м-н эсептеше баштаган.

1771-ж. Абулмамбет хан өлгөндөн кийин А. казак султандарынын катышуусу м-н хан шайланган. А. өтө каардуу башкаруучу болгон ж-а өлүм жазасына тартууну жеке өзү чечкен. Тыш кы саясатында Кытай ж-а Россиянын ортосунда ийкемдүү мамилени кармоого аракет кылган. Бухара ж-а Хива хандыктары м-н тыгыз байланыш түзгөн. Россия А-ды өзүнүн таасиринде кармаганга абдан далалаттанган. 1777-ж. орус бийликтери эгер А. кат жүзүндө кайрылса, анда хандык даражасын тааный тургандыгын билдиришкен. Ушуга байланыштуу А. уулу Тогумду Петербургга элчиликке жөнөткөн. Бирок Екатерина II А-дын Улуу ж-а Кичүү жүздөрдөгү бийлигин тааныгысы келбей, Орто жүздүн гана ханы деген грамотага кол коюп, жөнөтүп жиберген. Буга нааразы болгон А. Россияга ант берүүдөн баш тарткан. Бирок өзүлөрүнүн таасиринен чыгарып жиберүүдөн чочулаган орус бий ликтери жыл сайын Абылайга 300 рубль ж-а 200 пуд ун төлөп турууну чечишкен. Россиянын мындай аракеттерине карабастан, А. алар м-н мамилесин таптакыр үзүп салган. А. хан кыргыздарды өзүнө каратып алуу саясатына өт көн. 1774-ж., 1779–80-ж-дагы жортуулдарында А. хан кыргыздардан аманат алып, өзүнүн таа сиринде кармаганга аракет кылган. А-дын жортуулдарына каршы турган кыргыздар өз алдынчалыгын сактап калган. А. хан 1881-ж. Ташкенттен Түркстанга кайтып келаткан жолдо кайтыш болгон. Хандын сөөгү Түркстандагы Кожо Ахмед Йасавинин күмбөзүнүн жанына коюлган.
Ад.: История Казахстана. Т. 3. А., 2000; Казахскорусские отношения в XVI-XVIII вв. Сб. док. и материалов. А.-А., 1961.

Т.	Асанов.