Difference between revisions of "АФГАН КОНФЛИКТИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
556-684>KadyrM
1 -сап: 1 -сап:
   (1979‒89) ‒ СССРдин аскерлеринин Афганистанга басып кирип, анын ички иштерине кийлигишүүсүнө байланыштуу келип чыккан согуштук жаӊжал. 1970-жылдын аягында Афганистан ири державалар — СССР ж-а АКШнын, о. эле коӊшу мамлекеттердин ортосундагы курч геосаясий атаандашуу чөйрөсүнө айланган. Сов. жетекчилик Афганистанда өз позициясын бекемдөөнү көздөгөн. Ошол эле учурда АКШ өкмөтү СССРдин Азиядагы таасиринин күчөшүнө жол бербөөгө аракеттенген. 1965-ж. СССР Мамл. коопсуздук комитетинин (МКК) жардамы м-н Афганистан Элдик Демократиялык партиясы уюшулуп (АЭДП), кийин ал экиге бөлүнгөн. «Хальк» тобун Н. М. Тараки, Х. Амин, ал эми «Парчам» тобун Б. Кармаль жетектеген. Мухаммед Дауддун өкмөтү АЭДПга кысым көрсөтүп, 1978-ж. 26-апрелде анын жетекчилерин камакка алган. Кийинки күнү Кабулдагы аскердик күчтөрдүн көтөрүлүшү башталып, Дауд үй-бүлөсү м-н өлтүрүлгөн. Ошентип, Афганистанда АЭДПнын бийлиги орногон. Жаӊы өкмөт СССРдин көрсөтмөсү м-н соц. өнүгүү жолуна түшкөн. Өлкөдө жүргүзүлө баштаган жер реформасы, динге каршы саясат жерг. көчмөн уруулардын нааразычылыгын пайда кылып, оппозициянын куралдуу каршылык көрсөтүүсү күч алган. Афган өкмөтү СССР м-н «Достук, кызматташтык ж-а ынтымак» тууралуу келишимге кол коюп (1978), Москвага таянган. АЭДПнын жетекчилеринин ич ара келишпестиктери да күчөп, Кармальдын тобу жеӊилген, ал өзү Чехословакия га элчиликке жөнөтүлгөн. Кийинчерээк Тараки (1979, октябрь) өлтүрүлүп, бийлик Х''. Аминге'' өткөн. Афганистандагы сов. атайын кызматтар дын маалыматтары б-ча, Аминдин өкмөтү башка өлкөлөр м-н да жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Натыйжада сов. жетекчилик Аминдин өкмөтүнө ишеним көргөзбөй калган. 1979-ж. 12-декабрда Л. И. ''Брежнев'' жетектеген КПСС БКнын Саясий бюросунун атайын комиссиясы Афганистан Демократиялык Республика сына (АДР) аскерлерди киргизүү тууралуу чечим кабыл алган. 16-декабрда 40-армиянын талаа башкармалыгы уюшулуп, запастан 50 миӊ жоокер чакырылган (негизинен О. Азиялык жерг. улуттардын өкүлдөрүнөн). Сов. аскерлер ди киргизүү 25-декабрда башталган. Кабулга түшүрүлгөн аба-десант дивизиясынын бөлүктөрү
   (1979‒89) ‒ СССРдин аскерлеринин Афганистанга басып кирип, анын ички иштерине кийлигишүүсүнө байланыштуу келип чыккан согуштук жаӊжал. 1970-жылдын аягында Афганистан ири державалар — СССР ж-а АКШнын, о. эле коӊшу мамлекеттердин ортосундагы курч геосаясий атаандашуу чөйрөсүнө айланган. Сов. жетекчилик Афганистанда өз позициясын бекемдөөнү көздөгөн. Ошол эле учурда АКШ өкмөтү СССРдин Азиядагы таасиринин күчөшүнө жол бербөөгө аракеттенген. 1965-ж. СССР Мамл. коопсуздук комитетинин (МКК) жардамы м-н Афганистан Элдик Демократиялык партиясы уюшулуп (АЭДП), кийин ал экиге бөлүнгөн. «Хальк» тобун Н. М. Тараки, Х. Амин, ал эми «Парчам» тобун Б. Кармаль жетектеген. Мухаммед Дауддун өкмөтү АЭДПга кысым көрсөтүп, 1978-ж. 26-апрелде анын жетекчилерин камакка алган. Кийинки күнү Кабулдагы аскердик күчтөрдүн көтөрүлүшү башталып, Дауд үй-бүлөсү м-н өлтүрүлгөн. Ошентип, Афганистанда АЭДПнын бийлиги орногон. Жаӊы өкмөт СССРдин көрсөтмөсү м-н соц. өнүгүү жолуна түшкөн. Өлкөдө жүргүзүлө баштаган жер реформасы, динге каршы саясат жерг. көчмөн уруулардын нааразычылыгын пайда кылып, оппозициянын куралдуу каршылык көрсөтүүсү күч алган. Афган өкмөтү СССР м-н «Достук, кызматташтык ж-а ынтымак» тууралуу келишимге кол коюп (1978), Москвага таянган. АЭДПнын жетекчилеринин ич ара келишпестиктери да күчөп, Кармальдын тобу жеӊилген, ал өзү Чехословакияга элчиликке жөнөтүлгөн. Кийинчерээк Тараки (1979, октябрь) өлтүрүлүп, бийлик Х''. Аминге'' өткөн. Афганистандагы сов. атайын кызматтардын маалыматтары б-ча, Аминдин өкмөтү башка өлкөлөр м-н да жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Натыйжада сов. жетекчилик Аминдин өкмөтүнө ишеним көргөзбөй калган. 1979-ж. 12-декабрда Л. И. ''Брежнев'' жетектеген КПСС БКнын Саясий бюросунун атайын комиссиясы Афганистан Демократиялык Республикасына (АДР) аскерлерди киргизүү тууралуу чечим кабыл алган. 16-декабрда 40-армиянын талаа башкармалыгы уюшулуп, запастан 50 миӊ жоокер чакырылган (негизинен О. Азиялык жерг. улуттардын өкүлдөрүнөн). Сов. аскерлерди киргизүү 25-декабрда башталган. Кабулга түшүрүлгөн аба-десант дивизиясынын бөлүктөрү маанилүү админ. объектилерге көзөмөл орноткон.
[[File:АФГАН КОНФЛИКТИ49.png | thumb | Афган согушунда курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган эстеликти ачуу аземи (Бишкек).]]
[[File:АФГАН КОНФЛИКТИ49.png | thumb | Афган согушунда курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган эстеликти ачуу аземи (Бишкек).]]
маанилүү админ. объектилерге көзөмөл орноткон. 27-декабрда СССР МККнын атайын бөлүктөрү Х. Амин отурган сарайга чабуул коюп, салгылашуу учурунда ал курман болгон. Анын ордуна Б''. Кармаль'' бийликке келген. 1980-ж. январдын ортосунда 40-армия толугу м-н Афганистанга киргизилген [аларга сов. аскерлердин Афганстандагы чектелген контингенти (САЧК) деген аталыш берилген]. Узакка созулган кармашууларга карабастан, оппозиция АЭДПнын режимин кулата алган эмес, ошол эле учурда АДР м-н САЧКнын бириккен күчтөрү оппозицияны жок кыла алган жок. Афганистанда бийликке М. ''Наджибулланын'' келиши (1986, май) м-н АЭДП жаӊы «улуттук жарашуу» саясатын баштаган ж-а тез арада согуштук аракеттерди токтотуп, сүйлөшүүлөргө барууну билдирген. Бирок, моджахеддердин лидерлери «толук жеӊишке жеткенге чейин» согушту уланта берүүнү чечкен. 1986-ж. февралда М. С. Горбачев афган тарап м-н бирдикте акырындык м-н сов. аскерлерди чыгарып кетүү ж-дө макулдашылганды гын билдирген. 1986-ж. күзүндө Афганистандан САЧКнын 6 полку чыгарылган. 1988-ж. 14-апрелде Женевада АКШ, СССРдин катышуусу м-н Афганистан ж-а Пакистандын ортосунда афган маселесин жөнгө салуу б-ча макулдашууга кол коюлган. Ага ылайык 1988-жылдын 15-майынан 1989-жылдын 15-февралына чейин сов. аскерлер Афганистан Респ-нан толук чыгарылган. 1992-жылдын 1-январынан СССР м-н АКШ афган өкмөтүнө ж-а моджахеддерге согуштук жардам көрсөтүүнү токтотушкан. СССРдин Афганистандагы жоготуулары 14,5 миӊ кишини түзгөн. Афганистандагы согуштук аракеттерге катышкан ж-а эрдик көрсөткөн 200 миӊден ашык аскер кызматчылары орден, медалдар м-н сыйланышкан; 66 аскер кызматкерине Сов. Союз. Баатыры наамы ыйгарылган. Кырг-ндан САЧКнын катарында 7330 жоокер кызмат өтөп, 259 киши курман болгон, төртөө дайынсыз жоголгон (Кудайбергенов Нурбек Шамшидинович, Ха
27-декабрда СССР МККнын атайын бөлүктөрү Х. Амин отурган сарайга чабуул коюп, салгылашуу учурунда ал курман болгон. Анын ордуна Б''. Кармаль'' бийликке келген. 1980-ж. январдын ортосунда 40-армия толугу м-н Афганистанга киргизилген [аларга сов. аскерлердин Афганстандагы чектелген контингенти (САЧК) деген аталыш берилген]. Узакка созулган кармашууларга карабастан, оппозиция АЭДПнын режимин кулата алган эмес, ошол эле учурда АДР м-н САЧКнын бириккен күчтөрү оппозицияны жок кыла алган жок. Афганистанда бийликке М. ''Наджибулланын'' келиши (1986, май) м-н АЭДП жаӊы «улуттук жарашуу» саясатын баштаган ж-а тез арада согуштук аракеттерди токтотуп, сүйлөшүүлөргө барууну билдирген. Бирок, моджахеддердин лидерлери «толук жеӊишке жеткенге чейин» согушту уланта берүүнү чечкен. 1986-ж. февралда М. С. Горбачев афган тарап м-н бирдикте акырындык м-н сов. аскерлерди чыгарып кетүү ж-дө макулдашылганды гын билдирген. 1986-ж. күзүндө Афганистандан САЧКнын 6 полку чыгарылган. 1988-ж. 14-апрелде Женевада АКШ, СССРдин катышуусу м-н Афганистан ж-а Пакистандын ортосунда афган маселесин жөнгө салуу б-ча макулдашууга кол коюлган. Ага ылайык 1988-жылдын 15-майынан 1989-жылдын 15-февралына чейин сов. аскерлер Афганистан Респ-нан толук чыгарылган. 1992-жылдын 1-январынан СССР м-н АКШ афган өкмөтүнө ж-а моджахеддерге согуштук жардам көрсөтүүнү токтотушкан. СССРдин Афганистандагы жоготуулары 14,5 миӊ кишини түзгөн. Афганистандагы согуштук аракеттерге катышкан ж-а эрдик көрсөткөн 200 миӊден ашык аскер кызматчылары орден, медалдар м-н сыйланышкан; 66 аскер кызматкерине Сов. Союз. Баатыры наамы ыйгарылган. Кырг-ндан САЧКнын катарында 7330 жоокер кызмат өтөп, 259 киши курман болгон, төртөө дайынсыз жоголгон (Кудайбергенов Нурбек Шамшидинович, Харитонов Евгений Иванович, Зимонтовский Петр Алексеевич, Кочкоров Орозали Токтоназарович). Жалал-Абад обл-нун тургуну ''Исламов'' Юрий Вериковичке өлгөндөн кийин Сов. Союз. Баатыры наамы ыйгарылган. Афганистанда кызмат өтөгөн ардагерлер, майыптар, курман болгондордун үй-бүлөлөрүн бириктирип, алардын ар кыл маселелерин чечүүгө жардам берип келген «Афган согушунун ардагерлеринин республикалык Кеӊеши» коомдук уюму 1996-жылдан иш жүргүзүүдө. 1999-ж. өлкөбүзгө террорчулар кол салган учурда Афган согушунун ардагерлеринин Кеӊешинин демилгеси м-н ардагер-афганчылардан ыктыярдуу «А» батальону уюшулуп, Мекенибизге коркунуч туулуп турган кырдаалда өзүлөрүн чыныгы патриоттор экендигин көрсөтүштү. Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн ичинен алгачкылардан болуп афган согушунда курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган эстелик тургузулган.<br>Ад.: Война в Афганистане. М., 1991; ''Громов Б. В.'' Ограниченный контингент. М, 1994; ''Никитенко Е. Г.'' Афганистан: От войны 80-х до прогноза новых войн. М., 2004; Ооганстанда курман болгон жоокерлерди эскерүү китеби ‒ Книга памяти воинов, погибших в Афганистане, Б., 2003.
ритонов Евгений Иванович, Зимонтовский Петр Алексеевич, Кочкоров Орозали Токтоназарович). Жалал-Абад обл-нун тургуну ''Исламов'' Юрий Вериковичке өлгөндөн кийин Сов. Союз. Баатыры наамы ыйгарылган. Афганистанда кызмат өтөгөн ардагерлер, майыптар, курман болгондордун үй-бүлөлөрүн бириктирип, алардын ар кыл маселелерин чечүүгө жардам берип келген «Афган согушунун ардагерлеринин республикалык Кеӊеши» коомдук уюму 1996-жылдан иш жүргүзүүдө. 1999-ж. өлкөбүзгө террорчулар кол салган учурда Афган согушунун ардагерлеринин Кеӊешинин демилгеси м-н ардагер-афганчылар дан ыктыярдуу «А» батальону уюшулуп, Мекенибизге коркунуч туулуп турган кырдаалда өзүлөрүн чыныгы патриоттор экендигин көрсөтүштү. Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн ичинен алгачкылардан болуп афган согушунда курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган эстелик тургузулган.<br>
''Н. Төрөбеков, А. Орозов.''<br>
Ад.: Война в Афганистане. М., 1991; ''Громов Б. В.'' Ограниченный контингент. М, 1994; ''Никитенко Е. Г.'' Афганистан: От войны 80-х до прогноза новых войн. М., 2004; Ооганстанда курман болгон жоокерлерди эскерүү китеби ‒ Книга памяти воинов, погибших в Афганистане, Б., 2003. ''Н. Төрөбеков, А. Орозов.''<br>
 

09:38, 27 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 (1979‒89) ‒ СССРдин аскерлеринин Афганистанга басып кирип, анын ички иштерине кийлигишүүсүнө байланыштуу келип чыккан согуштук жаӊжал. 1970-жылдын аягында Афганистан ири державалар — СССР ж-а АКШнын, о. эле коӊшу мамлекеттердин ортосундагы курч геосаясий атаандашуу чөйрөсүнө айланган. Сов. жетекчилик Афганистанда өз позициясын бекемдөөнү көздөгөн. Ошол эле учурда АКШ өкмөтү СССРдин Азиядагы таасиринин күчөшүнө жол бербөөгө аракеттенген. 1965-ж. СССР Мамл. коопсуздук комитетинин (МКК) жардамы м-н Афганистан Элдик Демократиялык партиясы уюшулуп (АЭДП), кийин ал экиге бөлүнгөн. «Хальк» тобун Н. М. Тараки, Х. Амин, ал эми «Парчам» тобун Б. Кармаль жетектеген. Мухаммед Дауддун өкмөтү АЭДПга кысым көрсөтүп, 1978-ж. 26-апрелде анын жетекчилерин камакка алган. Кийинки күнү Кабулдагы аскердик күчтөрдүн көтөрүлүшү башталып, Дауд үй-бүлөсү м-н өлтүрүлгөн. Ошентип, Афганистанда АЭДПнын бийлиги орногон. Жаӊы өкмөт СССРдин көрсөтмөсү м-н соц. өнүгүү жолуна түшкөн. Өлкөдө жүргүзүлө баштаган жер реформасы, динге каршы саясат жерг. көчмөн уруулардын нааразычылыгын пайда кылып, оппозициянын куралдуу каршылык көрсөтүүсү күч алган. Афган өкмөтү СССР м-н «Достук, кызматташтык ж-а ынтымак» тууралуу келишимге кол коюп (1978), Москвага таянган. АЭДПнын жетекчилеринин ич ара келишпестиктери да күчөп, Кармальдын тобу жеӊилген, ал өзү Чехословакияга элчиликке жөнөтүлгөн. Кийинчерээк Тараки (1979, октябрь) өлтүрүлүп, бийлик Х. Аминге өткөн. Афганистандагы сов. атайын кызматтардын маалыматтары б-ча, Аминдин өкмөтү башка өлкөлөр м-н да жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Натыйжада сов. жетекчилик Аминдин өкмөтүнө ишеним көргөзбөй калган. 1979-ж. 12-декабрда Л. И. Брежнев жетектеген КПСС БКнын Саясий бюросунун атайын комиссиясы Афганистан Демократиялык Республикасына (АДР) аскерлерди киргизүү тууралуу чечим кабыл алган. 16-декабрда 40-армиянын талаа башкармалыгы уюшулуп, запастан 50 миӊ жоокер чакырылган (негизинен О. Азиялык жерг. улуттардын өкүлдөрүнөн). Сов. аскерлерди киргизүү 25-декабрда башталган. Кабулга түшүрүлгөн аба-десант дивизиясынын бөлүктөрү маанилүү админ. объектилерге көзөмөл орноткон.
Афган согушунда курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган эстеликти ачуу аземи (Бишкек).
27-декабрда СССР МККнын атайын бөлүктөрү Х. Амин отурган сарайга чабуул коюп, салгылашуу учурунда ал курман болгон. Анын ордуна Б. Кармаль бийликке келген. 1980-ж. январдын ортосунда 40-армия толугу м-н Афганистанга киргизилген [аларга сов. аскерлердин Афганстандагы чектелген контингенти (САЧК) деген аталыш берилген]. Узакка созулган кармашууларга карабастан, оппозиция АЭДПнын режимин кулата алган эмес, ошол эле учурда АДР м-н САЧКнын бириккен күчтөрү оппозицияны жок кыла алган жок. Афганистанда бийликке М. Наджибулланын келиши (1986, май) м-н АЭДП жаӊы «улуттук жарашуу» саясатын баштаган ж-а тез арада согуштук аракеттерди токтотуп, сүйлөшүүлөргө барууну билдирген. Бирок, моджахеддердин лидерлери «толук жеӊишке жеткенге чейин» согушту уланта берүүнү чечкен. 1986-ж. февралда М. С. Горбачев афган тарап м-н бирдикте акырындык м-н сов. аскерлерди чыгарып кетүү ж-дө макулдашылганды гын билдирген. 1986-ж. күзүндө Афганистандан САЧКнын 6 полку чыгарылган. 1988-ж. 14-апрелде Женевада АКШ, СССРдин катышуусу м-н Афганистан ж-а Пакистандын ортосунда афган маселесин жөнгө салуу б-ча макулдашууга кол коюлган. Ага ылайык 1988-жылдын 15-майынан 1989-жылдын 15-февралына чейин сов. аскерлер Афганистан Респ-нан толук чыгарылган. 1992-жылдын 1-январынан СССР м-н АКШ афган өкмөтүнө ж-а моджахеддерге согуштук жардам көрсөтүүнү токтотушкан. СССРдин Афганистандагы жоготуулары 14,5 миӊ кишини түзгөн. Афганистандагы согуштук аракеттерге катышкан ж-а эрдик көрсөткөн 200 миӊден ашык аскер кызматчылары орден, медалдар м-н сыйланышкан; 66 аскер кызматкерине Сов. Союз. Баатыры наамы ыйгарылган. Кырг-ндан САЧКнын катарында 7330 жоокер кызмат өтөп, 259 киши курман болгон, төртөө дайынсыз жоголгон (Кудайбергенов Нурбек Шамшидинович, Харитонов Евгений Иванович, Зимонтовский Петр Алексеевич, Кочкоров Орозали Токтоназарович). Жалал-Абад обл-нун тургуну Исламов Юрий Вериковичке өлгөндөн кийин Сов. Союз. Баатыры наамы ыйгарылган. Афганистанда кызмат өтөгөн ардагерлер, майыптар, курман болгондордун үй-бүлөлөрүн бириктирип, алардын ар кыл маселелерин чечүүгө жардам берип келген «Афган согушунун ардагерлеринин республикалык Кеӊеши» коомдук уюму 1996-жылдан иш жүргүзүүдө. 1999-ж. өлкөбүзгө террорчулар кол салган учурда Афган согушунун ардагерлеринин Кеӊешинин демилгеси м-н ардагер-афганчылардан ыктыярдуу «А» батальону уюшулуп, Мекенибизге коркунуч туулуп турган кырдаалда өзүлөрүн чыныгы патриоттор экендигин көрсөтүштү. Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн ичинен алгачкылардан болуп афган согушунда курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган эстелик тургузулган.
Ад.: Война в Афганистане. М., 1991; Громов Б. В. Ограниченный контингент. М, 1994; Никитенко Е. Г. Афганистан: От войны 80-х до прогноза новых войн. М., 2004; Ооганстанда курман болгон жоокерлерди эскерүү китеби ‒ Книга памяти воинов, погибших в Афганистане, Б., 2003.

Н. Төрөбеков, А. Орозов.