Difference between revisions of "АЗОР АРАЛДАРЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АЗОР АРАЛДАРЫ''' – Атлантика океанындагы 9 жанар тоо аралынан (эң чоңу – Сан‑Мигел аралы) жана бир нече рифтен турган архипелаг. Пиреней жарым аралынан батыш тарапта; Португалиянын автономиялуу району. Батыштан чыгышка карай 644 ''км''ге созулат. Аянты 2,3 миң ''км2.'' Калкы 246,7 миң (2011). Рельефи тоолуу; бийиктиги 2351 ''м''ге (Пику аралында) жетет. Фумаролдор, ми­нералдуу жана термалдык булактары бар. Жер титирөө көп болот. Климаты субтропиктик, океандык. Капталдарында субтропиктик тоо токою жана бадалдар (лавр, каштан, арча ж. б.) өсөт. Банан плантациялары, цитрус өсүмдүктөрү, жүзүм өстүрүлөт. Ири шаарлары жана порт­тору: Понта‑Делгада, Ангра‑ду–Эроишму, Орта.
'''АЗОР АРАЛДАРЫ''' – Атлантика океанындагы 9 жанар тоо аралынан (эң чоңу – Сан‑Мигел аралы) жана бир нече рифтен турган архипелаг. Пиреней жарым аралынан батыш тарапта; Португалиянын автономиялуу району. Батыштан чыгышка карай 644 ''км''ге созулат. Аянты 2,3 миң ''км2.'' Калкы 246,7 миң (2011). Рельефи тоолуу; бийиктиги 2351 ''м''ге (Пику аралында) жетет. Фумаролдор, ми­нералдуу жана термалдык булактары бар. Жер титирөө көп болот. Климаты субтропиктик, океандык. Капталдарында субтропиктик тоо токою жана бадалдар (лавр, каштан, арча жана башкалар) өсөт. Банан плантациялары, цитрус өсүмдүктөрү, жүзүм өстүрүлөт. Ири шаарлары жана порт­тору: Понта‑Делгада, Ангра‑ду–Эроишму, Орта.
[[Категория:1-Том]]

14:13, 26 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку версиясы

АЗОР АРАЛДАРЫ – Атлантика океанындагы 9 жанар тоо аралынан (эң чоңу – Сан‑Мигел аралы) жана бир нече рифтен турган архипелаг. Пиреней жарым аралынан батыш тарапта; Португалиянын автономиялуу району. Батыштан чыгышка карай 644 кмге созулат. Аянты 2,3 миң км2. Калкы 246,7 миң (2011). Рельефи тоолуу; бийиктиги 2351 мге (Пику аралында) жетет. Фумаролдор, ми­нералдуу жана термалдык булактары бар. Жер титирөө көп болот. Климаты субтропиктик, океандык. Капталдарында субтропиктик тоо токою жана бадалдар (лавр, каштан, арча жана башкалар) өсөт. Банан плантациялары, цитрус өсүмдүктөрү, жүзүм өстүрүлөт. Ири шаарлары жана порт­тору: Понта‑Делгада, Ангра‑ду–Эроишму, Орта.