Difference between revisions of "АБДЫКАДЫРОВ Рысбай"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
9-71>KadyrM
(Айырма жок)

18:34, 31 Март (Жалган куран) 2022 -деги абалы

Рыспай (12. 1. 1941, Ош обл., Кара-Кулжа р-ну, Кызыл-Булак айылы - 12. 9. 1994, Ош ш.) - белгилүү обончу ж-а ырчы. Көөнөрбөс обондору ж-а аргендей мукам үнү м-н өз кезегинде кыргыз музыка өнөрүнө бурулуш жасаган Кыргыз ССРинин эмг. сиң. арт. (1988).

60-ж. Кара-Кулжа элдик театрда, 1962-ж. райондук мад-т үйүндө, Жалал-Абад театрында иштеген. 1967-69-ж. Кыргыз мамл. филармониясында, 1971-ж. Ош пед. ин-тунун муз. ф-тин бүтүрүп, анда окутуучу, 1972-ж. Ош шаардык муз. окуу жайында, 1973-жылдан ОшМУнун

АБДЫКАДЫРОВ39.png

музыка ф-тинде эмгектенген. 1959-ж. «Түгөйүм», «Эсиңдеби», «Ой, бото көз», «Алмашым», «Өскөн жер», «Суусамыр», «Сагынам туулган жер сени», «Койчунун ыры» ж. б. көптөгөн мукамдуу обондорду жараткан. Бир топ шакирттерди (Ж. Алы
баев, И. Аманбаев ж. б.) тарбиялап, өз чыг-лык мектебин түзгөн. 1989-ж. «Ырларым - менин тагдырым», «Жолугарым билгемин» аттуу обондуу ырлар жыйнактары чыккан. 1994-ж. Жа-

лал-Абад ш-нда «Рыспай клубу» түзүлгөн (1994). 1994-ж. Ош филармониясына, Кара-Кулжа муз. мектебине ысымы ыйгарылган. 1997-ж. Ош фи-

лармониясынын алдына эстелиги орнотулган.ж. Ош ш-ндагы муз. мектепке ж-а көчөгө анын аты берилген. А. тууралуу Б. Боркеевдин «Рыспай» аттуу китеби жарык көргөн (2004), «Ырларым менин тагдырым» автобиографиялык видеофильм тартылган (1991). М. Оморова.