Difference between revisions of "АМПЕР ЗАКОНУ"
| (4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АМПЕР ЗАКОНУ''' – магнит индукциясынын вектору ''В'' менен мүнөздөлгөн магнит талаасына жайгаштырылган ''I'' тогу өтүүчү өткөргүчтүн △ᒐ бөлүгүнүн узундугуна таасир этүүчү механикалык күчтү аныктоочу закон: ''F = kIB △ᒐ'' sin α , мында α магнит индукциясы менен токтун элементинин '''''IΔᒐ'''''арасындагы бурч. Вектордук Ампер закону ''d,F = [IdᒐᐧB|'' түрүндө жазылат. Бул закон 1820-жылы ачылган. Француз физиги ''Ампер F'' күчүнүн чондугу ток күчүнө (/) таасир эткен магнит талаасынын индукциясына ''(В)'' жана ток өтүп жаткан өткөргүчтүн магнит талаасын каптаган узундугуна ''(△ᒐ)'' пропорциялаш экендигин далилдеген. △''F'' вектору ток өтүүчү өткөргүчкө жана магнит индукциясынын векторуна перпендикуляр болот. Ампер күчүнүн F багыты ''сол кол эрежеси'' менен аныкталат. Ар түрдүү электр кыймылдаткычтар (моторлор), электр тогунун чоңдуктарын өлчөөчү приборлордун айрым түрлөрүнүн иштөөсү Ампер күчүнө негизделген.

[[Категория:1-Том]] | |||
17:47, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку версиясы
АМПЕР ЗАКОНУ – магнит индукциясынын вектору В менен мүнөздөлгөн магнит талаасына жайгаштырылган I тогу өтүүчү өткөргүчтүн △ᒐ бөлүгүнүн узундугуна таасир этүүчү механикалык күчтү аныктоочу закон: F = kIB △ᒐ sin α , мында α магнит индукциясы менен токтун элементинин IΔᒐарасындагы бурч. Вектордук Ампер закону d,F = [IdᒐᐧB| түрүндө жазылат. Бул закон 1820-жылы ачылган. Француз физиги Ампер F күчүнүн чондугу ток күчүнө (/) таасир эткен магнит талаасынын индукциясына (В) жана ток өтүп жаткан өткөргүчтүн магнит талаасын каптаган узундугуна (△ᒐ) пропорциялаш экендигин далилдеген. △F вектору ток өтүүчү өткөргүчкө жана магнит индукциясынын векторуна перпендикуляр болот. Ампер күчүнүн F багыты сол кол эрежеси менен аныкталат. Ар түрдүү электр кыймылдаткычтар (моторлор), электр тогунун чоңдуктарын өлчөөчү приборлордун айрым түрлөрүнүн иштөөсү Ампер күчүнө негизделген.