Difference between revisions of "«АКБЕРМЕТ» поэмасы"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
(13 intermediate revisions by 6 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
кыргыздын элдик поэмалары­нын бири. Акбермет Карагул кызынын өмүр баяны ж‑а анын чыгармалары ж‑дө маалымат берет. Аны алгач фольклор жыйноочу К. Миф­таков 1923‑ж. Талас өрөөнүндө элдик оозеки чыгармаларды жыйнап жүргөн учурда жолук­туруп, өмүр баянын, чыгармаларын жазып ал­ган. Акбермет Карагул кызы 1899‑ж. төрөлүп, балалыгы оор турмушта өтөт. Анын ырлары негизинен арман мотивинде айтылып, бакты­сыз балалыгы, чыркырап күйгөн жаштыгы, теңсиз турмушу образдуу көркөм сүрөттөлөт.
'''«АКБЕРМЕТ»''' – кыргыз элдик поэмалардын бири. Поэмада Акбермет Карагул кызынын өмүр баяны <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> анын чыгармалары жөнүндө маалымат берет. Акбермет Карагул кызы 1899‑жылы төрөлүп, балалыгы оор турмушта өтөт. Анын ырлары негизинен арман мотивинде айтылып, бакты­сыз балалыгы, чыркырап күйгөн жаштыгы, теңсиз турмушу образдуу көркөм сүрөттөлгөн.

Аны алгач фольклор жыйноочу К. Миф­таков 1923‑жылы Талас өрөөнүндө элдик оозеки чыгармаларды жыйнап жүргөн учурда жолук­туруп, өмүр баянын, чыгармаларын жазып ал­ган. К. Мифтаковдон кийин Акберметтин пенделик тагдырына, акындык өнөрүнө эч ким кызыкпаган окшойт. Акберметтин акындык өнөрү туурасында айтсак, андан жазылган чыгармалардын ичинде кошоктор, арман, сүйүү ырлары бар. Жалпысынан алганда анын чыгармаларынын бардыгы өз башынан өткөн армандуу күндөрүн чагылдырат. Атасы өлгөндө (11 жашта болгон) чыгарган кошогу кошок жанрынын бардык талаптарына жооп берет. Кошок бүткөн бир ойду берип, бир адамдын өмүрүн толук баяндаган чыгарма экени көрүнөт.
[[Категория:1-Том]]

15:59, 2 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку версиясы

«АКБЕРМЕТ» – кыргыз элдик поэмалардын бири. Поэмада Акбермет Карагул кызынын өмүр баяны жана анын чыгармалары жөнүндө маалымат берет. Акбермет Карагул кызы 1899‑жылы төрөлүп, балалыгы оор турмушта өтөт. Анын ырлары негизинен арман мотивинде айтылып, бакты­сыз балалыгы, чыркырап күйгөн жаштыгы, теңсиз турмушу образдуу көркөм сүрөттөлгөн.